Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:27

Каржы министрлиги өлкөдөгү зер буюмдардын 80 пайыздан ашууну чет жактан аткезчилик менен ташылып жатканын билдирип чыкты.

Маселе 10-майда парламентте көтөрүлүп, баалуу металлдар менен таштардан жасалган зер буюмдарды, аткезчилик менен ташып, жүгүрткөндөргө жазаны күчөтүү сунушталды.

Бишкектин зер базарларында негизинен Кытай, Орусия, Индия, Италия, Түркия, Дубайдан келген жана жергиликтүү зергерлердин колунан чыккан буюмдар сатылат. Кыргызстандын өзүндөгү алтын-күмүштөн даярдалгандар чет элдик өндүрүшкө караганда бир аз арзан, бирок анын сапаты кардарларды канааттандырбайт. Базарда зер буюм карап жүргөн Шарипа аттуу бишкектик тургун кыргыз алтыны деп алган сөйкөсү карайып кеткенин, андыктан чет элдик өндүрүшкө басым жасарын айтты:

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

- Алтын карайбашы керек эле. Совет кезинде салдырган тиштерим азыр да жаркырап турат. Булар алтын деп алдап сатышканы менен алган буюмуң бир жылга жетпей бузулуп, өңү кетип жатпайбы. Текшерип алгам, бат эле кейпи кетип калды. Кээ бирлери өтө жука, катуу кармасаң сынып калат. Демек, башка кошулмасы бар да.

Анткен менен биз сөзгө тарткан сатуучулар "алтынга башка металлдар кошулат" деген дооматка макул эмес. Өзүн Айнагүл деп тааныштырган соодагер зер буюмдары кардарлардын көзүнчө текшерилип, алар анын накта баалуу таш экенине ынаган соң сатып алышарын билдирди:

- Бизде жасалма болушу мүмкүн эмес. Анткени зергерлерден текшерип туруп алабыз. Баалуу таштар департаменти да бизди тыкыр, тынымсыз текшерип турат.

Ошол эле учурда жергиликтүү эмес, чет элдик зер буюмдарын гана сатабыз деп, аты-жөнүн ачык айтпаган эки соодагер кыргызстандык өндүрүштөн даярдалган буюмдардын көбүнүн 40 пайызга жакыны гана алтын болорун айтышты.

Зер буюмдар маселесин Жогорку Кеңеш 10-майдагы отурумунда талкуулады. Талкуу Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун алкагында жүрдү.

Каржы министринин орун басары Алмаз Азимовдун жыйында билдиргенине караганда, өлкөдө зер буюмдардын 80 пайыздан ашууну сырттан аткезчилик менен ташылып келүүдө, муну текшерүүлөр жыл сайын көргөзүп жатат. Мыйзам чегинде 5 миң сом айыппул салуу натыйжа бербегенин ​Азимов кошумчалады:

- Бул мыйзам долбоору 2014-жылы өкмөт тарабынан бекитилип киргизилгенде, биз жазананы көбөйтүүнү сунуштаганбыз. Бирок азыркы долбоордо ал пунктту алып салдык. Айыппулдун өлчөмү ошол эле бойдон калды. Айыппулду көтөрүү аракети натыйжа бербейт, ошондуктан мыйзам бузгандарды кылмыш жообуна тартуу жагы каралууда.

Сунушталган мыйзам долбоорунун максатын "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев минтип түшүндүрдү:

- 2014-жылдын биринчи кварталында зер буюмдарын саткан 106 объект текшерилип, анын 94үндө мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Бул мыйзам долбоору баалуу таштар операцияларын көзөмөлдөөгө багытталган.

Талкуу учурунда депутаттар өкмөт дарегине зер базардагы абалды жөнгө салуу, жергиликтүү зергерлерди колдоо, аткезчилик менен күрөшүү чаралары дээрлик жокко эсе деген сын айтышты. Спикер Чыныбай Турсунбеков аткезчиликтен атамекендик өндүрүш жабыркап жатканына токтолду:

- Мындан он жыл мурун эле алтын-күмүш буюмдарын өзүбүздүн атамекендик өндүрүштөн чыккан материалдардан даярдоо керектигин зергердик ассоциациялар, ишкерлер көтөрүп чыккан. Тилекке каршы, өкмөт тиешелүү иштерди аткарабыз дегени менен азыркыга чейин маанилүү кадам жасай элек.

Акаевди айланган Кумтөрдүн миллиондору

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Акылбек Жапаров алтынга аралашкан кыңыр иштерге ошол кезде өлкө башында тургандардын тиешеси бар деп эсептейт.

Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы Ишкерлерди өнүктүрүү фондунун төрагасы Чыңгыз Макешов кыргызстандык зергерлер шарт жоктугунан аткезчиликке барып жатканын белгиледи:

- 2011-жылы атайын сунуш менен чыгып, алтын-күмүшкө болгон акциздик салыкты 25 пайыздан нөлгө түшүргөнбүз. Күмүштөн кошумча нарк салыгын алдыртканбыз. Ошондон тартып азыркы кезге чейин зергерчиликтен мамлекеттик казынага 6 миллион сомдон 80 миллион сомго чейин киреше түшө баштады. Ошондой эле жергиликтүү ишкерлерди алтын менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Дале чечиле элек. Кыргызстанда расмий түрдө алтын-күмүш алуу кыйын. Алтынды бизде эл колго жууп, андан кийин сатышат. Алардан сатып алгандар "Баалуу металдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамдын негизинде жоопко тартылат. Кыргызстанда алтынды ачык алып-сатууга шарт жок. Мисалы, жергиликтүү ишкерлер Казакстан, Өзбекстандан мыйзамсыз кирген күмүштөрдү сатып алып, зер буюмдарын даярдашууда. Өлкөдө мыйзамдуу албагандан кийин аткезчилер менен иштөөгө мажбур.

Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти былтыр 362 соода жайын текшерип, 279унда мыйзам бузууларды аныктаган, аларга 1 млн 390 миң сомдук айыппул салган. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөгө жылына 20 тоннанын тегерегинде баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган буюмдар ташылып келет. Аларга Кыргызстандын мамлекеттик эн тамгасы басылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө ал талап аткарылбай, миллиондогон сом казынага түшпөй калууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG