Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Коррупция сабактары: Матраимов мамлекетке дагы 200 млн доллар карыз


Райымбек Матраимов кармалган учур.
Райымбек Матраимов кармалган учур.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери аяктаганын, бирок алар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирди.

Ташиев ошондой эле Матраимов мамлекетке 200 млн доллар бериши керек экенин кошумчалады.

Матраимов бир туугандары менен марттын соңунда Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилген. Учурда ага бир нече айып тагылып, тергөө жүрүп жатат.

Бийликтин Матраимовдун коррупциялык схемаларын талкалаганы тууралуу айткандары канчалык жүйөлүү?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 16-майда Кара-Суу шаарында сүйлөгөн сөзүндө эки ай мурда камакка алынган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ишине кайрадан токтолду.

Ал Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө ысымы ылакапка айланган Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөшү керек экенин билдирди. Атайын кызматтын башчысы бул каражат кандай эсептелгенин жана аны төлөсө Матраимовго козголгон кылмыш ишке кандай таасир этерин тактаган жок.

“Биз Райымбек Матраимовдорду биринчи кармаганда 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Ошондо “мындан ары криминалдык аракеттерди жасабагыла, бандиттерге кошулбагыла, мамлекетти талап-тонобогула, Бажы кызматына жарым кадам да жакындабайсың” деп жеке өзүм шарт койгом. “Макул” деп кетишкен. Анан эмне болду? Жарым жыл, бир жыл карадык, кайра эле баштап, бажыга отуруп алышты. Бажыдагы кадрлары аркылуу мурдагыдан да көп уурдай баштады. Бандиттер менен дос болуп кетишти. Ысык-Көлдөгү "мыйзамдагы ууру" Көлбаев менен кошулуп алып, ишкерлердин баарын коркутуп-үркүтүштү. Алардан акчасын алып, коркута башташты. Биз анан чара көргөнгө мажбур болдук. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар “илинген”. Бул деген 19-20 млрд сомго жакын акча”.

Ташиев Матраимовдор менен байланышта болгон адамдарды парламенттен жана мамлекеттик мекемелерден тазалап жатканын айтты. Ошого карабай, андай адамдар дагы деле бар экенин, алар менен күрөшүүгө губернатор, аким баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кол кабыш кылышы зарыл экенин кошумчалады.

Апрель айынын башында Райымбек Матраимовдун 60 млн долларга жакын мүлкү мамлекетке өткөнү, анын ичинен бир кеңсеси 1 млрд 400 млн сомдон ашуун акчага сатылганы кабарланган.

Матраимовдук схемадан арылуу оңой эмес

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков он миңдеген адамдар аралашкан мамлекеттик машинаны матраимовдук кландан толук тазалоо оңой жумуш эмес экендигин айтууда:

“Органдарга ошондой тапшырма берилгени бүгүнкү күнгө чейин ачык болгон эмес. “Парламентти тазаладык, органдарды да тазаладык” деп азыр ачык айтып атышат. Бирок ага чейин өкмөт андай милдетти койгон эмес, туурабы? Кыргызстанда Матраимовго тиешелүү канча адам бар? Мисалы, Жогорку Кеңеште андан да көп кишилер бар, Матраимовдун толук колдоосу менен келгендер. Алар тазаланып бүтө элек. Парламент деген баарыбызга ачык көрүнүп турат, ал жакта 90 эле киши бар. Ошон үчүн аны эл оңой эле талдап коё алат. Парламенттин мисалында карасак, баары тазаланды деп айтсак болбойт. Килейген мамлекеттик машинада миңдеген-миңдеген адамдар иштейт. Ошондуктан алардын арасынан иликтеп чыгуу оңой эмес. Бирок ошол иштер жүргүзүлүп жатканы анык болуш керек”.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев мындан мурдараак “Акипресс” маалымат агенттигине курган маегинде бажыдагы матраимовдук схемаларды жоюу иши уланып жатканын билдирген. Аткаминер Кыргызстан менен Өзбекстандын бажы эсептеринин ортосунда төрт эсеге чейин ажырым болуп келгенин, буга бажыдагы жемкордук менен матраимовдук коррупциялык схемалар себеп болгонун айткан.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Матраимовдун мамлекетти чырмап алган коррупциялык схемалары акырындан талкаланып баратканын, бирок бажыны биротоло тазалоо үчүн алдыда дагы көп иштер жүрүшү зарыл экенин айтты:

“Буга чейин сотто өзүн “ооба, мен коррупционермин” деп, коррупциялык схемаларды түзгөнүн, бажыдан өткөн машиналардан кандайча акча алып жүргөнүн жана башка схемаларды кантип түзгөнүн, кантип мамлекеттик кызматтарга адамдарын киргизгенин мойнуна алган. Буга чейин Матраимов башкарган жана анын таасири күчөп турган учурда бажыга түшкөн каражаттын көлөмү 45 млрд сомдун тегереги болчу, андан ашкан эмес. Ал эми былтыркы акыркы статистиканы карасам 110 млрд сомдон ашык деп көрсөтүп жатат. Бул дагы бажы системасы уурулуктардан, башкача айтканда Матраимов түзгөн уурулук схемадан тазаланганын билдирет. Бирок ошол эле учурда бул жерде уурулук таптакыр жоголуп кетти, коррупция түп-тамыры менен жок болду деп айткандарга мен ишенбейм. Анткени бажыда коррупция эзелтеден абдан чоң болуп келген. Ал жерди тазалаш үчүн дагы көп тер төгүп иштеш керек”.

Матраимовдордун ишинин чоо-жайы

2021-жылы УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги жакында Райымбек Матраимовдон мамлекетке алынган төрт кыймылсыз мүлктү сатыкка чыгарганын жарыялады.

Алардын бири - Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп таанылган имараттын 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метрди ээлеген эмеректери менен кеңсе. Мындан сырткары, Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан жалпы аянты 5085 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имараттар бар. Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1400 чарчы метр коммерциялык имарат жана Ибраимов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2300,71 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жай дагы аукционго коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG