Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:18

Киров суу сактагычын оңдоо кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу эмес. Бул тууралуу 18-октябрда "Азаттыкка" айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев билдирди.

Министрлик кечээ суу сактагычты оңдоо үчүн андагы суунун баары агызылат деп кабарлаган. Муну соңку казак-кыргыз мамилесине байланыштыргандар да болгон. Талас облусунда жайгашкан Киров суу сактагычындагы суунун 88 пайызын Казакстан колдонот.

Оңдоо иштерин жүргүзүү зарылчылыгы

Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Киров суу сактагычы оңдолору тууралуу казак тарапка айтылган жана ремонт мурдатан бери пландалып жаткан:

- Суу сактагычтагы суунун баарын агызып туруп ремонтту башташыбыз керек. Ушул айда планга кирген эле. Биз бул тууралуу Казакстанга да эскертип, маалымат бергенбиз.

Киров суу сактагычы.
Киров суу сактагычы.

Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаменти сууну агызуу 19-октябрда башталарын кабарлады. Департаменттин жетекчиси Көкүмбек Таштаналиев суу сактагычтагы ири ремонт ар үч жылда бир жолу жүргүзүлүп турарын, бирок былтыр сугат мезгилинен кийин суу көп калгандыктан оңдоо жүргүзүлбөй калганын айтып берди:

- Суу сактагычтын авариялык бөгөгүчтөрүн бир жылда же эки жылда бир алмаштырып туруш керек. Былтыр плотинанын жетекчилигинен конустук бекиткичтин желим чыңдагычын алмаштырыш керек деген сунуш түшкөн. Былтыр сугат маалы бүткөндө 100-120 миң куб метр суу калган. Ошондуктан мындай ремонт иштерин былтыр пландаштыра алган жокпуз. Быйылкы жылы вегетациялык мезгилдин аягында суу азыраак, 30 миллион куб метр суу калганына байланыштуу бир ай мурда эле сунуштамалар түшкөн. Суунун баарын агызып текшерип, оңдой турган жерлеринин баарын оңдоп, желим чыңдагычты алмаштырыш керек.

Киров суу сактагычына 550 миллион куб метрге чейин суу батат жана анын дээрлик көбүн, тактап айтканда, 88 пайызын Казакстан, калган 12 пайызын Талас облусунун Манас району пайдаланат.

Казакстан жыл сайын 70 миллион теңгеге ремонт иштерин бүтүрүп берет. Кыргызстан бул сумма аз экенин дайыма айтып келе жатканын Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев билдирди:

- Биз казак кесиптештерибизге бул стратегиялык объект экенин, эки мамлекетке тең кызмат кылып жатканын, ошондуктан ремонтко кеткен акчаны кеминде 120 миллион теңгеге чыгарыш керек деп айтып келебиз. Жакында жолугушуулар болгон, ошондо сунуштама киргиздик. Эмдиги жылкыга маселени коюп пландаштырып жатабыз. Ушул маселе дагы жакында чечилет деген ойдобуз.

Казакстан сууну агызууга даяр

Ал арада Казакстан Киров сактагычынан суунун агызылышына даяр экенин билдирүүдө. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Руслан Иманкуловго шилтеме жасап кабарлады.

Анын айтымында, Казакстанга Кыргызстан тараптан Киров суу сактагычынан бүгүнтөн тарта суу коё берилери тууралуу маалымат берилген жана алар буга даяр.

Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан тарап секундасына 100 куб метр суу чыгарыларын убада кылууда, ал эми казак тараптын суу агуучу нугу секундасына 200 куб метр сууну кабыл алууга даяр.

Суу сактагычтын Казакстан үчүн мааниси кандай?

Суу сактагычтын Казакстандын Жамбыл облусунун айыл чарбасында мааниси чоң экенин белгилеген кыргызстандык академик Жамин Акималиев Астана өлкөнүн түштүгү Кыргызстандан барган суудан көз каранды экенин түшүнүшү керек деп эсептейт:

- Сугат суусу айыл чарбанын каны да. Бул суу сактагыч болбосо Жамбыл облусу куурап, эч бир түшүм ала албай калат. Мына, казак туугандар сегиз күндөн бери чек арасын жаап коюп бизге экономикалык блокада кылып, биздин дыйкандар азап тартып жатат. Суу боюнча Казакстандын түштүгү жүз пайыз бизден көз каранды. Жүз миңдеген гектар жер биздин суу менен сугарылат. Жамбыл облусу Казакстандын түштүгүндөгү бай облустардын бири. Ошол байлыктын баары биздин суу менен алынып жатат. Илгери союздун тушунда суу сактагычтар ушинтип курулап калган да.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган. Адистердин айтымында, суу тосмолору кеминде 100 жылга чейин чыдайт жана ири 12 баллдык жер титирөөгө да туруштук берет. Ошондой эле Киров суу сактагычы сейрек суу сактагыч болуп эсептелет. Анткени дүйнөдө мындай курулуш эки эле жерде: Бразилия менен Кыргызстанда гана бар жана италиялык окумуштуунун долбоору менен курулган.

Киров суу сактагычына байланыштуу маселе мындан алты жыл мурун да көтөрүлгөн. Ошол учурда айрым казак депутаттары суу сактагычтагы коопсуздукту көзөмөлдөөнү Казакстан алып, атүгүл куралчан аскерлери менен келип кайтарышы керектигин деп айтып чыгышкан.

Анын алдында Жамбыл облусундагы Тараз шаарынын тургундары суу сактагыч жарылат экен деп, бир сыйра дүрбөлөңгө да түшкөн эле. Кыргызстандык адистер суу сактагычтын абалы мыкты экенин айтышкан жана Советтер союзунун тушунда жер титирөөдөн суу тосмолоруна ири жарака кеткен деген сөздөрдү четке кагышкан.

Апрель ыңкылабынан кийин кыргыз бийликтери суу сактыгычты кыска мөөнөткө бууган. Өлкө бийлиги расмий түрдө суу сактагыч оңдоо иштерине байланыштуу жабылганын билдирген. Бирок муну саясий чечим катары баалагандар болгон. Анткени ошол учурда Казакстан чек арасын бекем жаап алып, өлкөнүн экономикасы алсырап, чек арадан өтүү жана товар ташуу дээрлик токтоп алган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG