Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Алтын аткезчилигинин Индиядагы изи


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Делинин аба майданында ири өлчөмдөгү акча менен кармалып, алтын аткезчилигине шектелген кыргызстандык аялды жана анын кызын сот эки аптага камакка алганын билдирди.

Индиянын Бажы кызматы кармалган кыргызстандык эки жаран ири көлөмдөгү алтын куймасын аткезчилик жол менен Кыргызстандан Индияга алып барып сатканын моюнга алды деп кабарлаган.

Кыргызстандын Бажы кызматы ири көлөмдөгү алтынды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетип, Индияга алып барып сатуу байкалбай калышы мүмкүн эмес экенин айтууда.

Талдоочулар Кыргызстанда өндүрүлгөн куйма товардык алтынды уурулук жолдор менен өлкөдөн чыгарып, чет өлкөлөрдө саткан көмүскө аткезчилик канал бар деп эсептешет.

Делинин аэропортундагы кармоо

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 20-август күнү Индиянын Индира Ганди аба майданында Кыргызстандын 56 жаштагы жараны Зухра Балтабаева "Эйр Манас" компаниясынын учагы менен Делиден Бишкекке учаарда аткезчиликке шектелип кармалган.

Башында анын жанынан жана тапшырылган жүгүнөн 1 миллион доллардан ашуун акча каражаты табылганы жарыяланган. Аэропорттун Бажы кызматы "кыргызстандык аял ал акча аткезчилик жол менен Индияга алып келинген ири көлөмдөгү куйма алтынды сатуудан түшкөн каражат экенин моюнуна алды" деп маалымат берген.

Иллюстрация
Иллюстрация

Паспорттук маалыматтарына ылайык, Делинин аэропортунан кармалган аял Ош облусунун Кара-Суу районунан экени аныкталган. Буга чейин Индиядагы кыргыз элчилиги жагдайдан кабар алып, кармалган кыргыз жарандарына укуктук көмөк көрсөтүүнү уюштурган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева кармалган жарандын жагдайы боюнча буларга токтолду:

- Биздеги алдын ала маалымат боюнча ал аял мына ошол жакка барып алтын сатчу экен. Бул жолу алтынын сатып, андан түшкөн акчасын алып Кыргызстанга кайтууну көздөп, Делинин аэропортуна Бишкекке учуу үчүн келгенде кармалып калыптыр. Ал тергөөгө бул акчанын таржымалы каяктан экени туурасында мына ошондой түшүндүрмө берген экен. Ал акчаны декларациядан өткөрбөгөн окшойт. Акчанын кайсы бир бөлүгү жанынан, дагы бир бөлүгү багажынан табылыптыр. Анан биздин консулдар андан кабар алганы барып, анан биздин элчилик ага адвокат издеп, ал жактагы Жогорку соттун адвокатын макулдатыптыр. Мындан башка документ жүзүндө ырасталган маалымат жок. Биз дагы бул жагдайды байкап турабыз.

Түшүнүксүз жагдайлар

Ошол эле учурда Индиянын Бажы кызматы аталган кыргызстандык аялдын кызы дагы мейманканадан кармалганын жарыялап, анын жанынан табылган акчаны кошкондо жалпы суммасы эки миллион АКШ долларына (2, 01, 172 USD) барабар экени көрсөтүлгөн .

Делинин аэропортунан кармалган Зухра Балтабаева менен анын кызынын баш коргоо чарасы 22-август күнү каралып, сот тергөө иши аяктаганга чейин аларды эки жумага камакка алуу боюнча бөгөт чарасын колдонгон чечим кабыл алганы белгилүү болду.

“Индиянын Бириккен жаңылыктары” (UNI) агенттигинин журналисти Сачин Будхаулиа “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде анын өлкөсү дүйнөдө алтынды эң көп керектеген өлкө болгону менен азыр алтынды аэропорттон аткезчилик жол менен алып кирүү оор экенин белгилеп, мына буларга токтолду:

- Бул азыр адаттагы көрүнүш эмес. Мурда балким ар кандай адамдар ар кайсы өлкөдөн Индияга мыйзамсыз жолдор менен алтын алып киришчү. Бирок азыр коопсуздук чаралары күчөгөндүктөн, мындай нерсени жасоо, Индиянын аймагына алтынды мыйзамсыз алып келүү кыйын. Биз дагы азыр расмийлерден так маалыматты күтүп жатабыз. Себеби бул инциденттин версиялары көп. Балким кыргызстандык аялдын алтын аткезчилигине Индия тараптан бажы департаментинен, аэропорт кызматкерлеринен жардам бергендер болгон. Бул мүмкүн, аны жокко чыгарууга болбойт. Иштин табияты жөнүндө расмийлердин так жана кеңири маалыматынан кийин гана айта алабыз. Кыргызстандык аялдын аэропортто кармалганы тууралуу расмий пресс-релиз тараткан мекеме - Индустриалдык коопсуздук боюнча борбордук кызмат менен мен да байланыштым, алар "пресс-релиздеги маалымат туура, бирок бул инциденттин чоо-жайын, эмне болгонун, кантип болгонун баштапкы иликтөө аяктагандан кийин гана айта алабыз, ага чейин күткүлө" деп коюшту, - деди индиялык журналист Сачин Будхаулиа.

Анын айтымында, учурда Индиянын Бажы кызматы ири көлөмдөгү алтын куймасы кандай аткезчилик жолдор менен ал жакка жеткирилгенин жана кандайча сатылганы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.​

Кыргыз тарап расмий териштирүүнү баштай элек

Делиде кармалган аял ири көлөмдөгү куйма алтынды Кыргызстандан алып барганы ырас болсо, анда ал аэропорттогу бажы жана чек ара көзөмөлүнөн кандайча өткөнү белгисиз. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана Каржы полициясы бул чуулгандуу окуяны расмий түрдө териштирүүгө кирише элек.

Алтын куймасынын каяктан алынышы мүмкүн экени дагы азырынча белгисиз. Анткени Индиянын бул ишти иликтеген тиешелүү органдары окуя боюнча толук маалыматтарды кыргыз тарапка берише элек.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басары Курманбек Исаков бул жагдайды иликтөөнүн негизги шарттары тууралуу төмөндөгүдөй жооп берди:

- Биз эгерде Тышкы иштер министрлиги аркылуу суроо-талап келип түшсө, ал аялдын кайсы чек ара өткөрмөсү аркылуу кандайча чыкканын маалымат базасынан карап, териштирип бере алабыз. Бирок бизге азырынча бул боюнча суроо-талап түшө элек. Бизге Тышкы иштер министрлиги кайрылып, жазгандан кийин ага карата расмий түрдө жооп беребиз. Негизи биз чек арадан чыгып бараткан же келаткан жарандардын документтерин эле текшеребиз. Анан эми алардын алып чыгып бара жаткан же алып келген жүгүн Бажы кызматы текшерет. Тыюу салынган буюмдар же контрабандалык товарлар боюнча көзөмөл жүргүзүү толук Бажы кызматы менен аэропорттогу коопсуздук кызматынын моюнунда. Аларды биз текшербейбиз. Алтынды кандай ташып өтүү жагын биз текшербейбиз. Аны Бажы кызматынан сураш керек. Биз адамдардын документтерин гана текшерип, алардын чек арадан өтүп-өтпөгөнүн гана ырастап бере алабыз.

Акчанын ортосундагы айырма

Кыргызстандык аялдын Нью-Делидеги Индира Ганди эл аралык аэропортунун үчүнчү терминалында ири суммадагы акча менен кармалышынын чоо-жайы индиялык медиада улам толукталып чыгууда. Индия жаңылыктар агенттигинин (ANI) жазганына караганда, Зухра Балтабаеванын өзүнөн, багажынан жана кармалган кызынын жанынан алынган акчанын жалпы суммасы эки миллион доллардан ашат.

Ошондой эле Индия жаңылыктар агенттиги кармалган аял 4,472 килограмм алтын алып келип сатканын, анын мейманканадан кармалган кызы 3, 383 килограмм алтынды мыйзамсыз алып киргенин моюнга алышканын маалымдаган.

Бажы кызматындагы айрым бир таасирдүү кызмат адамдары бул алтын аткезчилиги менен байланышы бар деп шек саноого негиз берет. Бул ишти текшере келгенде дагы бир топ чатак жагдайлар ачыкка чыгышы мүмкүн.
Базарбай Мамбетов

Индия медиасынын маалыматы боюнча аэропорттон акча менен кармалган кыргызстандык аял жана анын кызы аткезчилик жол менен алып барды деген алтындын жалпы көлөмү 8 кило 200 граммга барабар. Бул дүйнөлүк биржалардагы бүгүнкү баа боюнча 400 миң АКШ долларына жакын каражат (1 унций - 1290 АКШ доллар). Демек кыргызстандык аял мыйзамсыз алып барганын моюнга алды деген алтындын көлөмү менен андан табылды деген акчанын ортосунда ажырым бар.

Мамлекеттик Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов Делиде кармалган аял абалын жеңилдетүү үчүн жалган көрсөтмө берип жатышы мүмкүн экенин билдирди:

- Менин жеке оюмча, бул Кыргызстанга ташып алып келүүгө ылайыкталган жашыруун акча болушу мүмкүн. Анан ал аял кармалып калганда кантип жооп беришти билбей, анан алтын саткам деп жалган көрсөтмө берген болсо керек. Азыр тергөө иштери башталып жаткан соң ал аял чынында эле акчаны каяктан алганы анык болот да. Биздин аэропорттор аркылуу мына ошончо көлөмдөгү алтынды алып чыгып кете албайт болчу. Эки миллион долларлык алтынды аткезчилик жол менен алып чыгып кетүү оңой эмес. Бул эми мына ошол аялдын көрсөтмөсүнө негизделген жөн эле такталбаган маалымат болушу мүмкүн. Биздин кызматкерлер ошончо көлөмдөгү алтынды жаап-жашырып чыгарып жибергидей башы экөө эмес. Ал жерде УКМК кызматкерлери дагы көзөмөлдөп карап турушат. Ошолордун баарына байкатпай, алтынды сыртка чыгарып жиберүү деген болушу мүмкүн эмес. Жаап-жашырып эч качан чыгарып кете алмак эмес. Бул башка жактан чыгып, анан Кыргызстанга жашыруун жолдор аркылуу киргизүүгө аракет жасаган акча болушу ыктымал.

"Манас" аба бекети.
"Манас" аба бекети.

“Манас Эйр” авиакомпаниясынын учагы менен Бишкекке учууну көздөгөн эки кыргызстандык аялда, Индия медиасынын коопсуздук кызматына шилтеме берип кабарлашынча, Бишкек-Дели жана Дели-Бишкек авиа каттамдары аркылуу учууга билеттери болгон. "Эйр Манас" авиакомпаниясынын башкы кеңсесиндеги ысымын атагысы келбеген өкүлү жагдай тууралуу суроолор кагаз жүзүндө гана кабыл алынарын айтып, расмий түрдө кайрылууну талап кылды:

- Бул тууралуу бизге жазуу түрүндө почта аркылуу суроо-талап жөнөтсөңүз жазуу түрүндө жооп берели. Мына ошондо гана расмий түрдө жооп берилет. Мындай маалыматтарга оозеки түрдө жооп берүүгө болбойт. Биз жазуу түрүндө жасалган кайрылууларга гана жооп бере алабыз.

Көмүскө каналга түшкөн шек

Анткен менен талдоочулар арасында Кыргызстанда алтын куймасын жашыруун жолдор аркылуу чет өлкөлөргө алып чыгып саткан көмүскө аткезчилик каналдары бар экени тууралуу такталбаган маалыматтар болуп келген. Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов бул тууралуу төмөндөгүчө ой бөлүштү:

- Индияда аткезчилик жол менен сатылган алтындын ири өлчөмдөгү акчасы менен кармалган биздин жарандын жагдайы өлкөдөн алтынды каалагандай сыртка чыгаруу көрүнүшү бар экенин ырастап отурат. Бул чатак тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен ырастала турган болсо, анда ал мына ошол көмүскө каналдын бар экенин тастыктайт. Мунун бардыгы бул каналдын көмүскө иш-аракеттери көнүмүш адатка айланып калганынан кабар берет. Бажы кызматы мына ошондой нерселерге жол бербей катуу караш керек болчу. Ага каршы тура албаган соң, биздин Бажы кызматындагы айрым бир таасирдүү кызмат адамдары бул алтын аткезчилиги менен байланышы бар деп шек саноого негиз берет. Бул ишти текшере келгенде дагы бир топ чатак жагдайлар ачыкка чыгышы мүмкүн. Анткени аткезчилик жол менен сыртка чыгарылган алтындан 20 пайыздык экспорттук пошлина дагы алынбайт. Мына ушундай уурулук жол менен аны сыртка алып чыгып соодалоо иши жолго коюлуп калганы байкалат. Анан дагы мына ошол алтындын каяктан алынганы дагы суроо жаратат. Мүмкүн ал уурулук жол менен алынышы да мүмкүн.

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

Ошол эле кезде бул эки өлкөнүн ортосунда алтын аткезчилиги болушу мүмкүн деген пикирдеги талдоочулар Кыргызстан алтын өндүрүүчү өлкө болсо, Индия алтынды көп иштеткен, товардык жана зер алтын буюмдарынын дүйнөлүк базарына айланган борборлордун бири экенин белгилешүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG