Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:10

Тажикстан 350 млн. долларга жаңы ЖЭБ курган


Душанбедеги жаңы Жылуулук электр борбору. 10-январь, 2014-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган кытайлык ТБЕА ишканасы эки жыл мурун Тажикстанга жаңы ЖЭБ куруп берген.

Тажикстандык журналист Абдулло Ашуров "Азаттык" менен болгон маегинде коңшу өлкө бул долбоорду кантип ишке ашырганын жана кытайлык компанияга эмне милдеттер тагылганын айтып берди.

- Кытайдын ТБЕА компаниясы ("Tabian Apparatus StocCo" - TBEA) Тажикстанда узактан бери иш жүргүзүп келатат. 2000-жылдардан тартып бул компания өлкөнүн борбору менен түндүгүн бириктирген эң чоң электр түйүнүн - ЛЭПти кура башташкан. Өзбекстан аймактык энергетикалык шакекчеден чыкканча өлкөнүн түндүгү менен борбор Душанбенин байланышы жок эле.

Душанбеде эки энергоблоктон турган ЖЭБдин курулушу 2012-жылы башталган. Биринчи блок 100 МВт, ал эми экинчиси 300 МВт энергия өндүрөт. Кытайлар биринчи блокту эки жылда, экинчи блокту бир жылда салып бүтүшкөн.

Тажикстан энергия тартыштыгынан катуу жабыркады. Алты айдай өлкө калкынын 70% эч жылуулугу жок отурчу. Ал маалда суткасына 5-6 саат гана электр жарыгы берилчү. Ошол көйгөйдөн улам Душанбеде ЖЭБ куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Советтер Союзунун тушунда курулган жылуулук борборлору Өзбекстан газ бербей койгондон кийин токтоп калган.

Шаардагы борборлордун үчөө табигый газ, бирөө мазут жакчу. Газды болсо Өзбекстандан сатып алчубуз, соңку кезде анын баасы кымбаттап, маселе саясатташып кеткен. 2012-жылы тажик бийлиги Ташкент менен макулдаша албай коюп, бизге такыр газ сатпай коюшкан.

Мына ошондон кийин Тажикстандын баш калаасында жаңы ЖЭБ куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ага чейин кытайлык адистер бир чакан жылуулук борборун көмүргө ылайыкташтырып чыккан соң өлкөнүн жогорку жетекчилиги жергиликтүү көмүр менен иштей турган жаңы ишкана салууга чечкиндүү киришкен.

"Азаттык": Тажик бийлиги ТБЕА компаниясын кантип тандаган? Тендер уюштурулду беле же бул компаниянын мурунку иш тажрыйбасын эске алыштыбы?

Абдулло Ашуров: Тажикстанда чечим бийликтин эң жогорку сересинде административдик ыкма менен кабыл алынат. Коомчулуктун, адистердин пикирине эч ким деле кызыкпайт. ТБЕА мен жогоруда айткан долбоорду кыска мөөнөттө ишке ашырып, жакшы эле таанылып калган. ТБЕА компаниясынын жетекчиси жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири менен болгон маегинде айткандай, президент Рахмон алар менен жолукканда: "Өлкөнү энергетикалык кризистен чыгарыш үчүн эмне сунуш кылат элеңер?" деп сураган. Алар болсо баш калаада көмүр менен иштей турган жаңы ЖЭБ курууну сунуш кылышкан.

Душанбеден анча алыс эмес жерде көмүр запасы көп экенин эске алып, жаңы ишкана куруу иштери башталган. Курулуш 2012-жылы башталган, эки энергоблоктон турат. Биринчи блок 100 МВт, ал эми экинчиси 300 МВт энергия өндүрөт. Кытайлар биринчи блокту эки жылда, экинчи блокту бир жылда салып бүтүшкөн.

Тажикстан ТБЕАга эки алтын кенин: Жогорку Кумарг жана Чыгыш Дуоба кендерин иштетүүгө берген. ТБЕА болсо "Эксимбанктан" Тажикстан алчу насыяга кепил болгон. Тажик бийлиги ТБЕАга ЖЭБ куруп бергени үчүн эки кенди “белекке бердиби” же дагы кандайдыр бир шарт коюлганбы – аны билбейбиз.

Эки энергоблок биригип 400 МВт энергия өндүрөт. Өндүрүштүк потенциалын алсак, бул бир чакан ГЭСтин жүгү деп эсептесек болот. Бирок жылдын суук маалында, суу тартыш болуп калабы дебей жергиликтүү көмүр менен иштеген ЖЭБди куруу көрөгөч чечим болгон. Душанбеде эски ЖЭБдер токтогондон кийин шаардагы жылуулук куурлары дагы иштен чыгып калган. Жаңы ЖЭБ курулгандан кийин шаар бийлигинин эски жылуулук системасын кошуп, иштетип кетүүгө чамасы жетти. Баш калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн 80% азыр борборлошкон жылуулук системасына кошулган. Буга чейин үйгө жылуулук берилбегендиктен тургундар электр жабдыктарын көп колдонуп, андан электр тармагы иштен чыгып калган учурлар көп болгон.

"Азаттык": Душанбеликтер жылуулук үчүн канча төлөшөт?

Абдулло Ашуров: Былтыр октябрдан бери жылуулук үчүн төлөм кымбаттады. Ушул тапта 1м2 үчүн шаардыктар 22 дирам (11 цент) төлөшөт. Албетте, ЖЭБден өндүрүлгөн энергия ГЭСтикине салыштырмалуу кымбат. Адистер Душанбенин жаңы ЖЭБинен чыккан энергия 18 эсе кымбат деп санап жүрүшөт. Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары боюнча министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун жалпы баасы 349 миллион доллар, анын 17 миллиону Тажикстандын өзүнүн салымы. ЖЭБ кыш маалында бир миллион тоннадан ашуун көмүр жагат. Көмүр Душанбеге чукул жердеги Варзоб жана Айни райондорунан казылып, шаарга ташылат. Жаңы ЖЭБ ишке киргенден бери көмүр казуу дагы жанданды.

"Азаттык": Жаңы ЖЭБ ишке киргени эки жыл болуптур. Андан бери ишканада кандайдыр техникалык мүчүлүштүктөр, Бишкектегидей бузулуу болгон жокпу?

Абдулло Ашуров: ЖЭБ эки жылдан бери иштеп жатат, азырынча эч кандай техникалык мүчүлүштүк болгон жок. Албетте, борбор пайдубалынан тарта жаңы курулган деңизчи. "Кытайдан эски жабдыктарды алып келишкен" деп айтылган, бирок ТБЕАнын жетекчилиги андай сөздү таптакыр четке кагып, "жалаң жаңы техника келди" деп ишендирген. Сыртынан караган кишиге деле ишкана жаңы экени сезилет.

Душанбедеги жаңы ЖЭБ ишке киргенде. 2014-жыл.
Душанбедеги жаңы ЖЭБ ишке киргенде. 2014-жыл.

ЖЭБ жаңы ишке киргенде эки күн уюган кара түтүн чыккан. Андан чыккан көө атүгүл үйлөргө чейин жеткен. ТБЕАнын жетекчилиги муну "борбордо жылуулук сезону башталарда эки күн бою солярка жагылат" деп түшүндүрүшкөн. ЖЭБде от казандарын 500 градуска чейин ысытыш үчүн эки күн солярка жагылат экен. "Кара түтүн ошол солярка күйгөндө чыкты" деп түшүндүрүшкөн. Компания "ЖЭБден чыккан түтүн эки катар чыпкадан өтөт, абага зыяндуу газдар чыкпайт" деп ишендиришкен. Айлана-чөйрөнү коргоо комитети "ЖЭБ ишке киргенден кийин эки жолу иликтөө жүргүзүлгөн, абага чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмү белгиленген чектен өтпөйт" деп билдирген. Бирок ЖЭБде бир да жолу өз алдынча экспертиза жүргүзүлгөн эмес.

"Азаттык": Душанбедеги ЖЭБди курган кытайлык компания өзүнө кандай милдеттенмелерди алган?

Абдулло Ашуров: Заманбап жылуулук борборун курууга Тажикстандын акчасы жок болчу. Курулушка насыя Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган. Тажикстан ТБЕАга эки алтын кенин: Жогорку Кумарг жана Чыгыш Дуоба кендерин иштетүүгө берген. Кытайлык компания болсо "Эксимбанктан" Тажикстан алчу насыяга кепил болуп берген. Биз азыр тажик бийлиги ТБЕАга ЖЭБ куруп бергени үчүн эки кенди “белекке бердиби” же дагы кандайдыр бир шарт коюлганбы – аны билбейбиз.

ТБЕА курулуш бүткөндөн кийин эки жылга кепилдик берген. Эки жыл бою алардын 100дөй инженер-техниги келип, жергиликтүү адистерди окутуп, ишке даярдашты. Жаңы ЖЭБде 700дөй киши иштейт. Андан тышкары кытайлык адистер эки жыл бою ЖЭБдин технологиялык процессине көз салып турушат. Эгерде кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүк кетсе, алар өз эсебинен оңдоп, жолго коюшат. Ошондой эле 60 тажикстандык адисти Кытайда окутуп келишмек. Бирок эки жылдан кийин ЖЭБ толугу менен тажик тараптын карамагына өтөт.

Жылуулук борборунун бузулушунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG