Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

ЖЭБдеги кырсык: Күнөө бар, күнөөлүү жок...


Исаков: ЖЭБ боюнча жоопкерчиликти өзүмө алам
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Бүгүн парламент Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды талкуулады. 31-январь, 2018-жыл.

Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча Жогорку Кеңешке маалымат беришти.

Парламент жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык үчүн бардык жоопкерчиликти өз мойнуна аларын билдирди.

Ал кырсык тууралуу ЖЭБ кызматкерлери, тийиштүү мекемелердин жетекчилери бири-бирине дал келбеген маалыматтарды айтып жатканын мойнуна алып, депутаттардын көпчүлүк суроолоруна өзү жооп берди.

Жоопкерчиликти өзүмө алам. Бирок кырдаалдын кесепеттерин жоюу, мындан ары кандай иш кылыш керек, кандай кадрдык саясат жүргүзүш керектигин өзүм чечем.
Сапар Исаков

- Мен бул жоопкерчиликти өзүмө алам. Бирок кырдаалдын кесепеттерин жоюу, мындан ары кандай иш кылыш керек, кандай кадрдык саясат жүргүзүш керектигин өзүм чечем. Себеби жоопкерчиликти өзүмө алып жатам. Көп нерселерди, анын ичинде "ал жерде коррупция бар" деп угуп жатам. "ЖЭБде кээ бир жабдууларды "салдык" деп салбай койгон" деп жатышат. Мунун баары имиштер. Бирок баарын иликтеп, карап чыгуу керек. Ошон үчүн кылмыш иши козголуп жатат.

"Калиевди кызматтан алыңыз"

Өкмөт башчысы бардык жагдайларды өкмөттүк комиссия иликтеп чыгарын айтып, ага депутаттарды да мүчө болууга чакырды. Исаков алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгы менен «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырганын билдирди.

Бул жоопко ичи чыкпаган айрым депутаттар энергетика тармагынын башында отурган аткаминерлерди жоопко тартууну талап кылышты.

КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов ЖЭБдеги кырсык боюнча "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиевди кызматтан кетирүүнү талап кылып, "болбосо өзүңүз кетиңиз" деп жарга такады.

- Биринчи болуп Калиевди жумуштан алышыңыз керек. Бардык жоопкерчилик ошондо. Сиз энергетика тармагын холдингге бириктирип, ушул жаш жигиттин колуна берип койдуңуз. Калиев кызматка келгенден бери кайнатасынан баштап курсташтарына чейин айланасына чогултту. ЖЭБдеги кырсык - ушундай кадр саясатынын жыйынтыгы. Миллион бишкектик бизди, өкмөттү каргап жатат. Энергетика тармагында дилетанттар отурбашы керек. Эгер Калиевди кетирбесеңиз, өзүңүз кызматтан кетиңиз.

Сапар Исаков Айбек Калиев өз ыктыяры менен иштен кетүү боюнча арыз жазганын, бирок аны кабыл албай турганын билдирди. Ал Калиевди ишбилги кадр катары сыпаттап, депутаттардын сынынан коргоп жатты.

Негизги суроо ЖЭБди жаңылоого кеткен 386 миллион доллардын тегерегинде болду. Отун-энергетикалык комплекс боюнча парламент комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев модернизация техникалык-экономикалык негиздемеси жок ишке ашканын сынга алды.

Премьер-министр бул иште жемкорлук фактылары четке кагылбай турганын кыйытып, иликтөөнүн жүрүшүндө “коррупция” беренеси боюнча да иш козголушу мүмкүн экенин айтып өттү.

Бишкек: ЖЭБдеги кырсыкка элдин ою кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00
Түз линк

Карыздан коркпогон депутаттар...

386 миллион доллардын дайыны чыкпай жаткан жыйында өзгөчө сунуштар да болбой койгон жок. “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров күнөөлүүлөрдү издеп отура бербей, ЖЭБди толук жаңылаш үчүн дагы 250 миллион доллар карыз алууну сунуш кылды.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- "Ким күнөөлүү же күнөөлүү эмес?" деген маселени карап отура бербей, ЖЭБди толук модернизация кылуу керек. Ошондуктан, Сапар Жумакадырович, дагы канча акча керектигин айтсаңыз. 250 миллион доллардай кетсе керек. Тышкы карызды көбөйтүүгө уруксат берип, үч айдын ичинде каражатын чечип берели. Анткени эмки кышта -45 градуста да иштегидей болсун. Болбосо ЖЭБ ушул боюнча калат. Дагы карыз алып, модернизацияны толук бүтүрөлү.

Жыйын соңунда ЖЭБдеги кырсыкты жана 386 миллион доллардын кайда корогонун иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү комитет өкмөттүн кышка камылгасын жетишсиз деп таап, күнөөлүүлөргө кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага сунуш кылды.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо иши 2014-жылы башталып, былтыр аяктаган. Ага Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллар жумшалган. Убагында бийлик жаңылоо иштери жүз пайызга аткарылганын айткан. Бирок Сапар Исаков ЖЭБдин 30 гана пайызы жаңыланганын айтып, толук жаңылоого дагы 600 миллион доллар керектигин билдирди. Бишкек жылуулук борборунда 26-январда кырсык болуп, анын айынан борбор шаар төрт күн бою ысык суусу, жылуулугу жок калган.

ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG