Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:08

Кытай мамлекетинен алынган 386 млн. доллар насыяга модернизация болуп, кубаттуулугу эки эсе арткан Бишкек Жылуулук электр борбору кышында элди жылуулук менен эмнеге камсыздай албай калды?

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, былтыр аягына чыккан жана 30-августта расмий ишке берилген. Анда заманбап эки блок курулуп, ТЭЦ 300 мегаватка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 812 мегаватка жеткени айтылган. Бирок 26-январда болгон өндүрүштүк кырсыктан кийин 386 млн. доллар насыя жумшалган долбоор "техникалык-экономикалык негиздемеси жок курулган, аны салган ишкана тендерсиз эле тандалып алынган" деген маалыматтар талкууланууда.

Эркин эксперттер ЖЭБди жаңылоонун баасы өтө кымбатка туруп жатканын жана компанияны тандап алууда ачыктык болбогонун 2014-жылы да айтып чыгышкан.

ЖЭБди жаңылоо ишин кытайлык компанияга берүү маселеси 2014-жылы парламентте да талкууланып, бирок депутаттар келишимди колдоп беришкен.

Жасалган иштер

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кытайлык TBEA ишканасы 386 млн. долларга кайсы иштерди жасаганын мындайча айтты:

- 386 млн. доллар коротулган жумуштарды алсак, төрт турбогенератор жана сегиз казан демонтаждалган. Ошондой эле эски от берүүчү жай бузулуп, жаңы блоктор үчүн курулуш аянтчасы даярдалган. Ошол жаңы аянтчага эки жаңы блок тургузулду. Анда курулган эки турбинаны камсыз кыла турган эки буу казан салынды.

ЖЭБдин жаңы салынган бөлүгү.
ЖЭБдин жаңы салынган бөлүгү.

Кыргыз өкмөтү жана энергетика тармагын көзөмөлдөгөн аткаминерлер техникалык бузулуу Бишкек жылуулук электр борборунун эски, модернизация жасалбаган бөлүгүндө болгонун билдирүүдө.

Ошентсе да ЖЭБди жаңылоодо суроолор жаралып жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары козгоп жатышат жана аны иликтеш үчүн парламенттик комиссия түзүлөрү айтылды. Бул тууралуу парламенттин депутаттары 30-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы көчмө жыйында билдиришти.

- Бардык жетекчилер жооп бериши керек. TBEA ишканасы боюнча да баары көтөрүлөт. Азыр элдин баары билет, канча миллион кайда кеткенин. Элдин баары азыр келишим кандай болгонун сурап жатат, - деди депутат, "Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Эмил Токтошев.

КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева депутаттар суроолоруна так жооп ала албай жатышканын белгиледи:

- "386 миллион доллар эмне үчүн модернизациялоого толук жетпей калган?" деген суроого жооп табыш керек. Бул деген эбегейсиз чоң сумма. Бул жерден сурасак так жооп бере алышкан жок.

Касымалиева: ЖЭБдагы кырсыкка күнөөлүүлөр жооп берсин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

31-январдагы жалпы жыйында болсо Жогорку Кеңештин депутаттары ЖЭБдеги абалды талкуулап жатышат. Ага премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, Бишкектин мэри Албек Ибраимов катышууда.

Эсеп палатасынын аудити

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого кытайлык TBEA компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн атынан "Электр станциялары" ишканасы келишим түзгөн. Аны жаңылоого башында төрт компания арыз берген, алардын ичинде кытайлык эки компаниядан тышкары бир орусиялык ишкана да болгон.

Эсеп палатасынын маалыматына караганда, үч компания техникалык-экономикалык негиздемесин да даярдашкан, бирок ЖЭБди жаңылоого кайдан каражат алууну сунуш кылышкан эмес. Ал эми TBEA "Электр станциялары" Кытайдын Экспорт-импорт банкынан каражат алса болорун билдирген.

​Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев TBEA компаниясы курулушту техникалык-экономикалык негиздемеси жок баштаган деп эсептейт:

- Модернизация деген бул курулуш болуп жатпайбы. Долбоору болмоюнча курулуш болбошу керек эле. Ал эми мында долбоору болгон эмес. Демек курулуш мыйзамдары бузулган.

Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Жылуулук электр борборун жаңылоодогу жана кытайлык TBEA компаниясы менен келишим түзүүдөгү айрым кемчиликтерди Эсеп палатасы да көрсөткөн.

Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, 368 млн. доллардын 164,6 млн. доллары керектүү жабдыктарга жана материалдарга, 66,7 млн. доллары имараттын курулуш иштерине жумшалган. Ал эми шаймандарды тургузуу, монтаж иштерине 64,2 млн. доллар коротулган. Калган сумма башкаруу иштерине, техникалык жумушчуларды ары-бери ташууга, көзөмөлг жана башка иштерге сарпталган.

Эсеп палатасынын аудиттик отчету (орус тилинде).
Эсеп палатасынын аудиттик отчету (орус тилинде).

Эсеп палатасынын аудиттик отчету (орус тилинде).
Эсеп палатасынын аудиттик отчету (орус тилинде).

Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев 31-январда 386 миллион доллар жумшалган ЖЭБди жаңылоо ишине кызыгып, айтылып жаткан мыйзам бузуу боюнча өкмөт башчы Сапар Исаковдун пикирин сурады. Өкмөт башчынын жообу мындайча болду:

- Бул насыя мамлекетке келип, андан кийин “Электр станциялары” ишканасына которулган. Техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоору, мамлекеттик экспертизасы бар. Мага ушундай маалымат берип жатышат. Акты менен кабыл алынган.

Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал, аны модернизациялоо боюнча буларды кошумчалады: ​

- "386 миллион доллар кайда кетти?" деген суроо берилүүдө. Анын чоо-жайын изилдеп чыгабыз. Бирок жаңы ЖЭБди курбасак, шаарда коллапс болмок. Адистер Бишкектеги "жылуулук өткөргүчтөрдүн, түтүктөрдүн баары жарылмак, миллиарддаган сом чыгаша болмок" деп жатышат. Бул кырдаал премьер-министр катары мага чоң белги болду. Ийне-жибине чейин териштирип, чечим кабыл алышыбыз керек. Мындан тышкары, "Тажикстанда ЖЭБдин баасы арзан, бизде кымбат" деген сөз чыкты. Адистерден сурасам, алар "Тажикстандагы борбор энергия эле чыгарат, биздики энергия да, жылуулук да иштеп чыгат" деп айтышты. Мен ушул маселе менен алек болуп, аягына чыгарам.

Оморов: 386 млн долларга жаңы жылуулук борбор курса болмок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Экс-президент TBEA ишканасын мактаган

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши былтыр аягына чыгып, 30-августта расмий ишке берилген.

Анын ачылышында сөз сүйлөгөн экс-президент Алмазбек Атамбаев кытайлык компания ишти сапаттуу жасайт деп ишенерин билдирген:​

- Бул чындыгында эле жакшы иштеген компания. Кээде "эмне үчүн бул компания, эмне үчүн жергиликтүү компания эмес" деп айтышат. Азыр кээ бир чоң жолдорду туш келди бере беришти эле, кайрадан ремонт кылганга туура келип жатат. Албетте, бул Кытай тараптын шарты. "Кытай компаниясы иштейт" деп реконструкцияга акчаны бизге Кытай берди. Ошол эле кезде Кытай жумуштун сапаттуу аткарылышына жоопкер да болот.

Жаңыланган ЖЭБдин ачылышында. 30-август, 2017-жыл.
Жаңыланган ЖЭБдин ачылышында. 30-август, 2017-жыл.

Кытайлык TBEA компаниясы Кыргызстанда “Датка-Кемин” энергетикалык долбоорун да ишке ашырган.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылдын декабрына карата мамлекеттик карыз 4, 444 млрд. долларды түздү. Карыздын тутумун карап көргөндө, Кыргызстан Кытайдан эң көп карыз алган, анын суммасы 1,5 млрд. доллардын тегерегинде.

Эксперт Даниел Кадырбеков Кытай менен кызматташтыкта кыргыз бийлигин ачык болууга жана мыйзамдарды сактоого чакырды:

- Биз үчүн ачык, демократиялык, ар бир нерсеге отчет берген өлкө керек. Кытайдын дипломатиясы, Кытайдын тышкы саясаты коррупцияга карабайт, демократиянын бар-жогуна карабайт. Насыя, грант берет, реконструкцияга каражат берет. Бирок убагы келгенде бизден ошол нерсени талап кылат же ордуна бир нерсе алат.

Даниел Кадырбеков кыргыз бийлиги “Акылдуу шаар” долбоорун да тендерсиз эле кытайлык "Huawei" компаниясына берип койгонун сынга алды.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган кытайлык ТБЕА ишканасы эки жыл мурун Тажикстанга жаңы ЖЭБ куруп берген. Тажикстандык журналист Абдулло Ашуров "Азаттык" менен болгон маегинде билдиргендей, 400 МВт энергия өндүргөн жаңы жылуулук борбору 349 миллион долларга турган:

- Курулуш 2012-жылы башталган, эки энергоблоктон турат. Биринчи блок 100 МВт, ал эми экинчиси 300 МВт энергия өндүрөт. Кытайлар биринчи блокту эки жылда, экинчи блокту бир жылда салып бүтүшкөн. Эки энергоблок биригип 400 МВт энергия өндүрөт. Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары боюнча министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун жалпы баасы 349 миллион доллар, анын 17 миллиону Тажикстандын өзүнүн салымы.

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча насыялык келишим Кыргызстандын Каржы министрлиги менен Кытайдын “Эксим банкынын” ортосунда эки пайыздык үстөк менен 20 жылга түзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG