Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 30-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:36

Аткезчилик парламенттин талкуусуна түштү


"Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган сүрөт.

Жогорку Кеңеш «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана Мамлекеттик бажы кызматындагы аткезчилик боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Парламентте аткезчилик өлкөдөгү орчундуу маселеге айланып, коррупцияга жол ачканын сындагандар болду. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга каршы саясат артыкчылыктуу багыт» дегени менен укук тартибин коргоо органдары берилген тапшырмаларды аткара албай жатат деп эсептейт.

Ал жалпы жыйында коррупционерлер менен аткезчилер Кыргызстанда ээн-эркин басып жүрүшкөнүн айтты:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Алар Кыргызстанда жыргап жатышат. «2020-жылы парламентке келебиз» деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды, элди тоногон кишилерди түрмөгө отургузуп, мүлкүн камакка алыш керек. Жылаңач жүргөн аялды камчы менен коркутпай, ууруларды колго чабыш керек. Кыргызстанда аткезчилер керек болсо биз менен тойго барышат. Чет өлкөдөн кымбат мүлк алып, партия түзүп жатат. Биз ошого жол бербешибиз керек. ИИМ «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жок» дейт. Бажы болсо «аткезчилик жок» дейт. Мүмкүн кагаз жүзүндө жок. Бирок эл билет.

Өкмөт мүчөлөрү аткезчиликке каршы аткаруу бийлиги жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул маселе оор экенин жашырган жок. Ал өкмөт аткезчиликти жоюу боюнча системалуу иш жүргүзүп жатканын айтып, анын алкагында «Торугарт», «Эркечтам» бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери коюлганын мисал келтирди:

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

- Бизде аткезчилик маселеси абдан оор. Муну кызматкерлерди алмаштыруу жана башка чаралар менен тыюу мүмкүн эмес. Муну системалуу түрдө жок кылыш керек. Биз ЕАЭБдин чек ара бекетттерине автоматташтырылган системаны киргизип жатабыз. Бул ар бир машинени көзөмөлгө алууга шарт түзөт. Ал эми Кытай менен чектеш постторго онлайн көзөмөл камераларын койгонбуз. Бул иштин аягы эмес. Биз бардык системаны өздөштүрөбүз. Мен бул аткезчиликтин көлөмүн бир топ түшүрөт деген ойдомун.

Жеңиш Разаков чет өлкөгө 10 миң доллардан ашык акча декларацияланбай чыкса ал аткезчилик деп эсептелерин айтты. Муну Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Султан Мамасадыков да ырастады:

- 10 миң долларга чейин оозеки эле айтып, акчаны алып чыгып кетсе болот. 10 миң доллардан ашкандан кийин сөзсүз декларациясы болушу керек. Декларациялангандан кийин ал акчаны алып чыга берсе болот. Ал эми 10 миң доллардан ашкан акча декларацияланбай чыгарылса - бул аткезчилик.

Депутаттар аткезчиликти талкуулашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:38 0:00


Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев өкмөттөн «Азаттык» жарыялаган иликтөөдө айтылган 700 млн. доллардын мамлекетке тиешеси бар же жогун тактап сурады. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул суроого мындай жооп берди:

- 700 млн. доллардын мамлекетке, бюджетке тиешеси жок. Муну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтеген.

Ал эми Финполдун төрагасы Бакир Таиров бул каражат соодагерлердин акчасы болгонун айтты:

Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

- «Азаттыкта» айтылган 700 млн. доллар боюнча биз 2011-2017-жылдардагы 17 банктагы документтерди көтөрүп чыктык. Бизде расмий документтер бар. Аларга ылайык 932 млн. 736 миң 365 доллар чыкты. Анда бюджеттин акчасы жок. Бул соодагерлердин товарынын акчасы. Биз банктардан ар бир которулган сандарды алып көрдүк. Акча товарлар, текстил, курулуш материалдары үчүн контракт аркылуу которулган. Бул - соодагерлердин товар жүгүртүүсү.

Белгилей кете турган жагдай - аталган жаңы иликтөөдө айтылгандай, сөз болуп жаткан миллиондордун басымдуу бөлүгү Хабибулла Абдукадыр аттуу адамга, жакындарына жана алардын компанияларына которулган. Анын ичинде кеминде 50 млн. доллар жер алуу үчүн Дубайга которулганын иликтөө так аныктаган.

Абдукадыр менен Финполдун жетекчиси Таировдун жакын туугандары 2014-жылдан бери бизнес-өнөктөш - алар Чаткалдагы сурьма кенин бирге иштетүүдө.

Жыйындын соңунда өкмөттүн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жана аткезчилик менен ташылып келген товарларга каршы жүргүзгөн ишин Жогорку Кеңеш жетишсиз деп тапты.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет бул маселени Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет менен бирге карап, ага «канааттандырарлык эмес» деп баа берген. Бирок депутат Өмүрбек Бакиров аны «жетиштүү эмес» деп өзгөртүүнү сунуш кылып, жыйынга катышып отурган 74 депутат колдоду.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов муну менен парламент өзүн өзү жаман көрсөтүп алганын айтты жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон «эмки алты айлыкта алгылыктуу иштерди жасагыла» деп талап кылды.

Кыргызстанда аткезчиликтин, коррупциялык схемалардын айынан көмүскө экономика көйгөйү курчуганы расмий деңгээлде айтылып келатат.

4-декабрда «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин жаңы иликтөөсү чыкты. Иликтөөдө нак акча ташыгандардын түйүнү жылдар бою миллиондогон долларды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып турганы, көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келгени баяндалат. Бул системанын ийне-жибине чейин билиш үчүн декларациялардын, авиакаттамдардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы жана башка документтери текшерилип, бир катар интервьюлар алынды.

4-декабрда Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө боюнча комментарий берген. Мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда тараткан билдирүүдө «ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, бажы декларациясы Биримдиктин бажы аймагына киргенде же чыкканда акча каражатынын же жол чектеринин жалпы суммасы 10 миң доллардан ашкан учурда жазылары» айтылган.

Бажы кызматы иликтөөдө мурдагы бажы кызматкери Самат Исабековдун «Биз «Манас» аэропорту аркылуу акча ташыларын дайыма көрчүбүз. Тартып алган видеолорубуз буга далил боло алат» деп айтканын келтирип, аны «коомчулукту атайылап адаштырууда» деп айыптаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (30)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG