Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:03

Мамлекеттик медиа Матраимовдун камалышын кандай чагылдырууда?


Райымбек Матраимовду жоопко тартууну талап кылган активисттер өткөргөн акция. 2019-жыл
Райымбек Матраимовду жоопко тартууну талап кылган активисттер өткөргөн акция. 2019-жыл

Ушул күндөрү бир нече кылмышка шектелип Азербайжандан алып келинген мурдагы бажычы Райымбек Матраимов мамлекеттик маалымат каражаттарынын башкы каарманына айланды. Анда Матраимовдун коррупциялык схема түзүшү жана башка кылмыштары жөнүндө айтылууда.

Убагында Матраимов тууралуу журналисттик иликтөөлөр жарыяланганда айрым жергиликтүү медиалар анын таламын талашып, актаган берүүлөрдү даярдашкан. Бул жолу мамлекеттик медиалар Матраимовдун ишин кандай ашкерелеп жатат?

Эки-үч күндөн бери жергиликтүү бийликчил маалымат каражаттары биринен сала экинчиси экс-бажычы Райымбек Матраимовдун кармалышы жана бийликтин коррупция менен аёосуз күрөшү тууралуу макалаларын жарыялап жатышат. Мындай өңүттөгү материалдар Улуттук телерадиокомпания менен ЭлТР телеканалында, алардан башка бийликке жакын дагы бир катар медиаларда чыгууда.

27-мартта Улуттук телерадиокомпаниясында жарыяланган сюжетте “журналисттер Райымбек Матраимовдун мамлекеттик кызматта иштеп туруп эбегейсиз байыганы тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жасап, фактыларды көзгө сая көрсөтүшкөнү жана аны камалсын деген митингдердин өткөнү” эске салынат.

ЭлТР телеканалынын 28-мартта жарыяланган сюжети “Коррупция менен криминалдын заманы бүтүп барат” деп аталат. Сюжетте “Матраимовдун бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп алуусу, аткаминерлер менен тыгыз кызматташуусу мурдагы бийликтин тактан кетишине алып келгени, анткени элдин Райымбек Матраимов камалсын деген талабына ошол кездеги өлкө башындагылар кулак салбаганы” айтылат.

Материалдарда Райымбек Матраимов Кыргызстандагы кылмыштуу топтор менен жуурулушкан башкы коррупционер катары көсөтүлүүдө. Аны менен алака-мамиледе болгон саясатчылардын укуктук жана моралдык жоопкерчилиги да белгиленип жатат.

Журналисттердин материалдарында Райымбек Матраимов менен тыгыз катышта болгон же анын жоопкерчиликке тартылбай жүрүшүнө таасири болгон инсандардын катарында мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибековдун ысымдары активдүү аталууда.

Алсак, бийликке жакын VB.kg сайты "Сооронбай Жээнбеков Райым-миллиондун өкүл атасы" деген макала жарыялады. Мындай макала парламентте мурдагы президент Матраимовду калкалаганы жөнүндө билдирүүлөр жасалып, аны "экс-президент" деген макамдан ажыратуу аракеттери болгон учурга туш келди.

Медиа-серепчи Нурдин Дүйшөнбеков журналисттер кесиптик стандарттарды бекем сактап иштесе, ары-бери оогон позициянын капканына түшпөйт эле деп эсептейт.

“Бул саясий процесстин бир бөлүгү. “Саясат ыплас болот” деген сөздөр бар. Айтайын дегеним, мисалы, ар кайсы убакытта саясатчылар (өкмөт эле эмес, депутаттары болобу, ар кайсы партиялардын өкүлү болобу) позициясын өзгөртүп турат. Бул коомдук пикирге дагы байланыштуу болот, учурдагы кырдаалга жараша да болот. Мени өкүндүргөнү... массалык маалымат каражаттары мүмкүн болушунча саясаттын куралы эмес, болгонун болгондой көрсөтүп турушу керек. Анүчүн эл аралык таанылган, он-жүз жылдап түзүлгөн стандарттар бар. Эки тарапты берүү, өзү ошол процесске үгүтчү болбошу керек, маалыматты тактап, текшерип туруп анан бериш керек ж.б. Ушуларды сакташ керек. Албетте, баарыбыз билебиз, айрым учурларда массалык маалымат каражттарынын кээ бир өкүлдөрү, анын ичинде мамлекеттин менчигиндегилери дагы бир тараптуу, кызыкдар болуп көрүнгөндөй таасир калтырган таризде берип атышкан. Бул бийликте эле эмес, убагында телевидениени “кара жащик” деп атап жүрүшкөнүн билесиз да. Ошондой нюанстар да бар, ооба аны баарыбыз түшүнүп эле турабыз”.

2019-жылы матраимовдордун 700 млн доллардан ашуун каражатты чыгарып кеткени боюнча иликтөөнүн негизинде Бишкек шаарында “REакция” деп аталган чоң митинг болуп өткөн. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер жана активисттер катышкан.

2019-жылдагы акция.

Райымбек Матраимов 2018-жылы мамлекеттик структураларды колдонуу менен чиеленишкен коррупциялык схемаларды түзгөндүгү үчүн АКШнын “Магнитский тизмесине” киргизилген. Ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовдун кылмыштарын так далилдеген фактылардын жок экенин айтып, коомчулуктун сынын көңүл сыртында калтырып койгон.

Социал-демократтар партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбеков мамлекеттик медиалардын Матраимовго баланыштуу иштерди чагылдыруу мүнөзүндөгү бир аз кечиккен бурулуштар эркин журналисттердин айткандарынын акыйкат экенин көрсөтүп турганын белгилейт.

"Эркин массалык маалымат каражаттары 2-3 жылга эртерээк туура маселелерди көтөрүшөт. Мисалы, азыркы УТРК, ЭлТР айтып жаткан маселелер 2-3 жыл мурун эле айтылып келген. Биз дагы саясатчы же башка катары буларды абдан ачык-айкын айтып жүргөнбүз. Ошон үчүн азыр бир аз кечирээк болуп калгандыр. Анткени, азыркы күндө матраимовдордун мамлекетке, экономикага, коомдун жашоосуна таасири жок деп айтсак деле болот. Бирок, тарых үчүн туура эле нерселер болуп жатат болуш керек деп эсептейм".

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийинки бийлик Райымбек Матраимовду бир жолу кармап, мамлекеттик казынага 2 млрд сом төктүрүп жана сот аркылуу 260 миң сом айып салып бошотуп жиберген. Садыр Жапаров андан кийин да Райымбек Матраимов жана Камчыбек Көлбаевдер менен жолугушуп “жөн жүргүлө” деп эскерткенин, болбой эле чектен чыгып баратканда чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур болушканын билдирген.

Райымбек Матраимов жарым жылдай өлкө сыртында жүргөндөн кийин жакында бир агасы жана эки иниси менен кошо Азербайжандын Баку шаарында кармалып, 26-март күнү Кыргызстанга алынып келинди. Ага “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренелери боюнча айып тагылган. Кийинчерээк ага “Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча да иш козголгону маалымдалды. Мурдараак Улуттук коопсуздук комитети кыргыз бийлигинин жетекчилерин жок кылуу буюртмасы менен Бакудан келди деп кармалган шектүүлөрдү да Райымбек Матраимовго байланыштырып жаткан болчу. Ал иш азырынча андан ары өнүкпөй турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG