Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

"Улуттук энерго холдинг": ЖЭБдеги кырдаал жеңил эмес


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-январда премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалды талкуулады. Ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ЖЭБди контртеррористтик иш-чаралардын алкагында текшерип жатат.

Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчилери журналисттерге маалымат жыйынын куруп, кырдаал боюнча кенен түшүндүрмө берип жатат:

"Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков Бишкек жылуулук электр борборундагы азыркы абал жеңил эместигин мойнуна алды. Бул тууралуу ал аталган борбордо өтүп жаткан маалымат жыйынында айтып, жылуулукту калыбына келтирүү иштери уланып жатканын белгиледи:

- Кырдаал жөнөкөй эмес. Ошого жараша аракет көрүп жатабыз. Температура кескин төмөндөп, бизге көп көйгөй жаратты. Биринчиден, шаар тургундарынан кечирим сурайбыз. Ар бирибиздин өзүбүзгө жараша жоопкерчилигибиз, күнөөбүз бар. Колдон келишинче иштеп жатабыз. Бирок ал жасалган аракеттер жетиштүү болбой жатат. Жылуулук электр борбору толук кандуу иштебесе да, электр энергияда шаар боюнча авариялар болуп жатат. Кечээ 60ка жакын авария катталды. Жылуулук боюнча беш пункт бар. Алар Батыш-1, Батыш-2, Батыш-3 жана Чыгыш, Аламүдүн - 1. Учурда Батыш-3тө абал бир аз начар, температура төмөн. Калганына 60 градустун тегерегинде жылуулук берип жатабыз. Саат сайын температураны көтөргөнгө аракет кылуудабыз.

Маалымат жыйынында "Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков, Бишкек жылуулук борборунун директору Нурлан Өмүр уулу баштаган өкүлдөр журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үйлөрдү жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн.

Өкмөт техникалык авария 28-январга караган түнү оңдолду деген маалымат таратып, жылуулук берүүнүн кубаттуулугу акырындап көбөйтүлүп жатканын кошумчалаган. Бирок техникалык кырсыктын кесепети толук жоюла электиги маалым болууда.​

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-январда премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Исаков ЖЭБдин ишин калыбына келтирүү аракеттери тууралуу айтып берди.

Жээнбеков премьердин жылуулуктун үзгүлтүккө учурашынын себептерин кылдат иликтөө боюнча чечимин кубаттап, андан тиешелүү жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.

- Мындай көрүнүшкө жол бербөө үчүн стратегиялык объектидеги чукул кырдаалдын чоо-жайы дыкат талданышы керек. ЖЭБдеги абалды окуя болгондон бери көзөмөлдөп турам. Жакынкы убакытта шаардыктарга жылуулук толук көлөмдө берилиши шарт, - деген президент энергетика тармагындагы маселелерди комплекстүү чечүү керектигине токтолду.

Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл
Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл

Ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги Жылуулук электр борборун контртеррористтик иш-чаралардын алкагында текшерип жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди:

- Бишкек жылуулук борборунда авария болду деген маалымат чыкканда эле УКМК тарабынан текшерүү иштери башталган. Учурда ал текшерүү уланып жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн - 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен. Мындай аба ырайы 29-январга чейин сакталары айтылган.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Үшүгөн Бишкек

29-январда эртең мененки саат сегиздеги маалымат боюнча Бишкек шаарында 93 троллейбус, 1700дөй кичиавтобус жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Бул борбор калаадагы жалпы транспорттун 89 пайызын түзөт. Ал эми автобустардын жарымы гана ишке чыкты. Бишкек мэриясы учурда 53 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатканын, бул жалпы автобустардын 42 пайызын гана түзөрүн маалымдады. Шаардык бийлик коомдук транспорт кечки саат 11ге чейин үзгүлтүксүз иштей турганын билдирүүдө.

Акыркы эки күндөн бери аба ырайынын кескин сууганына байланыштуу жолго чыккан коомдук транспорттордун күйүүчү майы тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлары кездешүүдө. Эртең менен от албай, каттамга чыкпай калган коомдук транспорттун да саны кескин кыскаргандыктан, мэрия шаардыктарды зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоого үндөгөн.

Бишкек шаарында ызгаардуу суукта муктаж адамдарга чай, ысык тамак берип, жылуу жайга жайгаштыруу боюнча пункттар жана көчмө чатырлар иштеп жатат.

Ал эми Бишкек шаардык Тез жардам станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев кечээ түнү тоңуп каза тапкан эки селсаяктын сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Насирдин Исанов көчөлөрүндө табылганын кабарлады. Тез жардам кызматы үй-жайсыз дагы 12 адамга ыкчам жардам көрсөтүп, аларды атайын жылынуучу жайларга жеткирген. Абдылдаев учурда станциядагы 11 машина жетишсиз болуп, автоунаалардын көпчүлүгү суукта от албай жатканын кошумчалады.

Катуу суукка байланыштуу Бишкектеги бала бакчалар убактылуу жабылган. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин чечимине ылайык, мамлекеттик бала бакчалар 29-30-январь күндөрү иштебейт. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG