Катуу суукта Бишкек жылуулук борборунун суу бөлүп бере турган жабдыктарынын жарактан чыгышы көп кабаттуу үйлөр менен социалдык объектилердеги, ооруканалардагы абалды кыйындатты. Маселен, Улуттук госпиталдын Эне жана баланы коргоо борборунда дарыланып жаткандар үйлөрүнөн жылыткыч алып келүүгө мажбур болууда.
"Азаттык" радиосунун кабарчылары аталган бейтапканага барып, эмдөө бөлмөлөрү муздап калганына күбө болушту:
- Жаңы келгенде ысык эле болчу. Азыр такыр жылыбай жатат. Бир күндөн кийин чыгабыз. Үйдөн жылыткыч алып келүүбүздү айтышты, - деди ымыркайы менен дарыланып жаткан Азиза Адамалиева.
Ал эми Айнура аттуу медайым жылуулуктун өчкөнү бейтаптарды да, кызматкерлерди да бейпайга салганын жашырбады:
- Ашкана да, эмдей турган бөлмө да суук. Процедураларды палаталарда жасоого туура келип жатат. Тамакты да ошол жакка алып барып бердик. Бул жердин муздактыгынан ооздон буу чыгып жатат.
Саламаттык сактоо министрлиги жылуулук жакын арада калыбына келбесе, Бишкектеги ооруканалар, өзгөчө төрөт үйлөрү электр жылыткычтарын пайдаланууга өтөрүн кабарлады.
Аба ырайын маалымдоочу кызматтар Бишкекте абанын температурасы күндүз -20 градустан ашканын көргөздү.
Ал арада айрым шаар тургундары батареялар муздап, батирлер суук болуп жатканын айтып чыгышты. Алардын бири - Анара үйү 26-январда кечки 6га жакын салкындап, түн ичинде батареялар таптакыр муздап калганын айтып берди:
- Батареялар бүгүн түшкө жакын аз-маз жылыгансып калды. Ошондо деле үй муздак. Жаш балалуу үй-бүлөлөр кыйналып кеттик. Айла жок жылыткыч сайып, газды күйгүзүп жатабыз.
Жылуулук борборундагы кырсыкка байланыштуу өкмөт өкүлдөрү 27-январда маалымат жыйын өткөрдү. Алар "иштен чыккан жабдыктар ишемби күнү түнкү саат 10го чейин оңдолуп, жылуулук берүү калыбына келет" деп убада берип, бир аздан кийин оңдоо иши качан бүтөрү белгисиз экенин айтып чыгышты.
"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын жетекчиси Айбек Калиевдин билдиришинче, 26-январда Бишкек шаардык жылуулук борборунда кубаттуулук 340 мегаваттан 154 мегаваттка чейин түшүп кетти. Буга мурдагы иштеп жаткан буу казандарына атайын даярдалган суунун жетпей калганы себеп болгон:
- Кечээ кечинде суунун температурасы 84төн 62 градуска чейин түшкөн. Азыр Бишкектин ичинде беш бөлүштүрүүчү пункт бар. Аларда суунун температурасы 50-52 градус болуп жатат, ал эми кайра кайтарылып келген суунун температурасы 30 градус. Бишкек жылуулук борборунан суунун сарпталышы 17 миң тоннаны, кайта кайтып келгени 15 миң тоннаны түздү. Ушу тапта борбор 217 мегаватта иштеп жатат, анын 145 мегаватты жаңы ишке киргизген агрегатка тиешелүү. Эскиси 50-60 мегаваттын тегерегинде. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, кечээ суу жетпей калгандыктан үч-төрт буу казан катары менен иштен чыкканы байкалды. Кубаттуулугу 20 мегаваттка чейин түшүп кеткени болду. Жаңы жылуулук борбордун артыкчылыгы - өз алдынча иштегени. Өзүнчө жаңы эки блок бөлүнүп турганы үчүн, кубаттуулугун толук сактап калды. Ошол кубаттуулук үчүн Бишкекте эч кандай чектөө киргизбей, баарын электр энергиясы менен толук камсыздап жатабыз.
Айбек Калиев жаңы орнотулган агрегаттардын эсебинен жылуулук системасындагы чоң кырсыкка бөгөт коюлганын, эгер ТЭЦте модернизация болбогондо быйылкы кышта абал оор болмоктугун кошумчалады.
Ким күнөөлүү?
Ызгаарда жылуулуктун жоктугу модернизацияланып бүткөнүнө беш айдын жүзү болгон Бишкек жылуулук борборунун жетекчилигинин дарегине сындарды күчөттү.
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев жылуулукка байланышкан кырдаалга жетекчилердин шалаакы мамилеси түрткү болду деген пикирде:
- Эмнеге бүгүнкүдөй кырсык болду? Жылуулук станцияларында химиялык-суу даярдай турган система бар. Модернизациялоо иштеринде ошол нерсе толугу менен чечилген эмес. Мындан улам суу жетпей жатат. Борборго басым болгондуктан, суу жетишпей техникалык кырсык болду. Бул жерде жетекчиликтин күнөөсү чоң. Суу даярдоо системасы курулушу керек эле. Эки генераторду ишке киргизип жатканда ага көңүл бурулбай калган.
Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген.
Акча 20 жылга 2 пайыз жылдык үстөк менен берилсе, анын он бир жылы жеңилдетилген мезгил болуп эсептелинет. Модернизациялоого жооп берген “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясы долбоорго ушул суммадан башка кошумча чыгым коротулбаганын жарыялаган. Ишти Кытайдын TBEA компаниясы жүргүзгөн.
386 миллион доллар эмнеге жумшалат, кайсы жабдыктар алмашат, ошонун техникалык-экономикалык негиздемесин көрө алган жокпуз. Кайсы түтүк, кайсы агрегат алмашканын ачык айтып коюшу керек эле.Мирлан Бакиров
Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров оңдоп-түзөө иштеринин алдында техникалык-экономикалык негиздеме ачык көрсөтүлбөй калганын белгиледи:
- 386 миллион доллар эмнеге жумшалат, кайсы жабдыктар алмашат, ошонун техникалык-экономикалык негиздемесин көрө алган жокпуз. Кайсы түтүк, кайсы агрегат алмашканын ачык айтып коюшу керек эле. Азыр реконструкция бүтүп ишке кирди. Биринчи маселе - 1961-жылы курулган, эскилиги жеткен жабдыктар. Экинчиден, шаар чоңоюп, керектөө көбөйдү. ЖЭБге күч келип, жылуулукту толук жеткире албай жатат. Ушундай себептер болушу мүмкүн. Адистер өз баасын бериши керек. Өзгөчө суук болгондо, жылуулуктун үзгүлтүккө учурашы коомчулукту кооптондурат.
Коомчулукта Кыргызстандагы чоң долбоорлорго тендерлерди кытайлык компаниялар утуп, бирок ишти сапаттуу жүргүзбөй жатат деген пикирлер да айтылып жүрөт.
Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жакында эле жаңыланган жылуулук борборунун бүгүнкү абалы таң калычтуу экенин билдирди:
- Чынында кырсыкка эмне себеп болгонун айта албайм. Тендерге катышкан компаниялар тажрыйбасы бар, ишбилги болушу керек деп эсептейм. Дайыма эле энергетикага кытайлык компаниялар көбүрөөк келет. 386 миллион долларлык модернизацияны кытайлык компания аткарган. Бул эбегейсиз чоң акча да. Бир жыл өтпөй кышта мындай абал болуп жатканына таң калып жатам.
Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун жүрүшүндө жаңы эки блок курулуп, анын кубаттуулугу 812 мегаватт электр энергиясына жеткени айтылган. Ага чейин борбор 300 мегаватт чыгарууга жөндөмдүү болчу.
Ал тапта бийлик мекемеде жарактан чыккан жабдууларды оңдоо иштери улантылып, андан майнап чыгарына ишендирүүдө. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча ыкчам штаб түзүлүп, премьер-министр Сапар Исаков кырсыкка жол бергендерди аныктап, жазалоого убада берди.
Бишкек мэри болсо шаар тургундарын "зарылчылык болбогон учурда энергияны талап кылган тиричилик техникаларын колдонуудан убактылуу баш тартууга" чакырды.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.