Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Казакстан Киров сактагычынан суунун агызылышына даяр


Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Руслан Иманкуловго шилтеме жасап кабарлады.

Анын айтымында, Казакстанга Кыргызстан тараптан Киров суу сактагычынан бүгүнтөн тарта суу коё берилери тууралуу маалымат берилген жана алар буга даяр.

Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан тарап секундасына 100 куб метр суу чыгарыларын убада кылууда, ал эми казак тараптын суу агуучу нугу секундасына 200 куб метр сууну кабыл алууга даяр.

Кыргызстандын Айыл жана суу чарба министрлиги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Киров суу сактагычынан суу 18-сентябрдан тарта агызыла баштарын кечээ билдирген.

Киров суу сактагычынын 90% жакын кубатын Казакстан пайдаланат. Айыл жана суу чарба министри Нурбек Мурашев бүгүн андан суу агызуу чечими пландуу иш жана кыргыз-казак чек арасындагы азыркы кырдаалга эч байланышы жок деп ырастады.

Кыргыз-казак чек арасында жарандардын жана жүк тарткан унаалардын топтолуусу 10-октябрдын кечинен бери байкалууда.

Бул көрүнүш президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди. (UE)

XS
SM
MD
LG