Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Атамбаев менен Абдукадырдын сырдуу түйүнү


«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөдө аткезчилик чийимдердин башында турган адам катары аталган Хабибулла Абдукадыр менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жубайы Раиса Атамбаеванын чогуу түшкөн сүрөтү Интернетке жарыяланды.

Бул Атамбаев менен Хабибулланын ортосундагы көмүскө ишкердик жана каржылык ири алыш-беришке байланышкан алардын ымаласы тууралуу талкууну күчөттү. Кой-Таштагы, "Ала-Арча" резиденциясындагы хан сарайлардын, шаарда заңгырган чоң мечиттин курулуштарынын каржы булактарын иликтөө демилгелери көтөрүлдү. Factchek.kg сайты бул сүрөттү иликтеп чыгып, анын аныктыгы боюнча корутунду чыгарды.

Ал эми мурдагы президенттин тарапкерлери соцтармактарга тараган фотосүрөттүн аныктыгын да, Хабибулла Абдукадыр менен тыгыз катышта болгонун да четке кагууда.

Сүрөттөр эмнени сүйлөйт?

Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөнүн башкы каарманы Хабибулла Абдукадыр менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жубайы Раиса Атамбаеванын чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды.

Бирок бул сүрөт түп нускабы же же фотошопто жасалмаланганбы - анык далил жок. Сүрөт боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жубайы Раиса Атамбаева же алардын өнөктөшү катары сыпатталып, азыр каякта экени белгисиз Хабибулла Абдукадыр да азырынча үн катыша элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Интернетке чыккан сүрөттүн чын экени, бул эки адамдын алакасы да шек туурдурбасын айтып, ага алардын буга чейинки карым-катышын көргөзө турган өз жүйөсүн келтирди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Интернетке тараган сүрөт "фейк" эмес. Алардын ортосунда чындап эле тыгыз мамиле, карым-катнаш болгон. Аткезчилик чийимдер менен акчанын агымын ээн-эркин алып чыгып турган көрүнүштөр Хабибулла Абдукадырдын Кыргызстандын ошол кездеги бийлиги менен мамилесинин өтө тереңдеп кеткенин билгизип турат. Ошол кездеги мамлекет башчы Атамбаевдин жеке колдоосу болбосо, бийлик анын иш-аракетине таптакыр эле көз жуумп коймок эмес. Ошондуктан Атамбаев Хабибулла Абдыкадыр менен мамиле түзүп, анын каражатын пайдаланып турганы айдан-ачык эле көрүнүп калды. Анан эле "мен аны билбей калыпмын, аны менен мени башка бирөө тааныштырган" деп четке чыга берген туура эмес. Атамбаев кезинде "чет элдик бай досторум, жардам берип жатат" деп байма-бай кайталап, улам айтып жүргөн "досу" мына ошол Хабибулла Абдыкадыр болуп чыкты. Ошонун эсебинен Атамбаев Бишкектеги заңгыраган "7-апрель" мечитин, Кой-Таштагы хан сарайдан сырткары, мамлекеттик резиденциянын ичине наркы асман чапчыган дагы бир резиденциянын имаратын курдурду. Ошонун бардыгын ал "досторум каржылап берди" деп жүргөн. Эми мына ошол акча каражатынын булактарын текшерип чыгып, анын ордуна кандай кызмат көрсөтүү болгонун аныктоо зарыл. Анткени бул жерде кандай кызыкчылыктар болгону эми ачыкка чыгып жатат.

Абдыкадырдын инаугурациядагы изи

Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы президенттик кызматка киришкен расмисинде коноктордун арасында отурган Хабибулла Абдукадырдын сүрөтү жарыяланган.

Инаугурацияда отурган Хабибулла Абдыкадыр.
Инаугурацияда отурган Хабибулла Абдыкадыр.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Хабибулла Абдукадырды инаугурацияга ошол кездеги президенттик аппарат чакырганын билдирген.

Ал кезде президенттик аппаратты Фарид Ниязов жетектеп турган. Бирок Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мурдагы президенттин Хабибулла Абдукадыр менен тыгыз байланышы болгонун четке какты:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Сүрөттү фотошоп деп айтып жатышат. Мен анысын билбейм. Бирок ал сүрөт фотошопко окшошуп турат. Алмазбек Атамбаев 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков аны менен тааныштырганын мага деле айткан. Жээнбековдун досу болгону үчүн ал инаугурацияга чакырылып, жогорку сыйлуу коноктордун арасында отурган да. Бул боюнча өзүнүн кайрылуусу аркылуу мурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов айтпадыбы. Инаугурацияны уюштуруу боюнча 16 адамдан турган жумушчу топ болгон экен. Анын арасынан үч эле кишиси ошондогу президент Атамбаевдин аппаратынан болгон. Калгандарынын бардыгы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы адамдардан турган.

Factcheck.kg сайтынын маалыматы

“Фейк” маалыматтардын, фото, аудио жана видео материалдардын жасалмалуулугун изилдей турган Кыргызстандагы factcheck.kg интернет сайты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Хабибулла Абдыкадыр менен кучакташып түшкөн сүрөткө анализ жүргүзүп, анда фотомонтаждын элементтери жок деген тыянак чыгарды.

factcheck.kg интернет сайты Adobe Photoshop жана Forensically онлайн-сервизин колдонуу менен сүрөттө фальсификациялоонун алгоритми жоктугун жана адатта фотомонтажда колдонулчу артекфактардын, кескилөөнүн жана фондор менен түстөрдүн дал келбөөчүлүгү табылган жок деген жыйынтык чыгарган. Ошентип техникалык анализдин негизинде бул сүрөттүн чыныгылыгында күмөн жок экени боюнча корутунду чыгарылган.​

"Көөнө" достук, көмүскө долбоорлор

«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөдө аты аталган жашыруун уйгур үй-бүлөсүнүн башчысы, 55 жаштагы Хабибулла Абдукадыр Кытайда төрөлгөн. Анда ал Кытайдан Кыргызстан аркылуу товар ташып, андан ары Борбор Азия менен Орусиянын базарларына жеткизген карго тутумун негиздегени белгиленген.

Бийликтеги таасирдүү адамдар менен байланышып, анын аркасы менен аткезчилик каналдарын ачкан бул үй-бүлө Кыргызстанда тоо-кен тармагын иштеткен "АКА-Минералз" компаниясын негиздеп, ал мурдагы президенттин тушунда "Акылдуу шаар" долбоорун иштетүү укугун алууга да жетишкен.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов кезинде "Атамбаевдин 11 досу" деген иликтөөсүндө мына ошол тууралуу баяндаган:

- Сапар Исаковдун өкмөтү ага чейин эч кимге аты-жыты белгисиз "АКА-Инвест" деген компания менен келишимге кол коюп, "Акылдуу шаар" долбоорун ага тендерсиз эле өткөрүп бербеди беле. Бул каяктан чыккан компания деген маселенин үстүндө баш катырып калышкан. Анын артында Дубай менен Мүнхенде катталган компаниянын уйгур тектүү кожоюндарынын ысымдары чыккан. Ошол эле компаниянын мурдагы аталышы болгон "АКА-Минералз" компаниясы Чаткалдагы Терек-Сай сурьма кенин иштете турган "Терек-Сай жаштары" деген компанияны негиздеген. Бул компаниянын аты мына ошол эле жылы январь айында "АКА-Инвест" болуп өзгөртүлгөн. Бирок анын "Акылдуу шаар" долбоорун утуп алган макулдашуу мына ошол Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам жокко чыгарылганы белгилүү.

"Акылдуу шаар" аркылуу акча адалдоо аракети

Парламент депутаты Жанарбек Акаев бул долбоорлордун изи мурдагы президент Атамбаевдин Абдукадыр деген адам менен тыгыз байланышын кыйыр түрдө ырастайт деген ойдо.

Депутат 2017-жылы "АКА-инвест" компаниясы кийин "Акылдуу шаар" долбооруна катышып, ошол кезде бийлик аны алдыга сүрөп чыккан иштин түйүнү эми гана чечиле баштады дейт:

- Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда "АКА-Инвест" деген компания менен келишим түзгөн. Ага мындай сунушту, буйрукту же көрсөтмөнү ошол кезде ким бериши мүмкүн эле? Албетте, Атамбаев. Ошондон эле алардын күмөндүү бизнес байланыштарынын деңгээли кандай болгонун билсе болот. Эми айыбы ачыла баштаганда "анын бардыгына Жээнбеков күнөөлүү, биз ал кишини билген эмеспиз" дегени - бет тырмоочулук. Ошол долбоорду алып туруп, ошол аркылуу акчаны адалап чыгаруу боюнча күңүрт схемаларды иштеп чыгып, жайылтуу максаты болушу мүмкүн. Мына ошондуктан алар аталган долбоорду алууга аракет кылышкан.

Германиянын юридикалык базасында катталган "АКА-Петролиум" компаниясынын жетекчиси катары Хабибула Абдукадырдын аты көрсөтүлгөн. Хабибулла Абдукадыр башында турган уйгур үй-бүлөсү акчаны адалдаган аткезчилик чийимдери тууралуу аны менен көп жыл иштеп жүрүп, 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон Айэркен Саймаити жакында Стамбул шаарында киши колдуу болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​


XS
SM
MD
LG