Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

"Акылдуу шаар": Курганы "Хуавей", үйрөткөнү Дубай


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоору Дубай шаарынын технологиялык үлгүсүндө ишке ашырылышы мүмкүн.

Бул багытта өкмөт башчысы Сапар Исаков Бириккен Араб Эмирлигиндеги иш сапарынын алкагында Дубайдын коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөөчү санариптик системасы менен таанышып чыгып, кыргызстандык адистерди окутуу боюнча эки тараптуу макулдашууга жетишилди.

Бир катар талдоочулар премьер-министрдин бул кадамын көптөн бери козголбой турган долбоорду ордунан жылдыруу катары карашса, кээ бирлери айрым бир жагдайлардан улам анын ийгиликтүү ишке ашарынан күмөн санашарын айтышты.

Адистерди даярдоого кадам

Бишкек, Ош шаарларында жана негизги магистралдык жолдордо видео байкоо менен катар жол эрежеси бузулган учурларды каттоо тутуму жакында ишке кирише турганы белгилүү болду. Бул тууралуу билдирген өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов премьер-министр иш сапарынын алкагында Дубайдын "Акылдуу шаар" тутуму менен таанышып, тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди.

Чыңгыз Эсенгулов анда атайын адистерди окутуу маселеси чечилгенин белгиледи:

- "Хуавей" компаниясы менен кол коюлган келишимдин негизинде эле бул долбоор ишке ашырылат. Анан Дубайдын бул тармактагы алдыңкы тажрыйбасы менен таанышып, аны үйрөнүү жана бизде колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн жакшы жыйынтык болду десек болот. Алардын "Акылдуу Дубай" деген санариптик долбоору ийгиликтүү иштеп жаткан экен. Биз ошол жактын иш тажрыйбасын үйрөнүш үчүн биздин адистерди Дубайга алып барып окутуу жана алардын адистерин Кыргызстанга алып келип, окутуу уюштуруу боюнча макулдашуу болду. Ошондой эле Дубайдын полиция академиясы менен биздин ИИМ академиясынын ортосунда да өз ара кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр боло турган болду.

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

Акыркы айларда Кыргызстанда жолдо катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени чоң көйгөйгө айланууда.

Кыргызстандын өкмөтү 11-январда көптөн бери ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоорун "Акылдуу шаар" деп өзгөртүп, аны жүзөгө ашырыш үчүн түз инвестициялык макулдашуунун негизинде кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге кол койгон болчу. Бийлик автоматташтырылган санариптик тутумдун негизинде жол эрежеси бузулган учурларды каттап, бул видео байкагычтардын жардамы менен кылмыштуулукту азайтууну көздөйт. Бул инвестициялык долбоордун наркы 60 миллион доллар.

Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова окутуу жагы чечилсе, анда неге 9 миллион доллар окутуу үчүн башка бир компанияга которулуп жатканына таң калды.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Буга ишениш абдан кыйын. Анткени бул долбоор башталганда эле тендерсиз компанияны тандап, "ээрге кыйшык" отуруп алышты. Анткени бул долбоорду ишке ашырууга "Хуавей" тандалып, анан IT технологияга окутуу үчүн 9 миллион доллар башка бир ортомчу компанияга бөлүнүп жатат. Бул аз акча эмес. Эч качан ошондой тармакта окутуу жүргүзбөгөн компанияга берип жатышканы чоң шек жаратат. Бул Жылуулук электр борборун оңдоо-түздөө боюнча долбоордогу кыңыр ишке окшоп турат. Эми аягына чейин күтөлүчү?

Долбоорго артылган үмүт

Дубайдын полиция башчысы Абдулл Халиф ал-Марри премьер-министр Сапар Исаковго шаардагы 8 миң камеранын жардамы менен иштеген башкаруу борборун, шаардын көчөлөрүндөгү абалды көзөмөлдөө боюнча башка жандоочтук жана көчмө түзмөктөрдүн иштешин көргөздү. Бул техникалык түзмөктөр мыйзам бузулган учурларды автоматтык түрдө ачып, адамдардын жүзүн аныктай ала турганы айтылды. Мындан тышкары, Дубайда шектүү жагдайлар байкалса же адам өзү коркунучка кабылса "Dubai Polis" чөнтөк тиркемеси аркылуу полицияга кайрыла алат.

Коопсуздук боюнча эксперт Улан Жумаков бул багытта Дубайдын тажрыйбасын үйрөнүү абдан маанилүү экенин белгиледи:

Улан Жумаков.
Улан Жумаков.

- "Акылдуу шаар" долбоору ишке кирсе, ички иштер органдары, мэриялар, акимчиликтер иштей баштайт. Анткени бул алдыңкы технология алдаганга жол бербейт. Ошондой эле шаардагы коопсуздукту чыңдоого көмөк көрсөтүп, кылмыштуулук азаят. Бул багытта Дубайдын тажрыйбасын үйрөнүү чынында абдан маанилүү. Себеби ал жакта "Акылдуу шаар" долбоору алдыңкы технологияны жана жасалма интеллектти колдонуу менен ишке ашырылган. Ал жактан адистер келип, биздин адистерди окутса, анан камераларды коюп, тиешелүү жабдууларды орнотсо эле, мыйзам бузуу учурлары каттоого алына баштайт. Анан камерага түшүп калган мыйзам бузуучуларды аныктап таап, жазага тартуу бир топ оңой болуп калат. Анда шаарларыбыз бир топ тартипке келе баштайт эле. Бул абдан мыкты тажрыйба. Премьер-министр өзү киришкен соң демек бул долбоор толугу менен ишке ашат деген ишенич бар.

Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-Ош жана Бишкек-"Манас" аэропорту жолдорунун боюна видеокамералар орнотулмакчы.

Премьер-министр Сапар Исаков коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөчү алдыңкы технологияларды колдонуу коопсуздукту чыңдап, коррупциялык көрүнүштөрдү азайта турганын билдирген. Буга чейин "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынактар өтүп, бирок аны ишке ашыруу аягына чыкпай, улам үзгүлтүккө учурап келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG