Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Бажы кызматы журналисттик иликтөөдө айтылгандарга жооп берди


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө боюнча комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда тараткан билдирүүдө «ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, бажы декларациясы Биримдиктин бажы аймагына киргенде же чыкканда акча каражатынын же жол чектеринин жалпы суммасы 10 миң доллардан ашкан учурда жазылары» айтылды.

Бажы кызматы иликтөөдө мурдагы бажы кызматкери Самат Исабековдун «Биз «Манас» аэропорту аркылуу акча ташыларын дайыма көрчүбүз. Тартып алган видеолорубуз буга далил боло алат» деп айтканын келтирип, аны «коомчулукту атайылап адаштырууда» деп айыптады.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.

Ага чейин Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялаган.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG