Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Чек арадагы кырдаалдан ишкерлер жапа чекти


"Ак-жол" бекети, 18-октябрь, 2017-жыл
"Ак-жол" бекети, 18-октябрь, 2017-жыл

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерге чектөөлөрдүн кедергиси эки өлкө ортосундагы соода-сатыкка тийип, азык-түлүк, эл керектөөчү товарлардын баасы өсүп жатат. Бул жагынан ишкерлер менен кыргыз өкмөтүнүн Экономика министрлигинин пикирлери үндөш чыгууда.

Таластык ишкер Акыл Байматов Казакстанга жер-жемиш ташып эмгектенет. Ал чек арадагы көзөмөл күчөгөнү эч себепсиз кыйынчылыкка туш болуп жатканын айтууда.

Акылдын айтымында, "Чоң-Капка" өткөрмө бекети аркылуу Казакстанга жөнөгөн чоң унаага жүктөлгөн кара өрүктү коңшу өлкөнүн тиешелүү кызматтары негизсиз артка кайтарган:

- Беш күндөн бери бир машинемди өткөрө албай, акырында казак чек арачыларына 100 миң тенге берип жатып араң өткөргөнбүз. Бирок чек аранын ары жагындагы Гродниково деген жерге дагы бир пост коюп алышыптыр. Ал жерден машине ашыкча жүк салган деп негизсиз эле айып салды. Аны төлөсөк, Фитокарантиндик кызматы биздин сертификатты айрып ыргытып, кайра артка жиберди.

Акыл Байматов мындай мамилеге туш болгондор көп экенин айтууда.

Чек ара: тизилген унаалар, чарчаган эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

Дал ушундай абал чек арадагы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүгө терс таасирин тийгизип жатканын Жаш ишкерлер ассоциациясынан кабарлашууда. Аталган ассоциацияга мүчө болгон ишкерлер тарткан чыгымдары боюнча маалымат берип, жардам сурап жатат.

Бирикменин аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, эң ириде орто жана чакан бизнес чыгымга учурап жатат:

- Дал ушул абалдан орто жана чакан бизнес жабыр тартып жатат. Мисалы, ошол эле айыл чарба продукцияларын сатуу менен алектенген ишкерлер кайрылып жатышат. Алар бат бузулчу жер-жемиштерди даярдап алып, чек арадан өткөрө албай турат. Аны кайра ички рынокто да сатуу кыйын болуп калды. Ошондой эле курулуш тармагындагы материалдарды Орусиядан Кыргызстанга алып келе албай, милдеттенмелерди өз мөөнөтүндө аткара албай калган ишкерлер болууда. Казакстандык чек арачылар Кыргызстанга делген материалдарды өткөрбөй жатышыптыр.

Пакыров мындан сырткары тигүү тармагындагы, "Дордой" базарында соода кылгандар убара тартып жатканын кошумчалады.

Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири "Дордойдон" дүңүнөн соода кылгандардын басымдуу бөлүгүн казакстандык кардарлар түзөт. Чек ара кризиси жаралганы кардарлардын саны кескин азайды. Аталган базардын профсоюздук уюмунун төрайымы Дамира Дөөталиеванын маалыматында, сооданын күзгү сезону үзгүлтүккө учурады:

- Октябрь-ноябрь кышкы кийимдерди, курткаларды сатуучу убакыт. Бизден дүңүнөн казакстандыктар сатып алып кетчү. Эми ошол сезон үзгүлтүккө учурап жатат. Ошондуктан, президент, премьер-министрге кат жазып жатабыз. Бизнес өкүлдөрү чогулуп, казак бийликтерине кайрылдык. Буга чейин шайлоо өтүп кетсин, үч-төрт күн чыдап коёлу деп жатканбыз. Бирок шайлоо өткөнү менен абал оңолбой эле, кайра күчөп жатат.

“Дордой”: чек ара көйгөйү сооданы солгундатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

Кыргызстандык ишкерлер чек арадагы кырдаалга байланыштуу канча чыгым тартканы расмий түрдө эсептелине элек. Экономика министрлиги чыгымдарды эсептөөнү 18-октябрда баштаганын жарыялады.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, чыгымдар эсептелбегени менен соода жүгүртүүгө терс таасири бир топ эле болду:

- Ишкерлер аркылуу чыгымдарды саноого аракет кылып жатабыз. Жаңы эле баштадык. Бир-эки күн ичинде маалыматтар пайда болот. Бирок чек аранын жабылышы эркин соодага кедергесин тийгизип, биз эле эмес, коңшу өлкөгө эле терс таасири болуп жатат.

Ал эми "Бизэксперт" аналитикалык борборунун эксперти Айнура Чекированын айтымында, алгачкы эсептөөлөр боюнча Казакстан менен иш алып барган компаниялар 10 миң доллардан кем эмес чыгымга учурады:

- Учурда маалымат чогултуп жатабыз. Учурда чек арада кармалган унааларды санап, анкеталарды бергенбиз. Алгачкы эсеп боюнча Казакстан менен иш алпарган ар бир ишканага 10 миң доллардай түз чыгым болду. Бул алдын ала эле. Дагы эсептеп, канча чыгым келгенин билүү үчүн күтүп турушубуз керек.

Ошол эле учурда ишкерлер чек арадагы маселе жөнгө салынбаса өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунучу туулат деп тынчсызданышууда. Ишкерлердин айтымында, Казакстан аркылуу ташылган күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк продуктуларынын кымбатташы мүмкүн.

Бул жаатта кырдаал көзөмөлдө экенин айткан экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев мындай коркунуч бар экенин четке какпайт:

- Азык-түлүк коопсуздугуна кирген продукцияларды карасак тиешелүү көлөмдө запастар бар. Анын баасы кескин түрдө өсүп кетет деген кооптонууга деле негиз жок. Бирок бул кырдаалды тезинен чечүүгө аракет көрүшүбүз керек. Антпесе азык-түлүк менен катар дары-дармек жана башка күнүмдүк керектелчү товарларды камсыздоону карашыбыз керек болот.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген.

18-октябрда болсо чек арадагы кырдаалды сүйлөшүү үчүн премьер-министр Сапар Исаков Астанага барган. Өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгуловдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, кыргыз-казак премьер-министрлеринин жолугушуусунда сүйлөшүү болду.

Мунун негизинде 19-октябрдын алгачкы мүнөттөрүнөн тарта эки өлкөнүн ортосундагы чек ара бекеттеринде бул тартип иштей баштайт. Ага ылайык чек арадан

- жөө адамдар;
- эл ташыган автоунаалар;
- жеңил автоунаалар;
- бош жүк ташуучу автоунаалар киргизилет.
Бирок ичинде жүгү бар автоунаалар кандай тартипте кирери азырынча белгисиз.

Астанага Атамбаевдин жообу, Исаковдун сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:37 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG