Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 17-февраль, 2020 Бишкек убактысы 02:05

Күмөндүү миллиондор, актанган бийлик


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Бажыдагы коррупцияга каршы өкмөттүн күрөшүн жарым-жартылай канааттандырарлык деп тапты. Аткезчилик маселеси талкууланган парламент жыйынында «Азаттыктын» акыркы иликтөөлөрү боюнча бир нече жолу маселе көтөрүлдү.

Спикер баш болгон өкмөт мүчөлөрү иликтөөдө айтылган миллиондогон доллар кыргыз базарларында иштеген соодагерлердин акчасы экенин айтып жатышат. Ошол эле учурда ал каражат кимдерге жана кайсы максатта которулганы тууралуу иликтөө аныктаган фактыларга көңүл бурушкан жок.

Жогорку Кеңештин аткезчилик жана кылмыштуулукка каршы күрөштү талкуулаган 5-декабрдагы жыйында «Азаттыктын» акыркы иликтөөлөрү боюнча өкмөткө арты-артынан суроолор берилди.

Депутат Максат Сабиров «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин жаңы иликтөөсүнүн каармандары тууралуу маселе көтөрдү.

Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

- «Азаттыктын» журналисттери иликтөөсүндө айтып жатканда анча көңүл бурган эмесмин. Эми ант берген, погон тагынган офицерлердин айтып жатканын угуп, биз кандай мамлекетте жашап жатабыз деп жүрөгүм ооруду. Чек ара кызматкерлери майор Камчыбеков, улук лейтенант Осмонбеков экөө «алты айдан бери качып жүрөбүз. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү капитан Алиев ушул ишти көтөрүп чыгып, бизге кылмыш иши ачылган» деп жатат. Эгер Аскер прокуратурасы ушундай иштерге барып, погон тагынгандар качып жүрсө кимге ишенебиз?, - деди Сабиров.

«Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөдө нак акча ташыгандардын түйүнү жылдар бою миллиондогон долларды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып турганы, көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келгени баяндалат.

Иликтөөдө Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы эки кызматкери - Айбек Камчыбеков жана Марлис Осмонбеков кабарчыларга нак акча «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен кантип ташылып турганын айтып беришкен. Алар бул туруктуу схеманын түйүнүн ачууга аракет кылып баштаганда, өздөрүнө каршы кылмыш иши ачылып, ар кандай коркутуулардан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушканын билдиришкен.

Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаков аларга мыйзамсыз иштери үчүн издөө жарыяланганын айтып жатат.

- Экөө «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү жайында кезмет башчылары болгон. Жай айында адамдардын жеке маалыматтарын социалдык түйүндөргө чыгарып жибергени үчүн алардын иши Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн. Тергөө иштери башталганда дезертирлик кылып качып кеткен. Аскер прокуратурасы учурда ишти иликтеп жатат. Издөө жарыяланып, ушул күнгө чейин кармала элек, качып жүрүшөт.

Камчыбеков менен Осмонбеков «адамдардын жеке маалыматтарын жарыялап жиберген» деген айыпты да четке кагышкан.

Бирок президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш артыкчылыктуу багыт экенин байма-бай айтып келатат:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Буюрса мен муну аягына чыгарып берем. Туурасы туура, туура эмеси туура эмес деп баары тең ачыкка чыгат. Жашыруу болбойт. Мына азыр процесс кетти ушул аягына чыгат. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу эч нерсеге карабайм. Баары тең жооп берет, - деген эле.

Кыргызстанда коррупция тууралуу маалымат берген адамды шыктандыра турган мыйзам да бар. «Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык жемкорлук тууралуу маалымат берип, ал сотто далилденсе өндүрүлгөн сумманын 10 пайызы коррупцияны ашкерелөөгө жардам берген адамга төлөнөт.

Эксперт Руслан Акматбек бийлик жемкорлукту ачууга аракет кылган жөнөкөй жарандарды мындай кой мамлекеттик кызматкерлерге колдоо көрсөтө албай жатканын мисал кылды.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

- Бул бийликтин иш жүзүндө эмес кагаз түрүндө эле тандап алган багытынын көрсөткүчү. Акыркы учурларда чек арачылар, бажы кызматкерлери жарандык, кызматтык милдетин аткарып коррупциялык иштерге бөгөт коюу үчүн маалыматтарды айтып жатышат. Бирок бийлик тескерисинче аларды кыйыр түрүндө жазалоодо. Муну менен бийлик «биз коррупция менен кагаз жүзүндө эле күрөшөбүз. Уурулар менен орток пикирдебиз. Алардын гүлдөп-өсүшүнө кызыкдарбыз» деген нерсени айткысы келип жатат. Эң эле кейиштүүсү акыркы учурда калп айта берүү мамлекеттик башкаруунун принциби болуп калды. Коррупция боюнча журналисттер жазып, массалык маалымат каражаттарына толгон-токой маалымат чыгууда. Мейли бийлик аларга көңүл бурбай койсун. Бирок өзүңдүн мамлекеттик кызматкериң айтып чыккан фактыны иликтеп чыгыш керек да. Жок дегенде ушуга көңүл буруш керек да. Эң эле кейиштүүсү мунун кесепети жөнүндө ойлонбой жатабыз. Анткени бир кланды сактап, ууруларды коргойм деп атып бири-бирибизге, бийликке болгон жана мыйзамдын үстөмдүгүнө болгон ишенимди талкалап жатпайбы.

Камчыбеков менен Осмонбековдун алдында Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги коррупцияны айтып чыккан. Чек ара кызматы анын билдирүүсүнө укуктук баа берилиши мүмкүн экенин эскерткен.

Райымбек Матраимов эмне дейт?

Эми «Азаттыктын» май айында чыккан «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген иликтөөсүнө келсек. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Өкмөт бул каражат "Кыргызстандын базарларында иштеген соодагерлердики" деп келет.

Муну Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков да айтып, «Азаттыктын» иликтөөлөрү боюнча парламент трибунасынан билдирүү жасады.

Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

- Ал акча ошол эле «Дордойдо», «Мадинада», «Кара-Суу» базарында эмгектенип күнүнө 5-10 миң доллар, айына 100 миң доллар тапкан, кышы-жайы кийим-кече саткан эже-апаларыбыздын, ини-агаларыбыздын акчасы. Алар акчасын чогултуп Кытайдан, Түркиядан товар алыш үчүн жиберүүгө мүмкүн убактысы жок. Же акча көп кетип калат. Алардын акчасын бир жерге топтоп, аэропортко алып келип декларация толтуруп, учак менен барып ошол мамлекетке жеткирип берген адамдар бар. Бул мыйзамдуу.

Бирок иликтөөдөдө күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун басымдуу бөлүгү Хабибулла Абдукадыр аттуу адамга, жакындарына жана алардын компанияларына которулганы айтылат. Анын ичинде кеминде 50 млн. доллар жер алуу үчүн Дубайга которулганын иликтөө так аныктаган.

Абдукадыр менен Финполдун жетекчиси Таировдун жакын туугандары 2014-жылдан бери бизнес-өнөктөш - Чаткалдагы сурьма кенин бирге иштетүүдө. Ошондой эле акчанын басымдуусу өзгөчө Европага, Бириккен Араб Эмирлигине, Америкага которулган. Бирок Кыргызстанга товар иретинде кайтканы боюнча ырастама жок. Жогорку Кеңеште буга көңүл бурулган жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу пикири менен бөлүштү.

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Депутаттар, өкмөт мүчөлөрү ушундай сөздөрдү айтканына таң калам. Текшерүү иши аягына чыга электе эле «бул акчанын бюджетке тиешеси жок, мыйзамдуу» деп жоопкерчиликтен качып, бул ишти мыйзамдаштырууга аракет кылып жатышат. Алар тескерисинче бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, мыйзамсыз иштерди жок кылууга аракет кылыш керек эле да. А бирок чын-чынында бул мыйзамсыз экени көрүнүп турат. Которулган акча бул көмүскө экономиканын көрсөткүчү. Чыгарылган каражат мыйзамдуу болсо эмне үчүн бажы төлөмү төлөнүп, каттоого алынбайт? Биздин экономикага кантип анан зыяны тийбейт. Мыйзам иштеген мамлекетте мындай иштер болбойт. Аткаминерлер, чек ара, бажы кызматкерлери бул үчүн өз акчасын алып жатышат. Муну ачыкка чыгаруунун ордуна алар жаап-жашыруунун аракетин көрүшүүдө.

Бажыдагы коррупция, Кыргызстандан чыгарылган нак акчалар боюнча журналисттик иликтөөлөр коомдо кызуу талкууланып жатат. Жарандык коом иликтөөдө аты аталган адамдарды жоопко тартууну талап кылып, нааразылык акцияга да чыгышты.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев журналисттик иликтөөлөрдө айтылган фактыларды текшерүү боюнча "укук коргоо органдарынын иши жай жүрүп жатат" деп баалады.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Биринчи иликтөө чыкканда президент Финансы полициясына тапшырма бербеди беле. Бул иш өтө эле созулуп кетти. Мунун баары эле президенттин коррупцияга жарыялаган күрөшү, аткезчилик маселесине терс таасирин тийгизип койду. Керек болсо биз Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөнүн ал өлтүрүлгөндөн кийин гана билдик.

«Азаттыктын» иликтөөлөрүнү башкы каарманы жана журналисттерге бажыдагы коррупциялык схема тууралуу айтып, жүздөгөн документтерди берген Саймаитиге байланыштуу ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик (УКМК) иликтеп жатат.

Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов сурак беришти. Суракка чакырылгандардын арсында «Азаттыктын» журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаков да бар.

Ал арада 6-декабрда жергиликтүү маалымат сайттардын биринде жарыяланган видеодо Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов кабарчылардын суроосуна жооп берип, соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирди.

Мындан тышкары ал иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, мындан улам журналист Али Токтакунов менен активист Ширин Айтматованы сотко бергендигин, “Азаттык” радиосу боюнча эл аралык деңгээлде сотко даярданып жатканын айтты.​

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (74)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG