Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 17:05

Матраимовдун байлыгы боюнча укуктук талаш


Коллаж.

3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту юрист Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу жазган арызын карады.

Юрист иликтөөдө кеп болгон Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерүү боюнча Башкы прокуратурага жазган арызы каралбай жатканына нааразы болуп сотко кайрылган. Ал эми Башкы прокуратура Токтакунов жазган арыз журналисттик иликтөөлөрдүн негизинде буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында эске алынарын билдирди.

Сот жараянынын башында арыз ээси, «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча эмнеге Башкы прокуратурага кайрылганын кенен түшүндүрдү. Юрист бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, чара көрүүнү өтүнгөн.

Токтакунов Башкы прокуратура анын «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча жазган арызын Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттабай жатканын мыйзам бузуу деп эсептейт.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«2019-жылдын 10-декабрында бардык фактыларды келтирип Башкы прокуратурага кайрылгам. Мындан сырткары мыйзамсыз баюу боюнча төмөнкү фактыларды келтирдим. 2019-жылдын 13-майында социалдык тармактарда, «YouTube» каналдарда Райымбек Матраимов «байлыкты кудай берген» деп жарыялады. Ал расмий түрдө өзүнүн бай экенин айтты. Райымбек Матраимов эл көп катышкан ири спорттук иш-чараларды дайыма өткөрөт. 2019-жылы 1-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда сыйлык фонду 1 миллион сомду түзгөн волейбол боюнча турнир уюштурду. Баарына белгилүү болгондой, Матраимовдун кайрымдуулук иштеринде ири каражат пайдаланылат. Мурдагы күнү маалымат сайттарындагы кабарлар боюнча «Sports Awards» сыйлыгында Райымбек Матраимов жылдын мыкты меценаты деп аталды. Мыкты меценат дегени спортчуларды колдоодо баарынан көп салым кошкон дегенди билдирет. Бул фактылар анын бай адам экенин айтып турат. Бирок 1997-жылдан 2017-жылга чейин, 20 жыл бажыда гана иштеген. Акыркы 2-3 жылдын ичинде олигарах болуп калдыбы? Мен бул фактылар Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталышы керек болчу деп эсептейм. Кылмыштар менен жоруктардын реестринин мааниси - башында каттап, анан териштирет. Ага каттоо күнөөсүздүк презумпциясын бузбайт».

Токтакуновдун соттогу жүйөсүнө алгач Башкы прокуратуранын өкүлү Ороз Бердикожоев жооп берди. Ал Нурбек Токтакунов жазган арыз маалыматтардын эсептик журналынын автоматташтырылган базасына катталганын айтып, башкы көзөмөл мекемеси арызды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп бергенин, ал мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында каралаарын айтты. Башкача айтканда, журналисттик иликтөөлөрдө кеп болгон, сыртка чыгарылган ири акча каражаттары жана Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкердин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштеринде юрист келтирген фактылар да териштирилет.

«2019-жылы 10-декабрда Токтакунов Башкы прокуратурага Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жоопко тартыш үчүн коррупция, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, салыктан качуу фактылары боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп кайрылган. Ал арыз ошол күнү маалыматтардын эсептик журналынын автоматташтырылган базасына катталган», - деди ал.

Бердикожоев судьядан юрист Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу жазган арызын буга чейин Октябрь райондук соту, Бишкек шаардык соту канааттандырбаганын эске алышын өтүндү.

УКМКнын тергөөчүсү Эржан Майлыбеков прокурордун сөзүн колдоп, юристтин арызын бирдиктүү реестрге каттоонун зарылчылыгы жок экенин белгиледи. Майлыбеков буга чейин козголгон иштердин алкагында эле Токтакунов айткан фактыларды териштирсе болот деп эсептейт.

«Прокурор белгилеп өткөндөй, факт бир же эки жолу Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганынын мааниси жок экени Октябрь райондук сотунда айтылган, - деп түшүндүрдү ал. - Эгерде ал факт боюнча иликтөө жүрүп жатса, көп кылмыш ишин козгоп кереги жок. «Азаттыктын» бардык жарыялаган иликтөөлөрү ал кылмыш ишинин алкагында териштирилип жатат. Ал эми адвокаттар Токтакунов менен Касаболотовдун арызында көрсөткөндөр кылмыш иштин материалында бар».

Сот тараптардын жүйөлөрүн угуп, чечимин 4-мартта чыгарарын жарыялады. Сот отурумунда журналисттерге видео жана фото тартууга уруксат берилген жок. Соттон кийин юрист Токтакунов тергөөчү бир берене менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, башка берене боюнча иликтөө жүргүзө албай турганын белгилеп, укук коргоо органдары анын арызын атайлап каттабай жатканын айтып сындады. Соттон кийин атайын кызматтын жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айткан. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 2019-жылдын 18-декабрында «Фейсбуктагы» баракчасына айрым журналисттер журналисттик этиканы сактабай, бир жактуу каралоого орун берип жатканын жазган.

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

«Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишене турган деңгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул коюшту. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты», - деди Матраимов.

Журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

21-февралда Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган ири өлчөмдөгү акча каражаты тууралуу иликтөөдөн кийин козголгон иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) атайын кызматка өткөрүлүп берилген. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү боюнча ишке оор кылмыш катары «жашыруун» деген гриф коюлганын маалымдаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (25)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG