Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Сапар Исаков Сочиде КМШ жана ЕАЭБ саммиттерине катышууда


Сочиден Сапар Исаковду Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды
Сочиден Сапар Исаковду Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн 11-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкө башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына барды.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБ алкагында мамлекет аралык кызматташтык маселелери тууралуу талкуу болот.

Сочинин эл арадык аэропортунда Сапар Исаковду Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, КМШ уставдык органдарынын алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков бар.

Сочи жыйынына президент Алмазбек Атамбаев бармак. Бирок 9-октябрда анын аппаратынын маалымат кызматы "шайлоо күнү айрым саясатчылар кылмыш дүйнөсүн колдонуп чет мамлекеттердеги саясатчылардын каржылоосу менен массалык башаламандык чыгарууга даярдык көрүп жатканы тууралуу аныкталган фактыларды эске алып, президент өлкөдөгү тартипти жана коопсуздукту жеке көзөмөлүнө алуу үчүн Сочиге пландалган жумушчу сапарынан баш тартты" деген билдирүү тараткан.

2-октябрда "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаевди УКМК 30-сентябрда кармап, камакка алган. Ал "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганы маалымдалган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG