Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

"Мегакомго" кызыккан орус ишкерлеринин карааны


“Альфа Телекомду” сатып алууга "АКА минералз энд майнинг" ишканасы да сунуш берген.
“Альфа Телекомду” сатып алууга "АКА минералз энд майнинг" ишканасы да сунуш берген.

Кыргызстандагы "Альфа Телеком" компаниясын сатып алууга Мүлк фондуна экинчи кайрылуу түштү. Арызды Швейцарияда катталган ALF Consulting SA компаниясы берген.

Мүлк фондунан инвестор боюнча маалыматтар текшерилерин билдиришти.

Ал ортодо жергиликтүү журналисттер аталган компаниянын орус ишкерлери менен байланышы тууралуу маалыматтарды иликтеп жатышат.

Швейцарияда катталган компаниянын каты

Үч жылдан бери сатылбай келген "Альфа Телеком" компаниясын сатып алууга кызыккан дагы бир потенциалдуу инвестор чыкканы коомчулуктун көңүлүн бурду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашынча, уюлдук компанияны алууга бул жолу Швейцарияда катталган ALF Consulting SA компаниясы кайрылуу жолдогон. Аталган компаниянын каржы директору Мари Гамерданже жазган катта алар “Альфа Телеком” ишканасынын 100% акциясын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген.

Мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, учурда бул кайрылуу карала баштады. Ал эми ALF Consulting SA компаниясы тууралуу маалыматтарды текшерүү үчүн Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү:

- Бул компания "Альфа Телекомду" сатып алууга кызыкдарлыгын билдирди. Биз бул эмне болгон компания, кандай активдери бар, абалы кандай экенин билүү максатында Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Дипломатиялык каналдар, өзүбүздүн аракетибиз менен бул компаниянын иликтейбиз. Эки тараптуу сүйлөшүү, келишимге кол коюу деген азырынча болгон жок.

Түлөбердиев компания тууралуу бардык маалыматтар тыкыр иликтенерин, андан соң гана чечим кабыл алынарын кошумчалады.

ALF Consulting SA жана орус ишкерлери

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү мамлекеттин үлүшүндөгү "Альфа-Телеком" уюлдук компаниясын тендерсиз, тикелей сатууга негиз берчү өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

Мүлк фонду Женевада катталган компанияны иликтөөгө ниеттенип жаткан чакта жергиликтүү журналисттер ачык булактагы маалыматтарга таянып, ALF Consulting SA ишканасынын чоо-жайы, түзүүчүлөрү тууралуу иликтөөгө жетишти. Жада калса, компаниянын орусиялык ири ишкерлер менен байланышы тууралуу айрым божомолдор айтылды.

Алсак, ALF Consulting SA компаниясы Швейцариянын Женева шаарында расмий катталган. Бизнес долбоорлорго консалтингдик кызмат көрсөткөн компания 2004-жылы түзүлгөн. Бул компаниянын жетекчилери катары Патрик Биттел, Альбина Бёкли-Карданова жана Людмила Енилина аттуу адамдар көрсөтүлгөн. Дал ушул адамдардан улам компаниянын орусиялык ишкерлер менен байланышы тууралуу божомолдор айтылды. Себеби, аталган үч адам тең Орусияда иш жүргүзгөн Ilim Holding SA деп аталган компанияда жетекчилик кызматтарды ээлеген. Ал эми бул холдинг орусиялык бир тууган бизнесмендер Борис жана Михаил Зингаревич менен Захар Смушкинге таандык. Бул ишкерлер 1990-жылдардын башында учурдагы орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен жакын мамиледе болгону тууралуу маалыматты Орусиянын Эсеп палатасынын документтерине таянып, Kloop.kg порталы жазып чыкты.

Аталган порталдын башкы редактору Элдияр Арыкбаев "Мегакомду" сатып алууну каалаган Швейцарияда катталган компаниянын артында орус ишкерлери турушу мүмкүн депген божомолдорго бир нече жагдай себеп болгонун билдирүүдө:

- Бул жерде көңүл бурчу бир нече жагдай бар. Алар ALF Consulting компаниясынын артында Ilim Holding турушу толук мүмкүн деген божомолду чыгарууда. Буга байланыштуу мамлекеттик органдар "Альфа Телеком" компаниясын сатып алууга талапкер болгон ишканасын жакшылап текшериши керек. Алар буга чейин кандайдыр бир мыйзамсыз иштерге барган эмеспи, өз бизнесин адал жол менен жүргүзгөнбү деген суроолорго жооп алыш керек.

Мүлк фондунан болсо "Альфа телеком" сатып алууга кызыкдар компаниянын орус ишкерлери менен байланышы тууралуу маалыматка ээ эместигин билдиришти.

Кардар табылбаган "Альфа телеком"

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

Кыргызстанда ГЭС курганы жаткан чехиялык компания тууралуу маалыматтарда экс-депутат Кубанычбек Туманов жана ал жетектеген "ГЕЕН КГ" компаниясынын аты аталып жатат.

Кыргызстан ири долбоорлорго ишке ашырууга компанияларга шектенүүлөр күч. Буга акыркы учурдагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана башка долбоорлор боюнча түзүлгөн келишимдин ишке ашпай калышы себеп болгон. Мындан улам өлкөдөгү эң кирешелүү мамлекеттик компанияны сатууда да ийгиликсиз тажрыйбалар кайталанбайбы деген суроолор коюлууда.

Өкмөткө караштуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенкул Момункулов бул жаатта жоопкерчиликтүү мамиле болот деп ишендирүүдө:

- Албетте, биз өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша текшеребиз. Бул жаатта эл аралык бир нече критерийдин негизинде текшеришибиз абзел. Мисалы, эл аралык биржаларга катышабы, уставдык капиталы, айлануусундагы каражаты канча деген сыяктуу. Буларды текшерүүдөн соң мыйзамдарды сыйлаганын карай алабыз.

Кыргыз өкмөтү "Альфа телеком" компаниясын алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Акыркы жолу түз сатууда орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бирок коомчулуктагы сын пикирлерден улам ал ишкер менен келишим түзүлбөй калган.

Быйыл январда “Альфа Телекомду” сатып алууга "АКА минералз энд майнинг" ишканасы да сунуш берген. Бул компания кытайлык "Huawei Technologies" менен кошо Кыргызстандагы “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга катышып жатканы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG