Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Чек арада адам тыгыны азайды


"Кыргыз казак чек арасы.
"Кыргыз казак чек арасы.

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү чек ара бекеттериндеги абалды жакшыртуу боюнча келишимге кол койду. Ага ылайык, 19-октябрдан тарта жөө жүргүнчүлөрдү чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү тартиби киргизилди. Бирок жүк ташыган автоунаалардын көйгөйү чечиле элек.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак жол” өткөрмө бекетиндеги адамдардын тыгыны 19-октябрда азайды. Буга чейин бекетте жүздөгөн адамдар бир нече сааттап кезек күтүп, автоунаалардын тыгыны бир нече аралыкка жетсе, бүгүн жолоочулардын саны аз. Муну жүргүнчүлөр да белгилешти:

- Кечээкиге караганда абал жакшырды. Күткөн машинелер азайды. Абал жакшы жагына өзгөргөнүн байкадык. Негизи эле кадимки режимди эмне себептен өзгөрткөнүнө түшүнбөйбүз. Ушинтип сүрмө топ кылып текшерүүнүн кимге кереги бар эле.

Чек арадагы жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү шартын жеңилдетүү чечими 19-октябрда Астанадагы кыргыз жана казак өкмөт башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган эле. Казакстандын борборуна жумушчу сапар менен барган премьер-министр Сапар Исаков баштаган кыргызстандык делегация коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуп, атайын келишимге кол койгон.

Келишимде өткөрмө бекеттеги жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил жана эл ташыган унааларды биринчи кезекте өткөрүү каралган.

Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Анткен менен негизинен жүк ташуучу автоунаалар каттаган “Ак тилек” өткөрмө бекетиндеги абал өзгөрүүсүз калууда. Андагы автоунаалардын кезеги бир нече чакырымга жетет. Айдоочулардын бири Бактияр бир суткада жарым чакырымга жылганын айтууда:

- Абал өзгөрүүсүз калып жатат. Бир аз машинелер жылгансыды, бирок аябай эле жай. Түндө 500 метрдей эле жылдык. Күтүп коюп отурабыз.

Жүк ташуучу унааларды өткөрүүдөгү көзөмөлдү жеңилдетүү боюнча эки өлкө ортосунда биринчи вице-премьер министрлер жетектеген жумушчу топ түзүлдү. Бул топ беш күндүн ичинде чек арадагы бардык маселелерди чечүүнүн жол картасын иштеп чыгышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов төмөнкүлөрдү билдирди:

- Дагы талкуулай турган бир нече маселе калды. Буга байланыштуу биздин делегациянын бир бөлүгү Казакстанда калды. Эртең аларга мен да барып кошулам. Андан соң беш күндүн ичинде казак-кыргыз чек арасындагы абалды жакшыртуу боюнча атайын протокол иштеп чыгып, макулдашып, кабыл алышыбыз керек.

Чек арада адам тыгыны азайды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Ошол эле кезде казак тарап Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатканын билдирип чыкты. Бул маселе кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусунда каралганын казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев айтты:

- Мисалы, биздин бажы органдары кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын аныкташууда. Мындан Казакстандын экономикасы түздөн-түз чыгымга учурап жатат. Бул маселени кыргыз тарап да моюнуна алды. Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын ЕАЭБ алдындагы милдеттенмелерин так аткарууга жана биримдиктин экономикалык кызыкчылыктарын сактоого байланышкан маселени чечүүгө кепилдик берди.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG