Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 15:55

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча белгилүү кытай компаниясы менен кол койгон келишимден баш тартканы көп суроолорго жем таштоодо.

Аталган долбоордун башталбай багы ачылбай жатканына эмне себеп болду? Инвесторлорду тандоо, макулдашуу кайсы бир эреже-талап менен жүргүзүлөбү? Технократ өкмөт чабалдыгын көргөздүбү?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Мирлан Өмүралиев катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, өкмөт “Акылдуу шаар” долбоору боюнча кытайлык "Huawei” компаниясы менен эки ай мурда зор ишеним менен кол койгон келишимден чыгуу тууралуу жарыялады, ага негизги себептер эмне болду?

Мирлан Өмүралиев: Келишим түзүлүп жатканда ал эки тараптуубу же үч тараптуубу ар биринин милдеттери көрсөтүлөт. Ал милдеттерди аткаруу мөөнөт менен да белгиленет. Эгер бир тарап өзүнө алган милдеттерди убагында аткарбаса, экинчи тарапка келишимден чыгуу укугу да берилет. Бул жерде дагы кытайлык компания өзүнө алган жоопкерчилигин, милдеттерин өз мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн кыргыз өкмөтү келишимден чыгуу чечимин кабыл алып жатат.

“Азаттык”: Дүйнөгө белгилүү "Huawei” компаниясы бул долбоорго жоопкерчиликсиз мамиле кылып койду деп ойлойсузбу?

Мирлан Өмүралиев: Ооба, "Huawei” телекоммуникация жаатында дүйнөгө аты чыккан, абройлуу компания деп эсептелет. “Акылдуу шаар” долбоору башталып жатканда аны ишке ашырууга бир топ компаниялар кызыкчылыгын билдиришкен.

Өкмөттө компаниялардын сунуштары каралып жатканда өзү менен кошо инвестиция алып келе турган компанияларга артыкчылык берилген. Ошондой талап менен "Huawei” компаниясы тандалган. Бул жерде маселе "Huawei” компаниясында эмес, ал тартып келе турган инвестициялык компанияда болуп калды окшойт.

“Азаттык”: Улукбек мырза, “Акылдуу шаар” долбоору мурда “Коопсуз шаар” долбоору деп аталып, 2008-жылы эле башталган экен, алигиче бул долбоордун ишке ашпай жатканынын себебин сиз эмнеден көрөсүз? Жогорку бийлик тепкичиндегилердин кызыкчылыктары кагылышып жатканы кедергисин тийгизип жатат деген пикирлер бар...

Улукбек Кочкоров: Бул сөздө негиз бар, жан бар. Аталган долбоордо ар кандай кландардын кызыкчылыгы бар десем жаңылышпайм. Биздин башчылар бийликке келгенде өзүнүн кызыкчылыгын биринчи планга коюшуп, сүйлөшүү процесстери жүрүп жатканда өз компанияларын киргизүүгө аракет кылышат, иш ошондон улам алга жылбай келет. 2008-жылдан бери бул долбоор эмне үчүн ишке ашпайт? Элде “Ылайланган сууда балык кармаган оңой” деген кеп бар. Ушундай булганган, ачык-айрымдуулук болбогон жерде коррупциялык схемаларга жол ачылып, ушундай абал түзүлө берет.

“Азаттык”: Мирлан мырза, өкмөттүн парламенттеги өкүлү өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун жаңы форматта тыкыр тактап жатканын айтты. Келишимди түзүүдө кыргыз өкмөтүнүн иши да тыкыр болгон эмес десек болобу?

Мирлан Өмүралиев: “Акылдуу шаар” долбоору көчөлөргө видеокамераларды коюу жана ал аркылуу байкоо жүргүзүү эле эмес. Бул долбоор көп компоненттерден турган чоң долбоор. “Акылдуу шаардын” башка бир нече компоненттери учурда иштеп жатат. Алардын бири бала бакчаларга электрондук кезекке туруу десек болот. Электрондук порталдар мамлекеттик кызматтарда ишке кирип жатат. Ооруканаларда каттоо карталары да электрондук форматка өтүүдө. Коомдук транспортто “Bus.kg” деген он-лайн системасы колдонулууда. Ушунун баары – “Акылдуу шаар”.

Келишимден чыгуунун дагы бири себеби долбоордун техника-экономикалык негиздемеси убагында жасалбай калгандыгы болду. Келишимдин сапатсыз болуп калышына аны аткаруу мөөнөттөрү туура эмес эсептелип калышы да мүмкүн. Эң негизгиси “Акылдуу шаар” долбоору токтоп калган жок, иштеп жатат. Эгер бир компания менен иш жүрбөсө башкалары менен иштесе болот, буга каалоосун билдиргендер көп.

“Азаттык”: Улукбек мырза, Бишкек жылуулук борборунун модернизациялоо боюнча кытайлык компания менен болгон келишимде коррупциялык схемалардын чыгышы "Huawei” компаниясы менен болгон мамилеге таасирин тийгизген болушу мүмкүнбү?

Улукбек Кочкоров: Менин жеке оюмда бул кырдаалга түздөн тиешеси бар, маселенин чечилишине кедергисин тийгизип жатат деп ойлойм. Дүйнөгө белгилүү компанияга ушундай чырлардын кереги барбы? 2010-жылы биздин бир топ аткаминерлер Кытайдан 3 миллион долларлык жабдууну 9 миллион долларга алып келдик деп, 6 миллион долларын сугунуп коюшкан. Күнөөкөрлөр түрмөдө отурушат. Ошондо дагы "Huawei” компаниясынын аты угулган, эми дагы чыгып жатат.

Бишкек жылуулук борборунда иштеген кытайлык ТВЕА дагы жаман компания эмес. Алар биздикилер заказ кылганды жасап беришти. Аттиштерди 600 доллардан жазып койгону - заказ берип жаткан биздикилердин күнөөсү. "Huawei” менен да ушундай эле көрүнүш болушу мүмкүн. 100 доллардык видеокамера 14 миң доллар болуп жазылып калышы ыктымал. Ошондон улам ой туулат, ТВЕА менен чыккан чырдан кийин "Huawei” компаниясы да Кыргызстан менен иштешүүдөн бир тараптуу баш тартышы мүмкүн. Расмий Бээжин дагы “бизге мындай бекер рекламанын кереги жок, ишти токтоткула” деши да мүмкүн.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Арабөк калган "Акылдуу шаар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:25 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG