Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстандын чек араларындагы аткезчиликтен улам Казакстан зыян тартууда. Мындай маселени казак премьер-министри Еревандагы Евразия экономикалык жыйынында көтөрүп чыкты.

Чек арадагы көзөмөлдүн күчөшүнө байланыштуу мамилеси салкындаган Кыргызстан менен Казакстандын кезектеги кайым айтышы бажыдагы аткезчилик маселесине такалды.

Евразия экономикалык биримдигинин Еревандагы жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев кыргыз тарапты бажыдагы аткезчиликти көзөмөлгө албайт деп айыптады. Сагинтаевдин эсебинде, Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстандагы аткезчилик айынан 1,8 миллиард доллар жоготкон. Анын ичинен Казакстан 212 миллион долларга жакын зыян тарткан.

Ошондой эле казак премьери Кыргызстан Кытайдан кирген импорттун көлөмүн атайлап кыскартып жатат деп сындап, далил катары эки өлкөнүн статистикалык органдарындагы айырмачылыкты келтирди:

- Кытайдын тышкы экспорт боюнча статистикасынын маалыматтарына ылайык, 2015-жылы Кыргызстанга экспорттун көлөмү 4,3 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы экспорт боюнча статистикасында бул сан бир миллиард доллар деп көрсөтүлгөн. Ортодогу айырмачылык 3,3 миллиард долларды түзөт. Ал эми 2016-жылы болсо айырмачылык 4,1 миллиард доллар болду.

Бакытжан Сагинтаев буга байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл күчөтүлүп, ал алгачкы жыйынтыктарды берип жатканын кошумчалады. Анын айтымында, көзөмөлдүн күчөшү аткезчиликти азайтуудан башка максатты көздөбөйт. Мындай жол менен казак тарап аткезчилик жүйөсү аркылуу акыркы 15 күндөн бери чек арада жаралган жагдайды Евразия экономикалык биримдиктин башка мүчөлөрүнө түшүндүргөндөй болду.

Бажыдагы текшерүү
Бажыдагы текшерүү

Ага чейин Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков чек арада көзөмөлдүн күчөтүлүшү Бажы биримдигинин эрежелерине каршы келет деген маселе көтөргөн эле. Ошондуктан аткезчилик боюнча Казакстандын айыбына кыргыз өкмөтү дароо жооп кайтарды.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, импорттогу айырмачылык боюнча маселе Кыргызстанга эле тиешелүү эмес:

- Эсепке алынбай калган импорттун маселеси Кыргызстанга эле тиешелүү эмес. Ал Евразия экономикалык биримдикке кирген бардык мамлекеттерде бар. Ошондуктан маселе Кыргызстанда эле деп айтуу туура эмес. Эгер Кытай менен Казакстандын статистикасындагы айырмачылыктарды карай турган болсок, дал ушундай эле абалды көрө алабыз. Мисалы, 2015-жылдын жыйынтыгы менен Кытай Казакстанга импорттун көлөмүн 8,5 миллиард доллар деп көрсөтсө, Казакстан импорттун көлөмүн 5 миллиард доллардын айланасында деп көрсөткөн.

Артем Новиков
Артем Новиков

Новиков акыркы жылдары деле мындай кырдаал өзгөрбөгөнүн белгилеп, казак тараптын аткезчилик боюнча айыптары негизсиз экенин билдирди. Ошентип ЕАЭБге кирген эки өлкө чек арадагы маселени аткезчиликке байлап, кайым айтышты улантууда. Бирок бул кырдаал Кыргызстанда Кытай менен көмүскө соода көлөмү жана бажы кызматындагы маселелерди кошо козгоду.

Бир катар саясатчылар менен активисттер өлкө бийлигин бул тармактагы маселеге көңүл буруп, бажыдагы жемкордукка каршы күрөштү күчөтүү талабын коюп жатышат.

Маселен, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков жаралган кырдаалдан жыйынтык чыгарып, Бажы тармагын реформалоо зарыл экенин белгилейт:

- Казак тараптын бажыдагы проблемаларды эки мамлекеттин ортосундагы пикир келишпестикке себеп катары пайдаланып жатышы объективдүү эмес. Анткени мындай проблеманы казак тарап мурдатан эле билчү. Бирок азыр өз ыңгайына жараша колдонуп жатат. Экинчи жагынан биз эмне кылышыбыз керек? Биз бажы тармагы эле эмес, бардык мамлекеттик органдарды реформалап, мындай терс көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүү зарыл.

Ал эми бажыдагы кырдаалды Казакстан саясий максатта колдонуп жатканын айткан мурдагы вице-премьер Олег Панкратов айтылган ар бир маалыматты текшерип чыгуу зарыл деген пикирде:

- Казак премьеринин билдирүүсүн статистиканын оюну катары бааласак болот. Эгер объективдүү бололу десек, Евразия экономикалык биримдигинин аймагына көмүскө жол менен кирген товарлар Казакстан аркылуу да кирет. Ошондуктан Казакстан учурда саясий максат менен катар экономикалык прагматизм деп аталган ыкманын негизинде жаралган кырдаалдан пайда табууну көздөөдө.

Казакстан 10-октябрдан тарта чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашына чектөө киргизген. Кийин жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен, бирок жүктөрдү өткөрүү маселеси чечиле элек.

Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканы белгилүү болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG