Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Саймаитинин өлүмү түрк медиасында


Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу Түркиянын басылмалары «Кыргызстандын дипломатынын машинасы аралашкан сырдуу өлүм» деген сыяктуу темада макала жарыялашты.

Бул окуя жөнөкөй кол салуу эмес, эл аралык мааниде изилдене турган кылмыш иши катары бааланууда.

11-ноябрда Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалымат агенттиги кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалганын кабарлаган. Анда куралдуу кол салууга тиешеси бар шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталгандан кийин алар Стамбул полициясы жүргүзгөн атайын операцияда Адана аймагынан Сирияга качып бараткан жеринен кармалганы жазылган. Агенттиктин маалыматы боюнча кармалгандар суракта «уйгур ишкерди Кыргызстандагы аласа-бересе маселесинен улам өлтүрүшкөнүн жана кол салуу болгон жерге айдап барган машинени Стамбулдун Пендик аймагына таштай качышканын» айтып көрсөтмө беришкен. Ошондой эле шектүүлөр айдап жүргөн машиненин чоо-жайына байланыштуу терең иликтөө башталганы айтылат.

Түркиянын эң көп нускада чыккан басылмаларынын бири «Sözcü» гезити сөз болуп жаткан Саймаитинин өлүмү тууралуу «Кыргызстандын дипломатынын машинеси аралашкан сырдуу өлүм» деген темада макала жарыялады. Анда Саймаитиге кол салган шектүүлөрдүн кармалганы кабарланат. Бирок андан да маанилүүсү - киши колдуу болгон ишкердин Кыргызстандын башкы консулдугуна караштуу машинени минип жүргөнү бул өлүмдүн «сырдуу» жана терең изилдене турган кылмыш экенин көрсөтүп турганына басым жасалган. Ошондой эле «Sözcü» басылмасы Саймаитинин аты Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион долларга аралашканы бул окуяны изилдеген түрк полициясына жаңы жагдайларды ачып, бир топ маалымат берерин кошумчалаган. Баса белгилей кетчү нерсе - бул макалада уйгур ишкердин өлүмү «эл аралык эсептешүүнүн» бир бөлүгү катары сындалганы тергөөнүн нугун бурат деп боолголонот.

Жергиликтүү «Hürriyet» басылмасы Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу көлөмдүү макала чыгарды. Макалада 10-ноябрда өлтүрүлгөн уйгур ишкердин аты Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион долларга байланыштуу аталып жүргөнү үчүн анын өлүмү терең изилдөөнү талап кылары белгиленет. Окуя болгон күнү мейманкананын жанындагы автоунаанын номуру жасалма экенинин жазган «Hürriyet» гезити бул жолку макаласында «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык экенине басым жасаган. Ошондой эле гезит Стамбул прокуратурасы изилдеп жаткан кылмыш иши кылдат иликтенерин белгилеген.

Ал эми айрым социалдык тармактардагы айрым түрк жарандары өз комментарийлерде уйгур ишкердин киши колдуу болгону журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө түспөлдөшүп кетээрине басым жасап жатышканы байкалат. 2018-жылы Стамбулдагы Саудиянын башкы консулдугунда киши колдуу болгон журналисттин өлүмүн изилдеш үчүн түрк полициясы дипломатиялык мекеменин имаратына кирип, консулдуктун автоунааларын текшере албагандыгы менен жакында болуп өткөн окуя салыштырылууда.

Соцтармактардын колдонуучулары Саймаитинин өлүмүндө Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун автоунаасын ишкер минип жүргөндүктөн аны териштирүү көп убакытты жана терең изилдөөнү талап кылаарын жазып жатышат. Айрым колдонуучулар Түркияда дипломатиялык номурдагы автоунааларды күч органдары текшере албагандыктан кыңыр иштин көбү дал ушундай машинелер менен байланышта болоорун жазышкан.

1963-жылы түзүлгөн «Консулдук алакалар жөнүндө» Вена макулдашуусунун 31-беренесине ылайык өлкө аймагындагы чет элдик консулдук өкүлчүлүктөрдүн жана элчиликтердин имараттары жана дипломатиялык кызматка катталган автоунаалар текшерилбейт. Ал эми жол эрежелерин бузган дипломат айыппул төлөөгө милдеттүү.

Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу түрк басылмаларындагы акыркы кабарларда кол салууга шектүү кармалгандардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык болгону айтылган. Алардын биринин паспорту жасалма экени, эки кыргызстандык Түркияга бир ай мурун келгени кабарланды. Азырынча окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат бериле элек.

Эске сала кетсек, «Азаттыктын» май айында жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде кылмышкерлер атып кетишкен. Саймаити ооруканада көз жумган.

Стамбул шаардык прокуратурасы куралдуу кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал ортодо Айеркен Саймаитиге быйыл сентябрда Кыргызстанда издөө жарыялаганы ачыкка чыкты. Буга чейин Финансы полициясы Саймаити жубайы экөө өздөрүн жеке ишкер катары каттаткан банк эсептери аркылуу жалпы 646 879 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнүн ырастаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG