Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 07:22

Миллиондордун изи: факты жана реакция


Коллаж.

«Азаттык», OCCRP, Kloop жана Bellingcat Кыргызстан аркылуу адалданган миллиондогон доллар жана анын Матраимовдорго байланышы тууралуу кезектеги иликтөөнү жарыялады.

Журналисттик иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Исмаил Матраимов атындагы» кайрымдуулук фондуна акча которгон дагы үч демөөрчү ачыкка чыкты.

«Азаттык» кыргыз бажысындагы коррупциялык иштер жана күмөндүү жолдор менен чыгарылган каражат боюнча иликтөөлөрдө айтылган бардык документтерди жарыялады.

Матраимовдордун демөөрчүлөрү которгон акча

Төрт медиа биргеликте жасаган «Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору» деген иликтөө 29-июнда жарыяланды. Анда «Исмаил Матраимов атындагы» кайрымдуулук фондуна акча которгон, бирок буга чейин аты аталбаган үч демөөрчү тууралуу маалыматтар белгилүү болду.

Алар: Түркиянын жараны Дилшат Артыш. Америкалык банктардын маалыматы боюнча, ал 2015-жылдын 19-октябрында «Исмаил Матраимов атындагы» фондго 170 миң доллардан ашуун акча которгон.

Түркияда катталган "Star Crystal Kuyumculuk Gida Tekstil Turizm Sanayi Ve Ticaret Limited Sirketi" аттуу фирма 2016-жылы октябрь айында Матраимовдордун фондуна «текстиль үчүн төлөм» деп 140 миң доллар которгон.

Дубайдагы "Alwasl General Trading FZE" аттуу компания сөз болуп жаткан фондго «электроника алуу үчүн» 160 миң доллар жибергени анык болду. Бул үч донордун тең былтыр Стамбулда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити жана Кыргызстан аркылуу жүк ташуу бизнесин жүргүзгөн Хабибула Абдукадыр менен байланышы бардыгы билинди.

Ошентип, буга чейин Саймаитинин аялы «Исмаил Матраимов атындагы» фондго которгон 200 миң долларга жакын ачыкка чыккан транзакцияларды кошкондо акча адалдоо менен алектенген түйүндөн кайрымдуулук фондуна которулган акча 670 миң долларга жеткени такталды.

«Үмүт 2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек соңку иликтөө жана ага карата күч органдары кандай реакция кылышы керектиги тууралуу ою менен бөлүштү.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Фондго акча которгон жаңы аныкталган үч тараптын деле Абдукадырга тиешеси бар экен. Анын жүк ташыган фирмасы Кыргызстанда монополист болуп «бажычылар ушул эле фирманын жүктөрүн өткөрүп жатат» деп бизге да көп арыздар түштү. Абдукадырдын бизнеси Бажы кызматы менен түздөн-түз байланышта. Ал эми Бажыда иштеген кишинин фондуна көп суммадагы акча түшкөнү күч түзүмдөрү айтып жаткандай кайрымдуулук эмес, көрүнүп эле турган пара. Бул сөзсүз иликтениши керек. Бажы кызматкеринин фонду ушунча акчаны айлантып жатканы уурулуктун бир түрү. Өткөн жылдан бери «Азаттыктан» тышкары «FactCheck» порталы, «Үмүт 2020» кыймылы канча деген иликтөөлөрдү жарыялады. Райымбек Матраимовдун баласынын колундагы бир эле сааты атасынын бир жылдык айлыгынан эки эсе көп болуп чыкканы кылмыш ишин ачууга жетиштүү факты го. Парламент менен күч органдары ал кишини (ред: Райымбек Матраимов) коргоп, журналисттерди айыптап чыкканы шайлоо алдында ал адамды актоо аракети деп эсептейм. Бийлик «факты бергиле» деп эле жатат бул жактан фактылар арты-артынан эле чыгып жатканына карабай жыйынтык жок».

«Азаттык» документтерди жарыялады

«Азаттыктын» сайтына «Саймаитинин архиви» деген да материал жарыяланды. Анда журналисттик иликтөөдө колдонулган бардык документтердин түп нускасы чыкты. Интерактивдүү картада Саймаити журналисттерге берген 843 акча которуу тууралуу транзакциялардын топтому бар. Карта Кыргызстан менен Түркиядан канча акча кайсы мамлекетке которулганын көргөзөт.

Транзакциялар кошумча документтер менен бышыкталган учурларда, аларды өзүнчө же чогуу көчүрүп, же жүктөп алса болот. Саймаитинин кайда, канча акча которулганын жазып жүргөн эсеп-кысап кагаздары да бар.

Кыскасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Финансы полициясы сурап жаткан документтин баары ийне-жибине чейин коюлду.

«Азаттык» 2019-жылы 13-декабрда да иликтөөлөрдө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды атайын кызматка өткөрүп берген.

Юридика илимдеринин доктору, саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында эми кийинки сөз укук коргоо органдарында.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Журналисттик иликтөө боюнча күч органдары «мыйзам бузуу бар же жок» деп сөзсүз өз сөзүн айтыш керек. «Азаттык» алып чыккан маселени коомчулук карап турат. Журналисттер жарыялаган бир документ болсо да анын туура же ката экени боюнча укук коргоо органдары жыйынтык чыгарып бериш керек. Бул фактылар аныкталса күнөөлүү кишилерге чара көрүлүп, аныкталбай калса ал эмне себептен тастыкталбаганын көрсөтүп берүү зарыл. Азыр бул иштин арты менен Кыргызстандын күч түзүмдөрү коомчулук алдында сынак тапшыргандай эле болот. «Азаттык» документтерди ачык жарыялап туура кылды. Эми сөз мамлекеттик органдарда. Биз анын арты менен мыйзамдуулук кандай сакталууда, мамлекеттик мекемелер кандай иштеп жатканын өз көзүбүз менен көрөбүз».

Соңку иликтөөдө ачыкка чыккан маалыматтар боюнча УКМК, Финпол комментарий бере элек. Коомчулукта резонанс жараткан журналисттик иликтөөдө аты аталган, бажыдагы коррупция жана акча адалдоонун жолдору тууралуу айтып, документтерди берген Саймаитинин айланасындагы жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөлөрү да үн катпай турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев күч кызматтары коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрдө айтылган фактылардын артынан түшүп, чара көрө турганынан үмүт үзгөнүн айтууда.

«Бийлик, күч органдары реакция кылгысы келсе буга чейин эле реакция жасап, ишти мурда эле жакшы иликтеп чыкмак. Акыркы журналисттик иликтөөгө мамлекеттик тийиштүү органдар, Финансы полициясы жооп берет. Бирок «биз ишти карайбыз, иликтейбиз, дагы документтерди бергиле» деген сыяктуу формалдуу гана жооп болот. Ушинтип созула берет жана жыйынтык чыкпайт. Буга чейинки материалдар ансыз деле жакшы факты болду. Ошолордун негизинде эле тиешелүү адамдарды кармап, жоопкерчиликке тартса болот. Эгерде мен Финполициянын жетекчиси болсом, эбак эле ушундай тапшырма берет элем».

Матраимов үй-бүлөсүнүн жообу

Ушул күнгө чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан бир да иш аягына чыккан жок.

2018-жылы декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү аты аталган Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган. Финансы полициясы президенттин сөзүнөн кийин Матраимовдун мүлкүн текшерип жатканын айтып келет, бирок жыйынтыгы белгисиз.

Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссия жакында эле ишин жыйынтыктады. Корутундуда Матраимовдун аты бир да жолу аталган эмес, депутаттар анын ысымын жыйында оозуна да алган жок.

Соңку иликтөө даярдалып жатканда Райымбек Матраимовдун, кыргыз парламентинде отурган агасы Искендер Матраимовдун кеңешчиси комментарий бере турганын айтып, бирок байланышка чыккан эмес. Искендер Матраимов иликтөө боюнча 1-июлда «Азаттыкка» орус тилинде кат менен жооп берди.

Анда ал «Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору» деген иликтөөдө сөз болгон компаниялар жана адамдар кайрымдуулук фондго акча которгонун ырастады.

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

«Чынында ишкердик менен алектенген ошол компаниялардан жана адамдардан ыктыярдуу которуу түрүндө каражаттар келип түшкөн. Алардын ар бири менен фонд келишим түзгөн, акча каражаттарын колдонуу максатын көрсөткөн. Которулган акчанын баары расмий түрдө фонддун банктагы эсебине келип түшкөн жана максатка ылайык колдонулган».

Матраимов «Азаттыкка» берген жообунда Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен чыгарылды делген 700 млн. долларга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экени бир да иликтөөдө аныкталбаганын жана алардын үй-бүлөлүк фондуна Саймаити акча которгону тууралуу маалыматтар да тастыкталбаганын кошумчалаган.

Ал журналисттер фондго которулган каражаттарды «эмне үчүн акча адалдоо схемасынын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылган?» деген суроо койду.

Иликтөөдө «Исмаил Матраимов атындагы» фонду Айеркен Саймаити жана Хабибула Абдукадырга байланышы бар чет өлкөлүктөрдөн 670 миң доллар алганы ашкереленген. Ал эми Саймаити Кыргызстандан миллиондогон доллар күмөндүү акчаны чыгарып, аны негизинен ошондогу иш берүүчүсү Абдукадырга которгону белгилүү. Саймаити көзү тирүүсүндө берген маегинде Абдукадырдын жүк ташып, бажыдан өткөн компаниясын калкалап турганы үчүн ошол маалдагы кыргыз бажысында жетекчилик кызматтарда иштеген Райымбек Матраимовго «тиешелүү үлүш берилип турганын» билдирип, аны «пара» катары мүнөздөгөн. Саймаити каражаттарды аялы экөөнүн, ошондой эле Дубай, Түркиядагы башка адамдардын жана компаниялардын ысымынан салдыртканын белгилеп, муну ырастаган айрым документтерди берүүгө үлгүргөн.

Саймаити дагы кошумча маалыматтарды берүүнү убада кылган. Бирок 2019-жылы 10-ноябрда Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Финансы полициясы Матраимовдор фонду кайрымдуулук менен алектенет дегенине карабай айрым демөөрчүлөр акчаны коммерциялык максатта которгону белгилүү болду.

Финполиция ырастаган Матраимовдор фондунун дагы 800 миңге жакын доллар которгон алты демөөрчүсү тууралуу маалымат азырынча ачыкка чыга элек.

Коррупцияга жана журналистика: күрөш уланат

Бажыда коррупциялык схемага байланыштуу Райымбек Матраимовду жоопко тартуу боюнча Бишкекте «#RЕакция» деп аталган митинг эки жолу өттү. Анын жыйынтыгы менен президентке, күч түзүмдөрүнө кайрылуу жолдонгон. Азыркыга чейин жооп жок.

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров журналисттер коомчулук алдындагы жоопкерчилигин так аткарганы менен бийликтен реакция болбойт жатканына нааразы.

Журналист мыйзамсыз ишти көтөрүп чыгып, аны жарыялаганга гана милдеттүү. Калган ишти күч органдары жасаш керек. Биздин мамлекетте болсо иликтөө иштери менен укук коргоо органдары алектенбей эле муну журналисттер аткарууда
Болот Темиров.


«Кылмыш иши, мыйзам бузуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан ар бир макаланы прокуратура, укук коргоо органдары териштириш керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай болбой жатат. Тескерисинче, күч органдары журналисттерге каршы иштеп жатат. Мисалы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү азыркы иш боюнча парламентте сүйлөп жатып «журналист акча алганын бизге күбөлөр айтты» деп күнөө койду. Ишти териштирүү ордуна журналисттин артынан түшүп алышты. Мыйзамды сактай турчу күч органдары кылмышкерлерге жардам бергенге аракет кылып жатканы жаман көрүнүш. Журналист мыйзамсыз ишти көтөрүп чыгып, аны жарыялаганга гана милдеттүү. Калган ишти күч органдары жасаш керек. Биздин мамлекетте болсо иликтөө иштери менен укук коргоо органдары алектенбей эле муну журналисттер аткарууда».

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Исмаил Матраимов атындагы» кайрымдуулук фонду үч медианы сотко берген.

Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (22)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG