Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Саймаитинин өлүмү, өкмөткө сын


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Жогорку Кеңештин депутаттары Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги окуялар боюнча өкмөттүн жоопкерчилигин козгошту.

Маркум жүргөн автоунаа консулдукка тиешелүү болуп чыкканы жана аны өлтүрдү деп кармалгандар Кыргызстандын жарандары болгону тууралуу маалымат тиешелүү органдардын ишине сын жаратты. Өкмөт болсо теманы баяндоо менен гана чектелди.

Жоопкерчилик маселеси козголду

Чуу жараткан кылмыш боюнча маселени 13-ноябрдагы парламент жыйынында биринчилерден «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов көтөрүп, өкмөттүн маалымат беришин талап кылды. Ал Кыргызстанда кылмыштуулук күчөп баратканын белгилеп, бул үчүн аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин эскертти.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Биз 1950-жылдардагы Сицилияга окшоп баратабыз. Кыска убакытта аба майданындагы автоунаадан ишкердин сөөгү табылды, «Мадина» базарында соода кылган ишкер өлтүрүлдү, «Кыргыз көмүр» стратегиялык мамлекеттик ишканасынын жетекчисин сабап кетишти. Бул кылмыштар - мамлекетке чакырык. Түркияда Кыргызстандын казынасына 5 млрд. сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн Саймаити өлтүрүлдү. Аны өлтүргөн адамдар Кыргызстандын паспорту менен, Саймаити айдап жүргөн машине дипломатиялык номер менен чыгып жатат. Ошону да көрмөксөн болуп жүрө берелиби? Бул өзгөчө кырдаал да! Премьер-министр да унчукпайт. Же Батукаев Орусияда элчинин машинесинде жүрсө да унчукпайбызбы?

Депутаттар Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев жана Дастан Бекешев да ушул теманы козгоп, өкмөттүн маалыматын угуу сунушун колдошту.

Күн тартибинде өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы каралышы керектигин айткан айрым эл өкүлдөрү буга убакыт жетпей турганын кошумчалашты.

Талаш-тартыштан соң талкуусу жок маалымат угуу чечими кабыл алынды. Түшкү тыныгуудан кийин өкмөттүн курамында парламентке келген ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чакан билдирүү жасады. Ал соңку убакта Кыргызстанда өлтүрүлгөн эки ишкердин өлүмү тууралуу баяндап, соңунда Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин жагдайын кыска гана комментарийледи.

- Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн. 28 миң 168 доллар турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган,-деди министр.

ИИМ билдиргендей, 2017-жылы министрликтин Тергөө бөлүмү Саимаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган. Буга кыргызстандык ишкерлердин биринин арызы себеп болгон.

Аталган мекеменин маалымдашынча, кытай жараны Айеркен Саимаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган. Иш сотко өткөрүлүп берилген.

Саимаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланганын 12-ноябрда билдирген. Аталган мекеме ишкер кайсы иш боюнча изделип жатканын кабарлаган эмес.

Суроосуз парламент, жоопсуз өкмөт

Жогорку Кеңештин жыйынында Кашкар Жунушалиевдин сөзүнөн кийин төрага Дастан Жумабеков мурдараак бул теманы талкууга чек коюлганын эскертип, өкмөттүн мүчөлөрүнө суроо берилбей турганын айтты.

Ошентсе да эл өкүлү Дастан Бекешев Стамбулдагы иштен алынган башкы консул жана анын автоунаасы, ага тагылган дипломатиялык номер жөнүндө тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго суроо узатты. Министр мындай маалымат берди:

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

- Айтылган маселе боюнча кемчилик бар эле. Ушул жылдын башында дал ушул номерлерди пайдалануу боюнча элчиликтерге, башкы консулдуктарга тиешелүү кагаздарды жазып, маалымат бергиле деп талап кылганбыз. Жыйынтыгында кеп болуп жаткан Эркин Сопоковго сөгүш жарыяланган, анын айдоочусу кызматтан бошотулган. Бул боюнча документтер биздин архивибизде бар. Мындан сырткары ал өткөн жылдар боюнча салык жөнүндө кагаздарды тапшырган эмес жана акыркы окуялардын негизинде биз аны иштен алуу боюнча президентке сунуш киргиздик. Натыйжада кечээ президенттин жарлыгы чыкты. Автоунаа Сопоковдун менчиги болгон жана ал жеке компанияга колдонууга берип койгон. Бул боюнча мыйзам чегинде жооп берет. Калган маселе жөнүндө Тышкы иштер министрлигинин пресс-релизи буга чейин жарыяланды.

Ошентип күн башында маселе көтөрүлгөнү менен өкмөт келгенден кийин мындан башка суроо болгон жок. Натыйжада өкмөт башчы жана башкалар да аталган темада позицияларын айтышкан жок.

Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Алгач Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Аднан Кылыч «Азаттыкка» кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлаган.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандар кыргызстандыктар болбошу да мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. Буга кошумча аталган автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган. Бирок коомчулукта бул окуя президенттин жана парламенттин беделине да доо кетиргенин айткандар бар.

“Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө коомдук ишмер Алмаз Кулматов буларга токтолду:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

- Эч кимге аты-жыты белгисиз, Кыргызстанда ызы-чуу болуп жаткан, айрым бир кокустан байып кеткени белгилүү болуп жаткан адамдарга байланыштуу болуп жаткан инсандын өлүмү биздин өлкөнүн беделине шек келтирди. Криминал бүтүндөй дүйнөдө бар, кафеде же башка жерде атышып жатат. Бирок ушул кылмыш биздин Кыргызстандын бетине көө жаап, дүйнөгө жаман жагынан таанытып жатканы кейиштүү көрүнүш. Эми буга бийлик адекваттуу мамиле кылууга тийиш. Дипломатиялык этика маселеси бузулганы көрүндү. Ушуга окшогон нерселер менен эл талап кылып жаткан мыйзамдуулукка балта чабылып жатат. Бийликтин, президенттин коррупция менен күрөшүнө көлөкө түшүрүүдө. Эми мындай жагдайда өкмөттүн колунан эч нерсе келбей жатса, анда жоопкерчиликти президент алышы керек. Бирок президенттин конституциялык укугу жок, демек анда кайра келип конституциялык укугу бар парламентке барып такалат. Эми алардын интеллектуалдык деңгээли жетсе, абийири жетсе жоопкерчиликти ала алат.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG