Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:00

Кембагал өлкөдө «адалданган» миллиарддар


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан жылына банктар аркылуу 90 миллиард доллардан ашуун акча сыртка которулуп турганы айтылды.

Коомчулукта мындай ири өлчөмдөгү акча которуулардын кайсы бөлүгү мыйзамдуу, канчасы жашыруун чыгып кетип жатат деген суроо жаралды. Бирок Улуттук банк акча которууларды жалпы банк операцияларынын туундусу катары гана түшүндүрдү.

Акча кимге таандык?

Парламенттин бейшембиде өткөн жалпы жыйынына катышкан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ири өлчөмдөгү акча которуулар тууралуу маалыматты "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаевдин «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүндө айтылган 700 миллион АКШ долларынын таржымалы тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Депутат Таабалды Тиллаев иликтөөдөгү сыртка чыгарылганы айтылган ири өлчөмдөгү акчанын кимге таандык экенин өкмөт башчыдан сурады:

- Соңку күндөрү 700 млн. доллар тууралуу иликтөө элибизди дүрбөлөңгө салды. Мына ушул маселе боюнча өкмөт так айта албай жатат. Сиз азыр түшүндүрүп бериңизчи, 700 млн. доллар кимге тиешелүү? Бул каражат мамлекеттин акчасыбы же бажыдан уурдалганбы, же башка тараптан келгенби? Мына ушуну тактап коюңузчу. Эгерде мамлекетке тиешеси болбосо, анда аны "мамлекетке тиешеси жок" деп эле айтып коюңуздар. Эл арасында "мамлекеттин акчасы уурдалып, сыртка чыгарылып жатат" деген ой-пикир болуп жатпайбы.

Сыртка ири акча которуулардын көрсөткүчү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул суроого так жооп мекемелер аралык тергөө тобунун жана депутаттык комиссиянын жыйынтыгынан кийин гана анык болорун белгилеп, сыртка акча которуулар боюнча жаңы сандарды атады:

Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

- Биздин оюбуз боюнча ал бизнестин акчасы. Ишкерлердин ортосундагы өз ара мамиле. Кандай жол менен табылганы башка маселе. "Өзбекстандын жүгү Кыргызстанга келип, анан ал жерде калган" деп айтылып жатпайбы. Ал жагын дагы иликтеп көрүш керек. Анан бул жерде бир статистика бар экен. Кыргызстандан бир жыл ичинде 90,5 млрд. доллар башка жакка которулган. 2018-жылы коммерциялык банктардын бардыгынан которулган акчанын статистикасы. 2019-жылдын алты айында 48,3 млрд. доллар башка жактарга которулуптур. Мунун ичинен канчасы жанагы 700 млн. доллардай болгонун текшерүү керек.

Улуттук банк коммерциялык банктардын акча жүгүртүүсү боюнча берген түшүндүрмөсүндө, 90 миллиарддан ашуун доллар өлкөдөгү жалпы банк операцияларындагы бардык транзакцияларда жүгүртүлгөн акча катары чечмелеген.

Анда 2018-жылы өлкөдөгү банктар 88,6 млрд. доллар өлчөмүндө операцияларды жасап, быйылкы жылдын алты айында коммерциялык банктардын операциялары 48,1 млрд. АКШ долларын түзгөнү көрсөтүлгөн.

Кошуналардын үлүшү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы банк саясатынын либералдуу болгону үчүн сыртка которулган каражаттын кайсы бир бөлүгүн кошуна өлкөлөрдөн накталай кирген акча түзүшү мүмкүн экенин белгиледи:

- Биздин аймакка Өзбекстандан келип, анан башка жактарга кетип жаткан болсо, анда биздин банктардын кызматы либералдуу. Арзаныраак акы алынышы мүмкүн. Мына ушулардын бардыгын салыштырганда, Өзбекстандан келген акча биз аркылуу бекеринен башка жактарга чыгып кеткен жок да. Муну этият айтышыбыз керек, бул өзү бизнеске тоскоол болот. Кечээ бир ишкер келип "мен бир айда 200 млн. доллар котордум. Бүт документтери турат. Ушулардын бардыгын эле айта берсеңер кандай болот" деп жатат. Эгерде легалдуу, мыйзамдуу түрдө келе турган болсо, миллиард доллар эмес, триллион болсо да биз аркылуу которулсун. Эгерде аткезчилик жол менен болсо, ага каршы күрөшүү керек.

Акчаны "адалдап" чыгарып кетүүнүн амалы

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда оппозициялык басылмалар анын уулу Максим Бакиевди эл аралык финансисттердин көмөгү менен Кыргызстандагы коммерциялык банктарды өзүнө алып, сырттан кирген акчаны "адалдап" чыгарган "кир жуугучка" айландырды" деп айыптаган жайы бар.

Ал эми Максим Бакиев жетектеген Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттик өлкөдөгү банк тутумун өркүндөтүү жана аны чөлкөмдөгү ири финансы борборуна айлантуу дымагы катары сыпатталган. Анда айрым кошуна өлкөлөрдө банк тутуму бир топ катаал болгондуктан андагы ишкерлер Кыргызстандын банктарынын кызматынан пайдаланууга кызыкдар болгон шарттарды түзүү маселеси көтөрүлгөн.

Банк иши боюнча адис Эркин Абдразаков көзөмөлдүн чабалдыгынан Кыргызстандагы банктар аркылуу сыртка акча чыгарууга ыңгайлуу жагдай түзүлүп калганын белгиледи:

Бизде каалаган коммерциялык банктын филиалы аркылуу деле чет өлкөлөргө акча которо берсе болот. Ошондуктан качкан-бозгондордун бардыгы акчасын адалдап алып чыгарып кетүү үчүн Кыргызстанга келет.
Эркин Абдразаков


- Өзбекстандын банк саясаты боюнча туура эмес, күмөндүү акча которуулар жүргүзүлсө же ал акча коррупциялык иштерге шек саналса толугу менен жеринен эле конфискация болот. Анан ал жактагы инвестиция тартып келген биргелешкен ишканалар дагы ири өлчөмдөгү акчасын коммерциялык банктар аркылуу эмес, борбордук банкка алдын ала билдирме берип, анын уруксаты аркылуу гана чет жактарга которо алат. Мына ошондой ишкерлер сыртка чет өлкөлүк валютада акча которгондо бир топ чектөө коюлуп, алар тыкыр көзөмөлгө алынат. Бизде каалаган коммерциялык банктын филиалы аркылуу деле чет өлкөлөргө акча которо берсе болот. Ошондуктан качкан-бозгондордун бардыгы акчасын адалдап алып чыгарып кетүү үчүн Кыргызстанга келет. Бизде акчанын каяктан пайда болгонун түшүндүрүп берип, ким каякка жана эмне максатта акча которо турганын алдын ала талап кылып, кылдат изилдеп деле отурушпайт.

Банк көзөмөлү

Улуттук банктын билдирүүсүндө сыртка которулган акчанын ири өлчөмүн коммерциялык банктардын бардык банк операциялары, анын ичинде өлкөгө кирип-чыгып айланып турган акча каражатынын агымы түзөрү көрсөтүлгөн.

Ошондуктан мындай жол менен бир жыл аралыгында сыртка бир ирет которулган каражат көп жолу которулган акча катары саналып калышы мүмкүн экени, ошондуктан жалпы банк операциялардын көрсөткүчү 90 млрд. долларды түзүп жатканы белгиленген.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева коммерциялык банктардын бардык операциялары акчаны адалдоого каршы эл аралык банк көзөмөлүнөн өтө турганын билдирди:

- Бизде банк мыйзамдары чынында эле либералдуу. Бирок биздин коммерциялык банктар акча которууларды жүргүзүүдө FATF эл аралык банк көзөмөлүнүн талаптарын аткаруунун негизинде кабыл алынган банк мыйзамдарын катуу сакташат. Анын алкагында мыйзамсыз жол менен табылган акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы чаралар жүрүп, сырттан келген же сыртка чыгарылган акча которуулар көзөмөлдөнүп турат. Ошонун негизинде которула турган акчанын мыйзамдуулугу аныкталып, андан кийин акча которуу операциясы жүрөт. Ошондуктан биз андай тобокелдикке бара албайбыз. Андай болсо эл аралык каржылык уюмдар биздин өлкө менен алакасын үзүп коюшу мүмкүн.

Кыргызстандагы банк жана акча-насыя саясаты 2007-жылы Эл аралык валюта кору тарабынан Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң либералдуу банк тутуму катары таанылган. Анда эл аралык акча которууларга карата чектөөлөрдүн жоктугу жана банк системасындагы акча жүгүртүүлөрдүн эркиндиги артыкчылык катары бааланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (32)

XS
SM
MD
LG