Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 09:18

Кыргызстандан изи сууган миллиондор


Ишенимдүү булактарыбыз 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан бир нече банк аркылуу 700 миллион доллар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин билдиришти.

Анын кеминде 250 миллион долларын ырастаган ондогон документ, банк дүмүрчөктөрү колубузга тийди. Документтердин айрымдары каражаттарды Кыргызстандан чет өлкөлөргө которгон адам Матраимовдордун фондуна да акча жөнөткөнүн көрсөтүүдө.

Биздин булактар дагы «жүз миллиондогон доллар, килограммдап алтындар баштыктарга салынып, кол менен чет өлкөлөргө чыгарылып кеткен» деп сүрөттөрүн көрсөтүштү. Бул маалыматтарды «Азаттык» тактап жатат.

Аты белгисиз Айеркен Саймаити

Жогоруда документи колубузга тийген 250 миллион доллар жеке ишкер Айеркен Саймаити аттуу адам жана ошондой эле «Абдыраз» аттуу жоопкерчилиги чектелген коом аркылуу чыгарылган экен.

Кыргыз коому өзүн көрмөк тургай атын укпаган кайсы бул кайсы мультимиллионер?

Из Ошко алып барды. Себеби, жеке ишкер Айеркен Саймаити Оштун Масалиев көчөсүндөгү 68/1 дарегинде катталганы документте көрсөтүлгөн. Бирок «Google» да, биз да, оро-парадагы башкалар да, жада калса ошол кварталдын комитетинин жетекчиси да бул даректи таба албадык.

Ушул эле Масалиев көчөсүндө, аркы беттеги 67/2 номерлүү үйдө Вуфули Бумаилиаму аттуу «жеке ишкер» катталган. Биз ал Айеркен Саимаитинин аялы, Кытайдын жараны экенин билдик. Бул аял тууралуу эмнеге кеп козгогонубузду бир аздан кийин билесиз. 37 жаштагы Айеркен Саймаити да уйгур улутундагы Кытайдын жараны. Бул маалыматты биз кыргыз милициясы издөө салгандардын арасынан таптык. Саймаити кимдир-бирөөнүн 3 млн. долларын алып, бербей койгон деп шек саналып, эки жылдан бери издөөдө.

Миллиондорду «тапкан» Баткендеги базар

Сөз болуп жаткан 250 миллиондун теңи «Абдыраз» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом аркылуу сыртка которулган. Документ боюнча «Абдыраз» Баткендин Ноогардан айылында катталган. Ошол жердеги «Ноогардан-Атуш» аттуу кыргыз-кытай базарына ээлик кылат. Биз ал жакка да бардык.

Күн ысык. Соода солгун. «Эки жылдан бери эптеп кылдырап атабыз» деп кейиди базардын ээси, «Абдыраздын» негиздөөчүсү Назия Турдалиева. Анын айтымында, мындагы уйгур соодагерлердин көбү Кытайга чакырылып кеткен бойдон кайткан эмес. Бир нече гектар жерди ээлеген контейнерлердин арасында эки гана өтмөк иштейт. «Соода жакшы жүрүп турганда бул товарлар менен күнүнө бир нече миллион доллар табылып турганбы?» деп сурадык.

- Күнүнө бир эле «КамАЗ» келет болчу. Арзан товарлар келет эле, - деп сөзүн баштады Турдалиева. - Ишенсең, эң кымбаты 80-60 сом. Арзаны 10 сомго чейин түшчү. 30 сомдук футболкаларды сатышат эле, ишенесиңби? «Тобо кылдым, булар уурдап келгендей эле сатышат экен» деп таң калчу элем.

Базар ээсин таң калтырмак тургай чочуткан маселе кийин билинген. «Абдыразга» убагында Айеркен Саимати менен Назия Турдалиева ээлик кылчу. Кийин Турдалиева аны бүт өзүнө кайра каттатып алган.

- Мен «Абдыразды» ачканда башка уйгур бар болчу. Хамид деген. Андан кийин Эркин келди. Бул жердеги уйгурларга Кытайдан товар алып келсе керек эле. Биякта турчу эмес, Ошто жашайт эле.

- «Абдыраздан» күнүнө 100 миңдеген долларлар чет өлкөгө чыгарылып турчу экен. Кабарыңыз болгонбу?

- Такыр кабарым болгон эмес. Болгон эмес. Мага Эркин такыр айтпайт эле. Шериги болсом да айтпай иш кылган. Кийин ал кетип калгандан кийин уккам, товар чыгарыптыр, «Абу-Сахий менен иш кылыптыр, Өзбекстанга «Достуктан» товар киргизиптир» деп уккам. Мага онтип айткан эмес туурасы.

- Мөөр сизде беле?

- Мөөр анын өзүндө (Саймаитиде - ред.) болчу. Кийин мен тополоң кылып алгам.

- Эмнеге тополоң кылдыңыз?

- Мисалы анын уйгурларга товары келгенин билет элем. Ошого декларация төлөгөнбүз. Андай миллион-силлиондорду такыр билбейм, мен.

«Ноогардан-Атуш» базары.
«Ноогардан-Атуш» базары.

Маалымат үчүн айта кетели, «Абдыраз» ээлик кылган «Ноогардан-Атуш» базарынын 2013-жылдан ушул күнгө чейин жүгүрткөн соодасы, же болгон-бүткөн акчасы 1,15 млрд. сом гана болгон. Долларга айлантсак 16,5 миллион гана. Же бул даректен которулган суммадан эселеп аз.

Долларлар сиңген чет өлкөлөр

Түркия, Бириккен Араб Эмираттары (Дубай), Германия, Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Орусия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг жана Гана. Бул Айеркен Саймаити Кыргызстандан акча которгон өлкөлөр.

Кээ күндөрү бир нече жүз миң болсо, айрым күндөрү, бир нече миллион доллар которулган. Коррупционерлерди, ууруларды кууган күн деп Кыргызстан 24-март менен 7-апрелди майрамдап жатканда да которулуп турган.

Биз акчаны алган даректерди карасак, ал компаниялардын көбүнүн аты АКА деп башталат экен. Анын ичинен кеминде экөө көңүлүбүздү бурду.

1. AKA PETROLEUM GMBH

2. AKA IMMOBILIEN GMBH

Ачык Интернет булактарынан карасак, булардын негиздөөчүлөрү же директорлору катары Хабибула Абдукадыр, Айбибула Нуермаймайти, Айбибула Йамаймайти, Айбибула Паливанмухаймайти деген ысымдар көрсөтүлгөнүн биле алдык. Фамилияларына карап, алар жакын туугандар окшойт деп болжодук. Ошондой эле Кудрат Нурмамат деген да бар. Бул ысымдар да бизге абдан тааныш. Эми ошолордун компанияларына, алардын Кыргызстандагы изине, Матраимовдорго байланышына токтололу.

«AKA Petroleum»

Бул компания Германиянын Мюнхен шаарында, Kronstadter деген чакан көчөдө, Хабибула Абдукадыр менен Кудрат Нурмаматка катталган.

Ал эми «AKA Petroleum» жана Касым Курбанов аттуу киши Кыргызстанда «АКА Минералз энд майнинг» аттуу компания түзүшүп, былтыр «Акылдуу шаар» долбоорун «Huawei» компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырмакчы болгон. Бирок кийин өкмөт келишимди жокко чыгарган.

Ушул эле «АКА Минералз энд майнинг» «Мегаком» компаниясын да толук сатып алууга ниетин билдирген. Ушул эки окуяда тең «Бул аты-жыты белгисиз, күмөндүү компания кандайча Кыргызстандагы бирден-бир маанилүү долбоорду жана мүлктү сатып алганы жатат?» деп маалымат каражаттары катуу дүрбөгөн эле. Айтмакчы, бул компания кийин «АКА Инвест» болуп өзгөргөн.

Көрсө «AKA Petroleum» Кыргызстандагы ырыстуу объекттерге тээ мурунтан эле кызыгып келиптир. 2014-жылы Чаткалдагы «Кассан» сурма кенин «Терек-Сай жаштары» деген ЖЧК 4,5 млн. долларга сатып алган. Аты кыпкыргызча болгону менен, бул компаниянын артында турган үчөөнүн бири « AKA Petroleum».

AKA IMMOBILIEN. Бул дагы Мюнхендеги жанагы Kronstadter көчөсүндө катталган. Анын башында тургандардын бири жогорудагы «AKA Petroleum» компаниясынын ээлеринин бири Кудрат Нурмамат. «AKA Immobilien» – Бишкектеги «АвтоСТОлица» ЖЧКсына ээлик кылып келген. Бирок 2017-жылдын 15-декабрында кайра каттоодон өтүп, ага Канатбек Маматов менен Жумаева Минавар Шабыевна ээлик кылып калат.

«АвтоСТОлица» Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү 152-даректе катталган. Ал даректе эски үй, тагыраагы үйдүн жарымы жайгашкан. Бирок кеп анда эмес. Жанындагы көп кабаттуу «Элдорадо» соода комплексинде. Анын дареги Жибек-Жолу 381 деп көрсөтүлгөн. Бирок эки даректи тең «Автостолица» 2021-жылга чейин ижарага алган, ал жердеги курулуштар дал ушул «Автостолицага» таандык.

Минавар Жумаеванын Матраимовдорго байланышы

Эми дагы бир негизги жерине келели. «Элдорадо», анын жерине ээлик кылгандардын бири Жумаева Минавар Шабыевна экенин расмий булактар аркылуу тактадык. Минавар Жумаева депутат Искендер Матраимовдун аялы.

Ушул тапта Factcheck.kg сайты да Матраимовдор тууралуу иликтеп атат, алар да ачык булактардан Минавар Жумаева Бишкектин Асанбай кичи районундагы 23\2 үйдөн 177 чарчы метр тандалма батирге ээлик кыларын ачыкка чыгарышты.

Бул бирок Искендер Матраимовдун декларациясында көрсөтүлгөн эмес. Юстиция министрлиги менен «ОсОО.кж» порталынан карап көрсөк Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаеванын активинде «АвтоСТОлица» гана эмес, Ошто жүргүнчү ташуучу «Пальма и К» компаниясы, дүңүнөн соода жүргүзүүчү «Ош-Плаза» аттуу ЖЧК бар экен. «Ош-Плаза» деп «Гуглдан» издесеңиз, Оштун Төлөйкөн кичирайонунда салынып жаткан көп кабаттуу үйдү көрсөтөт. Бул 14 кабаттуу үйдү «Ихлас» курулуш компаниясы куруу аракетинде. Батирлеринин жалпы аянты 284 665 чарчы метр, ар бир чарчы метри кеминде 46 800 сомдон сатылары көрсөтүлгөн. Ошондо жалпы орточо баасы 13,3 млрд. сом болот.

Эми бул үй салына турган 1 гектар 12 сотых жер кимдики дебейсизби? Матраимова Чынара Ысмайыловнага таандык экенин Мамлекеттик каттоо кызматы ырастап жатат. Райымбек Матраимовдун бир тууган эжеси Чынара тууралуу алдыда дагы кеп болот.

«Тарим транстын» (Абу-Сахий) таржымалы

Кыргызстандан которулган миллиондордун бир бөлүгү Кытайда катталган «Xinjiang Abu-Sahiy import and export trade» аттуу компанияга да жөнөтүлгөн.

Так атын биле албадык, бирок бул компания кытайлык уйгур кишиге таандык экенин маектештерибиз айтышты. Мына ушул «Абу-Сахий» компаниясы - Кыргызстандагы жүк ташуучу «Тарим Транс» компаниясын негиздөөчлөрүнүн бири. Андыктан эл арасына «Тарим Транс» эмей эле, «Абу-Сахий» деген ат менен сиңип кеткен.

Аталган компания Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайдан Өзбекстанга транзит аркылуу өткөрүлгөн товарларды ташыйт. 2019-2020-жылдарга чейин иштөөгө уруксат алган 178 жүк унаасы бар. Ошто эки базасы жайгашкан. Бири Кара-Суу районундагы Кашгар-Кышлак айылынын чок ортосунда. Бир нече гектар аянтты ээлейт.

Эң кызыгы - экинчи база кадимки эле кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бажы бекетинин этегин баса жайгашкан. Мунун аянтын да гектарлап ченөөгө болот. Биерде башка бир дагы карго компаниянын мындай терминалы жок. Калган жүкчүлөрдүн баары аркы жээктеги жалпы токтотмого токтошот. Машинелери башка карголордукунан бир нече эсе көп, бажы бекетине жанаша жайгашкан бул кандай компания? Кыргызстандык жүк ташуучулар «чет өлкөлүк бул карго жергиликтүү шоопурлардын ишин колдон алып койду» деп даттанышты.

Оштогу «Айдоочулар» биримдигинин мүчөсү Исабай Сулайманов мындай деди:

«Алар биздин шоферлорго атаандаш болуп, биз иштеп таба турган пулду да алып жатат. Андан тышкары биз кире турган квоталар, дозволго (убактылуу уруксат кагазы) дагы биздин эсептен кирип атышат. Ошол жүктү эгер биздин Кыргызстандын транспортчулары ташый албаса, башка мамлекеттен алып келип иштетиш керекпи? Биздин шоопурлар үч-төрт айлап «пятакта» жатышат, иши жок, биттеп. Ачка, тишинин кирин соруп. Булар чет өлкөдөн машинени алып келип, бизге конкурент болуп акчаны алып кетип атпайбы. Кеселдин баары ушул жерде. Мамлекетке, элге күйгөн эч ким жок болуп жатпайбы. Бир уйгур жылына 25 млн. доллар акчаны алып кетип калып атат киренин пайдасы катары».

«Достук» бекети.
«Достук» бекети.

«Абу-Сахийдин» бул карго компаниясы Кыргызстанда он жылга жакын убактан бери иштейт. Анын жайын, кантип эң ири, дээрлик монополист каргого айланып калганын бир кезде бажы кызматында иштеген, азыркы депутат Дүйшөн Төрөкуловдон сурадык.

«Негиздөөчүлөрүнүн бири Калмаматов Жыргалбек. Жогорку Кеңештин депутаты эле. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Көп салымы болду. Майда көп фирмаларды чогултуп, чоң фирмага айлантты. Бул киши Өзбекстан тарап же Кытай менен чечише албай калдыбы, кыскасы талашка түштү. Анан башкаларга өттү. Ошондо мен да аралашып калдым. Талаштар болду. Бул жерде негизги маселени бажы чечкендиктен бажынын жетекчиси Матраимов кимге көбүрөөк жардам берсе ачык эле ошол киши алган».

Токтакунов: - Демек «Абу-Сахийди» Райымбек Матраимов колдоп-калкалайбы?

Төрөкулов: - Ошолордун колунан өтүп атпайбы. Бардыгы ошолордун колунан өтүп атат.

Ошентип, «Абу-Сахийдин» Кыргызстан аркылуу жүк алып өткөн ишканасы «Тарим Трансты» үч жылдан бери Нурбек Керимбеков аттуу жигит башкарат. Биз аны менен телефондон сүйлөштүк.

Токтакунов: - Эл «мына, «Тарим транс» Кытайдан жүк алып кирет, бирок бажы алымын төлөбөй жатат» деп атат. Бул канчалык чын?

Керимбеков: - Эл айта берет да. Көрө албай ар нерсе дей беришет. Бажыны толук текшерип көрсүн. Ким кызыкканын текшерсин. Төлөбөсө өтүп, чыгып кетишпейт го.

Токтакунов: - Мисалы ошол жердеги бирөөлөргө «үлүшүн» берип коюп эле анан..

Керимбеков: - Андай жок, андай заман жок.

Токтакунов: Сизди Руслан Матраимов менен аябай жакын» деп айтып жатышат го?

Керимбеков: - Ким айтып атат?

Токтакунов: - Руслан Матраимовду тааныйсызбы же тааныбайсызбы? Мамилеңиз барбы?

Керимбеков: - Мамилебиз бар албетте. Шаарда баары менен эле мамилебиз бар да...

Руслан Матраимов ким?

Руслан Матраимов – Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси. Аны ишкер катары тааныштырып жүрүшөт. Документ боюнча ал Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна жана «Эрем» спорттук клубуна ээлик кылат. ОсОО.кж сайтына үңүлсөк, фонд түзүлгөндөн бери бюджетке эч кандай салык же алым төлөбөй келип, 2018-жылы түшүнөн чочугандай 618 миң сом төлөптүр.

Руслан Матраимовго катталган экинчи компания - «Эрем» спорттук клубу. Юстиция министрлигинин базасы «Эрем» бюджетке бир тыйын төлөбөй келип, 2017-2018-жылдары 150 миңдей сом төккөнүн көрсөтүүдө.

Руслан Матраимовдун расмий түрдө бажы тармагына эч тиешеси жок. Бирок «Азаттыктын» буга чейинки иликтөөсүндө анын аты аталып, «Достук» бажы бекетин көзөмөлдөй тургандыгы айтылган. Бул ирет барганыбызда да Өзбекстандан Кыргызстанга товар ташыгандар кудум ошондогудай арыз-армандарын айтышты. Ал түгүл бул ирет Райымбек Матраимовдун эжеси да ишке аралашканын айтып жатышат. Бул кишилер жүзүн карапайым элден эмес, дал Матраимовдордон жашырып коюшубузду көптөн-көп өтүнүштү.

Өзбекстандан тиричилик буюмдарын ташыган киши: «Райымбектин бир тууганы, Өзбекстан менен жүк ташыган эжеси бар, Чынара деп коюшат. Ошол бүт биздин жүктөрдү алып коюп жатат. Алар бажы төлөмүн арзан кылышат. Райымбектин эжеси болгон үчүн бажычылар аны текшербейт. Биздин машинелерди чыгарсак текшерет, карайт, чукулайт, бажы алымын көтөрүп коет. «Шапкесин» сурайт. Ар бир машинеге 400 доллардан сурайт. Биз ошолорду кошуп Өзбекстандагыларга айтсак, баасы туура келбей жатат. Ошентип мен өзүмдүн кардарларымдын көбүн алдырып койдум. Ошол эженики экенин баары эле билет, бирок ал эже өзү көрүнбөйт. Колунда балдары иштешет. Чынарбек деген бала кылат, эженикин. Руслан Матраимовдун деле фирмалары бар. Ал өзү көрүнбөйт, бирок. Анын машинелери терминалга деле барбайт, эч ким деле текшербейт. Райымбектин иниси болгон үчүн анын жүктөрүн эч ким кызыгып текшербейт. Дээрлик монополия кылып алды, бизге окшогон фирмаларга эч нерсе деле калбай калды. Чогуу иштеген кардарларыбыз баары эле билет, баары айткандан коркуп жүрүшөт».

Өзбекстандан Кыргызстанга жашылча өткөргөн аял: «Бажыкана кызматкерлери тиги «миллиондун» иниси Руслан Матраимовдун буйругу менен болгон үчүн биз иштей албай калдык. Насыяларыбыз бар. Ошол насыядан алып жүк чыгарыш үчүн бажыга – мамлекетке да төлөйбүз, бажычылардын чөнтөгүнө да төлөйбүз. Бир машинеге 1000-1500-2000 долларга чейин сурады. Ошон үчүн иштей албай калдык. Алардын балдарынын машинеси акча төлөйбү же төлөбөйбү, билбейбиз, алардыкы арзан өтүп кетип атат. Алла-Тааладан сурап, ыйлап эле үйдө отуруп калдык. Эч ким укпайт, бизди. Урматтуу президент, сизден суранабыз, «коррупцияны жок кылам, коррупция менен күрөшөм» дедиңиз, бирок сиз келгенден бери мурда миң сом менен бүтө турган жер азыр жүз миң сом менен бүтүп жатат. Ошондой даражага келип калды, бул жак. Сизден сураныч, карапайым элди колдоңуз!..»

Товар ташыган жарандардын минтип даттанганы канчалык негиздүү? Биз алар айыптап жаткан Руслан Матраимовдун да жүйөсүн угуп коелу деп аны көп издедик. Телефондон байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Акыры үйүнүн жанында күтүп отуруп, жолуктук.

Токтакунов: - «Абу-Сахий» менен кандай байланышыңыз бар?

Матраимов: - Сиздер мага кечинде келип, эч кандай эмеси жок келгенге кандай акыңыздар бар?

Токтакунов: - Жок, мен коомдук жайда кайрылып атам.

Матраимов: - Коомдук жай болсо үйгө кирип келатабыз да.

Токтакунов: - Сиздин үйүңүздүн ичи эмес да бул. «Абу-Сахий» менен байланышыңыз барбы жокпу?

Матраимов: - Жок-жок, эч кандай байланышым жок.

Токтакунов: - Айеркен Саймаитини тааныйсызбы?

Матраимов: - Жок, тааныбайм.

Токтакунов: - Анын аялы Вуфулиничи?

Матраимов: - Жок, тааныбайм.

Токтакунов: - Бирок сиз алардан акча алып жүрбөйсүзбү?

Матраимов: - Жок.

Токтакунов: - Документалдуу келип атпайбы?

Матраимов: - Жок.

Токтакунов: - «Достук» менен кандай байланышыңыз бар?

Матраимов: - «Достук» менен эч кандай байланышым жок.

Токтакунов: - «Достуктагы» ишкерлер сизди «бизден акча өндүрөт, «үлүшүн» алат» дешет...

Матраимов: - Жок, жок, Кудай сактасын. Мен ичим ооруп зорго келатам. Эч кандай байланышым, эч кандай эмем жок, макулбу? Жок. Болду.

Токтакунов: - Сиз анда мындай кымбат машинелерди («Тойота Ленд Круизер Прадо») кайдан таап атасыз? Сизге «Эрем» менен эле Исмаил Матраимов атындагы фонду караштуу да, туурабы?

Матраимов: - Ооба да.

Токтакунов: - Алардан акча түшпөйт...

Матраимов: - Жок. Азыр эмне эле мени тартып атасыңар?

Токтакунов: - Ишкерлер арызданганы үчүн тартып атабыз.

Матраимов: - Кайсы ишкерлер?

Токтакунов: - Мен аттарын айта албайм.

Матраимов: - Жалган, анын баары.

Жогоруда Саймаити менен анын аялы Вуфулини бекер сураганым жок. Аларды Руслан мырза «тааныбайм» деп танганы да кызык. Бул кытайлык жубайлар Вуфули Бумаилиаму менен Айеркен Саймаити Түркиядан Кыргызстанга, Оштогу банктардын бирине, Руслан Матраимов ээлик кылган Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна үч жылда 2 338 700 доллар которгону тууралуу документ да колубузга тийди.

Тактап айтканда,

2015-жылдын 24-августунда фонддун атына 100 миң АКШ долларын;

2016-жылдын 19-сентябрында 100 миң доллар;

2016-жылдын 19-сентябрында 649 500 доллар;

2016-жылдын 20-сентябрда 160 миң доллар;

2016-жылдын 20-сентябрында 100 200 доллар;

2017-жылдын 13-январында 500 миң доллар;

2017-жылдын 13-январында 729 миң доллар которушкан.

Бул бизге анык болгон гана сумма. Мындан тышкары дагы канча суммада каражат которулганын билүү аракетиндебиз.

Жыйынтыктаганда

Дагы бир белгилей кетели. 2011-2017-жылдары Кыргызстандан банктар аркылуу 700 миллион чыгарылганын булактарыбыз билдиргенин айттык. Ошол эле булактарыбыз ал сумманын 250 млн. долларына тиешелүү документтерди беришкенин көрсөттүк.

Ал документтерге ылайык, акча алган тараптардын бири «AKA Petroleum» Кыргызстанда бирден-бир маанилүү долбоорлорду алууга умтулганын, алганын, учурда Чаткалда бир кенге ээлик кыларын белгиледик. Ал эми акча которулган дагы бир «АКА Иммобилиен» компаниясы Бишкектеги жерин депутат Искендер Матраимовдун аялы теңшерик болгон фирмага сатканын аныктадык. Эң негизгиси - Кыргызстандан миллиондорду чыгарып кеткен киши – Айэркен Саймаити жана анын аялы Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2,3 миллион доллар Түркиядан салганы көрсөтүлдү. «Кыргызстан аркылуу Кытайдан Өзбекстанга товар алып өткөн компанияны ким калкалайт?» деген суроонун изин кубаладык.

Программабызда аты бир нече жолу чыккан – Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун өзүнө байланышууга бир канча ирет аракет кылдык. Ага бир топ суроолорубуз бар жана микрофон берүүгө даярбыз. Биз жогорудагы АКА менен башталган компаниялардын ээлеринин пикирин угууга да дилгирбиз. Эң негизгиси биз Айэркен Саймаитиге жана анын аялына суроо бергибиз келет.

Алар чын-чынында кайдагы акчаны которушкан? Ошол каражаттар кандай жол менен табылган? Сыртка которулган акчанын так канча миллиону кайра Матраимовдордун фондуна которулган? Эмне максатта кайтарылган? Сыртка акча которгондордун Матраимовдор менен кандай байланышы бар?

«Биздин булактар айтып жаткандай, Кыргызстандан баштыктарга да салынып жүз миллиондогон долларлар, килограммдап алтын куймалары чыгарылганбы? Алардын ээси ким болгон? Ал каражаттар кайдан, кантип алынган? Бул иштерге кыргыз аткаминерлери аралашканбы?» деген суроолорду бергибиз келет. Эгер бул түгөйлөр биздин программаны көрүп, окуган болсо «Азаттыкка» кайрылса болот. Коопсуздугунан чочуласа, жүздөрүн жаап көрсөтүүгө даярбыз.

Макаланын видео версиясын бул жерден көрсөңүз болот:

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG