Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

ЖЭБдеги кырсык Бишкекти үшүттү


Бишкек ТЭЦинин жумушчулары. (архивдик сүрөт)
Бишкек ТЭЦинин жумушчулары. (архивдик сүрөт)

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартты.

Буга 26-январь күнү кечинде ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү айрым жабдууларынын иштен чыкканы себеп болгон. Аталган ишкананын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда энергетиктер аны калыбына келтирүү ишин жүргүзүп жатат.

- Учурда борбордун электр кубаттуулугу 180 МВтты түзүп жатат. Адистер борборду толук режимде ишке киргизүү жумуштарын аткарууда. Өлкөнүн түндүк жагы ГЭСтердин эсебинен толугу менен камсыз болуп жатат. Учурда Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылуу иштери да жүрүүдө. Азыр негизги милдет - ЖЭБдин ишин толугу менен калыбына келтирүү.

Айдаралиева кырсыктын себептери аныкталып жатканын да кошумчалады.

Байкоочулар ЖЭБдеги мүчүлүштүк оңдолбосо, электр тармагына күч келерин айта башташты. Бирок бүгүн, 27-январда өткөн жыйында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев борбордо электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабасын билдирди.

- Учурда Бишкек ЖЭБи 217 МВт кубаттуулукта иштеп жатат. Анын ичинде 145 МВты жаңы ишке киргизилген агрегаттар иштеп чыгат. Эскиси 50-60 МВттын тегерегинде болууда. Суу жетишпей калгандыктын үч-төрт буу казан катар-катары менен иштен чыкканы байкалды. Анын айынан кубаттуулук 20 МВтка чейин түшүп кеткен. Жаңы Жылуулук борборунун артыкчылыгы – автономдуу түрдө иштегендиги. Өзүнчө эки блок бөлүнүп тургандыктан ал өзүнүн кубаттуулугун толук сактап калганга мүмкүн болду. Ошондуктан Бишкекте электр энергиясына чектөө киргизбей, толук камсыз кылып жатабыз.

Ал арада Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Анын курамына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары”, "Кыргызстан улуттук электр тармагы", “Түндүк электр”, “Бишкек жылуулук тармагы” ишканаларынын жетекчилери кирди.

Штабды биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектемей болду. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун жетекчилиги алдында 27-январда өткөн кеңешмеде белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кеңешмеде премьер-министр Сапар Исаков борбор калаанын социалдык объектилерине жылуулук жеткирүүдө ыңгайсыздыктар жаралбашы керектигин белгиледи.

Кечээ, 26-январда шаардын айрым жашоочулары батирлерге жылуулук берилбей жатканына арызданышкан. ЖЭБдеги кырсыктан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары суунун температурасы 40 градустун тегерегинде экенин жазып чыгышты.

"Кыргызгидрометтин" маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болуп жатат.

Өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Бишкектеги ооруканалар, өзгөчө төрөт үйлөрү электр жылыткычтарын пайдаланууга өтүшү мүмкүн экенин “Азаттык” радиосуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

- Биз төрөт үйлөрүндөгү абалдан да кабар алып, сурап жатабыз. Азырынча жылуу болуп жатканын айтышты. Каалганы бекем жаап, жылуулукту сактаганга аракет кылып жатабыз. Эгер ЖЭБ оңдолбой баратса жылыткычтарды пайдаланабыз.

Бүгүн эртең менен саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук госпиталдын абалы менен таанышты. Ал ар бир палатаны жылыткыч менен камсыз кылуу мүмкүн эместигин айтып, бейтаптарды жылуу кийинүүгө чакырып, аларга кошумча жууркан берүүнү тапшырган.

Кытай өкмөтүнүн каржылык жардамы менен ЖЭБ былтыр реконструкциядан өтүп, 30-августта жаңыланган корпусу ишке кирген. Муну менен жылуулук борбордун кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин жогорулаганы айтылган.

Ооруканада чыйрыккан наристелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG