Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Жоболоңдуу ЖЭБ, жоголгон акча


Бишкектеги жылуулуктун жана ысык суунун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Башкы прокуратура тиешелүү кызмат адамдарына "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жоопсуз суроолор

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети Бишкек жылуулук борборундагы соңку кырдаал менен таанышып, жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга комитетке мүчө болбогон айрым депутаттар да катышты. Алардын бири, КСДП фракциясынын өкүлү Аида Касмалиева авария болгон жерди көрүп чыккандан кийин да "кырсыкка эмне себеп болгон?" деген суроого жооп ала албаганын айтат. Анын пикиринде, бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, 386 миллион доллар кайда кеткенин иликтеп чыгыш керек.

- Бул шалаакылык. Бир гана жөнөкөй кызматкерлер эмес, энергетика тармагына жооп берген жетекчилер да жоопко тартылышы керек. Экинчиден, "386 миллион доллар эмне үчүн модернизациялоого толук жетпей калган?" деген суроого жооп табыш керек. Бул деген эбегейсиз чоң сумма. Бул жерден сурасак так жооп бере алышкан жок.

Касымалиева: ЖЭБдагы кырсыкка күнөөлүүлөр жооп берсин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Көчмө жыйында өкмөттүн атынан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев түзүлгөн кырдаал үчүн бишкектиктерден кечирим сурады. Анын айтымында, абалды иликтеген өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктаса тиешелүү мекемелердин башчылары кызматынан алынат. Ал "30-январдын кечинен тартып борбор калаада жылуулук да, ысык суу да калыбына келтирилет" деп убада берди.

Ал арада Башкы прокуратура жылуулук борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдиргендей, буга Бишкекти жылуулук менен камсыздоодогу маселе тууралуу топтолгон материалдардын жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин кайрылуусу негиз болду.

Маалыматка караганда, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин, "Улуттук энерго холдинг", "Электр станциялары", "Бишкек жылуулук тармактары" ишканаларынын кызмат адамдары өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдануу тууралуу пландуу тапшырмаларын жетиштүү аткарган эмес. Бирок кылмыш иши кайсы кызмат адамдарына карата козголгону айтылган жок.

Кытайда эс алган депутаттар...

Коомчулукта ЖЭБдеги шалаакылык боюнча айрым гана жетекчилерди эмес, Сапар Исаков баштаган өкмөттү толук кызматтан кетирүү жөнүндө сунуштар түшүп жатат. Анткен менен Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев өкмөт менен кошо парламенттин да жоопкерчилигин эске салат. Анын айтымында, ЖЭБди жаңылоо боюнча келишим каралаарда TBEA компаниясы 30 депутатты Кытайга эс алдырып келген.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Келишим түзүп, долбоорду бекитип жатканда депутаттарды эки жолу экиге бөлүп Кытайга эс алдырып келишкен. Менин билишим боюнча кытайлар "компаниянын иши менен тааныштырабыз" деп алып барган. Бирок депутаттар Макао деген эс алуучу жерге барышкан. Мен анда Салык кызматын жетектеп тургам. Мен ошондо айрым депутаттарды "Макаого баргыча компаниянын иши менен таанышсаңар болмок" деп урушкам. Алар болсо "эс алып келдик" дешкен.

Жылуулук электр борборундагы көчмө жыйында парламенттин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев ЖЭБди модернизациялоо боюнча 386 млн. долларлык келишим Жогорку Кеңештен сметасы, техникалык-экономикалык негиздемеси жок ратификацияланганын тастыктады.

"Кылмыш иши козголгону менен, майда аткаминерлер иштен алынып, жетекчилер жоопко тартылбайт" деп ишенбегендер да басымдуу. Алардын бири - коомдук ишмер Адахан Мадумаров.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Буга президент жооп береби же өкмөт жооп береби? Жогорку Кеңештин түшүнө да кирбейт. Ал жерде маселени иликтей турган 3-4 эле депутат бар. Калгандарынын баары көз каранды, жетелеме. Алардын буттарында кишен, беттеринде чүмбөт бар, курсактарында жеп алган акчасы бар. Акчаны бөлүшкөн үчүн эч ким унчуга албайт. Эгер мыйзам иштеген өлкөдө мындай окуя болсо эчак жыйынтык чыкмак. Бизде эч качан андай болбойт. Эч ким унчуга да албайт.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болгон. Ошондон бери борбор шаардын айрым райондорунда жылуулук жана ысык суу жок. Бир катар шаардыктар эптеп электр менен күн өткөрүүгө аргасыз.

Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу былтыр жайында пайдаланууга берилген. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланып, кошумча эки энерго блок курулган эле.

Жылуулук борборунун бузулушунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG