Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:04

Өлкөдөн 932 млн. доллар чыгарылган


Жогорку Кеңеш.

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишинин алкагында 900 миллион доллардан ашык акча өлкөдөн сыртка чыгарылганы расмий кабарланды. «Азаттык» өз иликтөөсүндө бул сумма 700 миллион доллар экенин жарыялаган.

Бажыдагы ушул жана башка аткезчилик фактылары Жогорку Кеңештин эки комитетинин 26-ноябрдагы жыйынында айтылды. Депутаттар мындай чуулуу фактылар үчүн өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты.

Кайра эле «миллиондор» темасы

Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кошмо жыйыны өкмөттүн дарегине кескин сын айтуу менен коштолду.

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн аткезчилик менен ташылып келген товарлар боюнча өкмөттүн отчётунан кийин депутаттар дароо эле «миллиондор» маселесин козгошту.

Алгач депутат Айсулуу Мамашева суроо узатып, артынан эле башка бир эл өкүлү Элвира Сурабалдиева маселе козгоду. Депутат айымдар Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү жана ал аркылуу чет өлкөгө акча которуунун ачыкка чыкканы тиешелүү кызматтардын ишине күмөн жаратканын белгилешти.

Элвира Сурабалдиева вице-премьер министр Жеңиш Разаков менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таировго кайрылды:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- Кызыкчылыктар кагылышы жана аброй дегенди ойлобой калдык. Азыр бизге сырттан келем деген инвестор «булардын аткезчилеринин колдору узун экен, Түркияда болсо да атып салышат» деген бүтүмгө келишти го?! «Бул боюнча иш козголду» деп жатасыңар, бирок ал ачык болушу керек. Баарын жабык карап жатасыңар деп, эл жаман көрүп жатат. Митингге чыкканы да ошондон. Эл «өкмөтүң да, депутаттарың да, баарыңар үлүштө олтурасыңар» деп айтып жатат, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бул жерде маалыматты кантип бурмаласак деле бийликте отургандардын баарыбыз күнөөлүү болуп калып жатабыз. Бакир Дуулатович, сиздин атыңызга байланыштуу да бир топ нерселер айтылды. Ошондуктан иликтөө жүрүп жаткан учурда сиз кызматтан четтеп турушуңуз керек, аралашпашыңыз керек.

Разаков иш боюнча мекеме аралык комиссия териштирүү жүргүзүп жатканын билдирип, компетенттүү органдар гана комментарий бериши керек экенин айтты. Бакир Таиров болсо өзүнө карата дооматтарды четке какты.

Таиров «Азаттык» радиосунун «өлкөдөн чыгарылган 700 млн. доллар» жөнүндө айтылган иликтөөсүнө байланыштуу иш Жазык кодексинин 215-беренеси («Акчаны адалдоо») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын тактады. Анын айтымында, тергөө иштеринин алкагында Айеркен Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиаму, ошондой эле «Абдыраз» ишканасынын сыртка которгон акчасынын банктык документтери алынган. Сумма болсо андагы айтылган каражаттан да кыйла көп болуп чыкты.

Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

- 17 банктан үч жарандын акча которушун көтөрүп чыктык. Толтурулган акча каражаттары Саймаити, Вуфули жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан Кытайга, Түркияга, Литвага, Британияга, Германияга жана башка өлкөлөргө которулган. Алынган банктык документтерди талдоодо Айеркен Саймаитинин, Вуфули Бумаилиамунун жана «Абдыраз» коомунун эсептерин толуктоонун негизги булагы накталай акча болгон. Ал эсептерге акча алардын өздөрүнөн, жалпысынан сегиз адамдын атынан которулуп турган. Калгандарынын аттарын айта албайбыз. Бирок акчанын суммасы 932 миллион 736 миң доллар сумма болгон, - деди Бакир Таиров.

Таиров белгилегендей, алар акча которууну «кездеме, курулуш материалы, электрондук товар, карызды кайтаруу, жер жана мүлк сатып алууга» деп көрсөтүшкөн.

Буга чейин Финансы полициясы тарабынан Айеркен Саймаитинин акча которушу боюнча документтер алынып, жыйынтыгында 2013-2017-жылдар үчүн 2 млрд. 602 млн. сомду кошумча түрдө киреше салыгы катары төлөтүү боюнча чечим чыкканы кабарланган.

Август айында салыктарды төлөөдөн качканы боюнча Саймаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ага «өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу» деген айып коюлуп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун сентябрдагы токтому менен камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган.

Бишкектеги митинг.
Бишкектеги митинг.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, ал коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Анда бул которулган акча каражаттарына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы чагылдырылган. Мындан кийин социалдык тармактарда нааразылык күчөп, жүздөгөн тургундар Бишкекте митингге чыгышты.

Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында инисине коюлуп жаткан дооматтарды четке какты:

- 700 миллион доллар боюнча Кыргызстандын бардыгы билет, депутаттар да билет - ал эмне болгон акча, каякка кеткен акча. Бирок билип туруп саясатташтырып жатасыңар. Эмне үчүн буга ошол убакта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалары жооп бербейт, эмне үчүн орун басары жооп бериши керек? Бардык массалык маалымат каражаттары менен тегиз иштешип жатам. Бирок ар бир нерсени айтканда да, бергенде да өзүнүн аты менен берсеңер. Кечээ каза болгон бир уйгурдун сөзү менен иликтөө кылдыңар. Бул жерде олтуруп алып мен деле бирөөнүн үстүнөн айтып коё берсем, ошого ишенип жаза бериш керекпи? «Азаттыктын» журналисттери, ар бир нерсени бергенде тактап берсеңер, элди адаштырбай.

Аткезчилик жана кыскарган төлөм

26-ноябрдагы эки комитеттин биргелешкен жыйынында чек арадагы товарларды аткезчилик менен ташуу көбөйүп жатканы, өзгөчө күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу азайбай жатканы белгиленди. Мындан сырткары буудай, тамеки сыяктуу товарларды сатууда кошумча нарк салыгы жана акциздик салыктарды чогултуу жетиштүү жүрбөй жатканы сынга алынды. Бул кайра келип бажы төлөмүнүн, салыктын азайышына алып келип жатканы айтылды.

Кыргызстанга Кытайдан келген импорт боюнча Бишкек менен Бээжиндин бажы органдарындагы маалыматтарда айырмачылыктар өтө чоң болуп жатканын айткан депутат Мирлан Жээнчороев бул көрүнүштөргө жалпы өкмөт күнөөлүү экенин белгиледи:

- 2018-жылы кеминде 6 миллиард сом бюджетке түшпөй калды. Быйылкы жыл боюнча аз күн мурдараак салык боюнча өзгөртүүлөрдү алып келгениңерде 6,2 миллиард сом чогултулбай жатканы ачыкка чыкты. Түшпөй калган акча жыл аягына чейин 8 миллиард сом болуп калышы ыктымал болуп жатат. Бул өлкөдө ишкердик солгундап кеткенин түшүндүрөт. Ишкерлер силерге ишенбей калды. Мунун баары өкмөттүн күнөөсү. Мойнуңуздарга алып туруп, Абылгазиев өзү баш болуп кызматтан кетишиңер керек.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзү жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 152 факты аныкталганын билдирди. Ал аткезчиликтин башка түрлөрүн жок кылуу боюнча өкмөт тынымсыз аракет кылып жатканын айтты:

- Тийиштүү сервистер курулуп бүтсө ЕАЭБдин алкагында товарларды жүгүртүү маселеси толук көзөмөлгө алынат. Ал эми калган чек ара боюнча аткезчиликтин деңгээли көбүрөөк деп айтсак болот. Бул багытта да биздеги азыр киргизилип жаткан инспекциялык-кароо комплекстери, электрондук фиксация ишке кирсе аткезчилик азайганы дагы сезилет деп ойлойм.

Маалым болгондой, ушул айдын башында кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө жайында инспектордук-кароо комплекси ишке кирген. Өкмөт Кыргызстандын чек арасындагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайдын ичинен 12си модернизацияланганын, алардын алтоо ошондой комплекс менен жабдылганын кабарлаган. Бул бажыдагы аткезчиликти алдын алаары айтылган.

Бирок ошол эле кезде айрымдар маселени кененирээк карап, жалпы эле ЕАЭБдеги өнөктөштөрдүн ортосундагы алакаларга сын таккандар да бар. Жогорку Кеңештин эки комитетинин аткезчиликке арналган кошмо жыйынында депутат Кенжебек Бокоев тоскоолдуктар токтобой жатканын айтып, «зарыл болсо Кыргызстан бул уюмдан чыгышы керек» деген пикирин ортого салды:

- ЕАЭБге кирип жаткан учурда ошол мезгилдеги премьер-министр Темир Сариев төрт эркиндик жөнүндө айткан. Алар финансы каражаттарын эркин жүгүртүү, товарларды эркин жүгүртүү, жарандардын ээн-эркин катташы жана кызмат көрсөтүү өлкөлөр ортосунда эркин жүрүшү керек болчу. Мына, товарларды алалы, эмне үчүн Казакстандан күйүүчү майды эркин ала албайбыз? Экинчиси финансы, акча которууга 100 миң рублдук чектөө коюп коюшпадыбы. Айыл чарбасын алсак, Орусия менен Казакстандан миңдеген уйлар келип жатат, а биз Казакстанга бир да тирүү мал чыгара албай жатабыз. Алардан эт-сүт же башка тамак азыктары бизге ээн-эркин келет, ал эми биздики аларга эркин кире албайт. Анда ЕАЭБдин маңызы эмнеде? Бул чектөөлөр менен биздин мүчө катары укугубузду бузуп атышпайбы. Анда анын эмне кереги бар? Чыгышыбыз керек, мындай уюмдан!

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (53)

XS
SM
MD
LG