Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр


Кыргызстанда ГЭС курганы жаткан чехиялык компания тууралуу маалыматтарда экс-депутат Кубанычбек Туманов жана ал жетектеген "ГЕЕН КГ" компаниясынын аты аталып жатат.

"ГЕЕН КГ" жоопкерчилиги чектелген коомду Чехиядагы "GEEN" компаниясынын кожоюндары негиздеген.

"Азаттык" Жогорку Нарын каскадындагы төрт жана андан башка дагы он чакан ГЭС куруу боюнча тендерди утуп алды деген чехиялык Liglass Trading CZ компаниясынын өкүлдөрү былтыр жазында ушундай эле максат менен DC-Master Management менен GEEN компанияларынын атынан Бишкекке барып аракеттенгенин иликтеп чыкты.

Бул чехиялык бизнесмендер менен Кубанычбек Тумановдун байланышы бар экени бир канча булактардан ырасталды. Экс-депутат өзү болсо чехиялык компания менен алака-катышын айтуудан баш тартып, "алар менен ишим жок" деп гана кыска жооп кайтарууда.

Экинчи аракет

Кыргыз өкмөтү былтыр март айында "15 чакан ГЭСти эки чехиялык компания - DC-Master Management менен GEEN General Energy курганы жатат" деп жарыялаган. Алтургай 190 миллион долларлык инвестициялык келишимге кол коюлары да маалымдалган. Бирок мындан көп өтпөй, тактап айтканда июль айында GEEN General Energy компаниясы ГЭС курууга катышуудан баш тартканы тууралуу маалымат чыккан. Кыргыз өкмөтү бул ГЭСтерди куруу боюнча сынак жарыяланат деп чечкен.

"ГЕЕН КГ" компаниясы тууралуу Юстиция министрлигиндеги маалымат
"ГЕЕН КГ" компаниясы тууралуу Юстиция министрлигиндеги маалымат

Былтыр ГЭС куруу боюнча келген чехиялык ишкерлер Бишкекте ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков менен жолуккан. Бул инвестициялык долбоорду колго алат деп чех инвесторлорго чоң үмүт артылган. Аларды мындай сүйлөшүү-жолугушууларда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Ар-намыс" фракциясынан депутат болгон Кубанычбек Туманов коштоп жүргөн.

Биз аны бир тууган иниси, парламенттин ошол чакырылышында Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган Токтогул Туманов аркылуу таптык жана телефон чалып чехиялык компания менен байланышы, "ГЕЕН КГ" компаниясы тууралуу комментарий сураганыбызда "билбейм" деген гана сөз менен чектелди.

Күмөндүү чехиялык Liglass Trading CZ

Күмөндүү чехиялык Liglass Trading CZ

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясы тууралуу Чехиянын өзүндө чуулгандуу маалыматтар чыгып жатат.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, "ГЕЕН КГ" жоопкерчилиги чектелген коом Бишкек шаарында, Биринчи Май районунда катталган жана жетекчиси Туманов Кубанычбек Туманович деп көрсөтүлгөн. Негиздөөчүсү Чехиядагы энергетика тармагы, инвестиция менен алектенген GEEN компаниясы жана анын жетекчиси Мокры Алеш деп жазылган.

Эми ушул жерден Кубанычбек Тумановдун эмгек жолу тууралуу учкай айта кетели.

Экс-депутат Ош облусунун Алай районунан болот, 59 жашта, Калинин атындагы Айыл чарба институтун 1984-жылы аяктаган жана кесиби боюнча зооинженер.

Туманов 1997-жылдарга чейин негизинен мал чарба тармагында эмгектенген. 1997-2007-жылдары "Жалал-Абад арак заводун" жетектеген. 2007-2010-жылдары "Нью-Тек" жоопкерчилиги чектелген коомдо башкы редактор болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоодо "Ар-намыс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Кубанычбек Тумановду жакшы билгендердин айтымында, аны саясатка азыр "Бир Бол" фракциясынан депутат болуп отурган Акылбек Жапаров алып келген жана экөөнүн бизнес боюнча ынак мамилеси бар.

Чехиялык aktualne.cz маалымат сайты Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти, андан сырткары дагы 10 чакан ГЭСти курат деген Liglass Trading CZ компаниясы тууралуу иликтөө материалдарды жарыялап келет.

Сайттын журналисти Ондржей Соукуптун "Азаттыкка" билдиришинче, DC-Master Management, GEEN General Energy жана Liglass Trading CZ компанияларынын артында бир эле топтогу адамдар турат. Алар Кыргызстанда ГЭС куруу максатын ишке ашырууда биринчи аракети ишке ашпай калып, экинчи жолу башка компаниянын атынан аракет кылып жатат дейт:

- Мунун баары ошол Драгомир Шахтанын адвокаттык бюросунун айланасында жүргөн, коррупциялык жаңжалдарда аты аталган адамдар. Биз дагы Кубанычбек Тумановго чалганга аракет кылдык, бирок ал такыр эле телефонун көтөрбөй жатат. GEEN компаниясынын аты ГЭС боюнча былтыркы маалыматтарда жүрөт. Компания ГЭСтерди куруу боюнча тендерге катышкысы келген. Анда Кыргызстандын кайсы бир расмий органы бул ишеним жаратпай турган компания деген баа берген экен. Эгер мен ГЭСтердин айланасындагы окуянын өнүгүшүн туура түшүнгөн болсом, анда Йиржи Войтеховски жана башка адамдардан турган топ алгач GEEN аркылуу киргенге аракет кылышыптыр. Бирок максаттары ишке ашпай калыптыр. Андан кийин алар буга чейин иш жүргүзүп келген Liglass Trading CZ компаниясына киришиптир. Чех президентинин администрациясы аркылуу алар экинчи жолку аракеттен кийин максаттарына жетишти. Анткени биз башында Liglass Trading CZ компаниясына Михаэл Смелик менен ГЭС тууралуу сураганыбызда ал сөз эмне жөнүндө жүрүп жатканын түшүнбөгөндөй сезилген. "Мунун баары менен Войтеховски алектенип жатат, мен дээрлик эч нерсе билбейм" деген мазмунда гана жоопторду берген. Сөз баасы 500 миллион долларлык келишим тууралуу болуп жатканын эске алганда бул өтө эле кызык жагдай. Азыр эми анда (Смеликте) көбүрөөк маалымат болуп актанганга аракет кылып жатпайбы.

Журналист Ондржей Соукуп былтыр жазында кыргыз өкмөтү ГЭС куруу боюнча макулдашып жүргөн GEEN компаниясынын жетекчиси Алеш Мокры боюнча соңку маалыматтары менен бөлүштү:

- Мокры Алештин бири-бири менен байланышкан сегиз же тогуз компаниясы бар. Биз анын DC-Master Management деген компаниясына да Тумановдун тиешеси бар экенин, компаниянын жетекчиси Михал Урбанек менен байланышы бар экенин иликтеп чыктык. Урбанек быйыл февраль айында Чехияда "алдамчылык", "арам акчаны адалдоо" айыбы менен үч жылга соттолду. Аны соттошту, бирок камаша элек, анткени апелляцияга берип жатат. Биз бул адамдарды таап, алар менен байланышууга аракет жасап жатабыз. Михал Урбанектин аялы Леона Бенешова болсо Чех-кыргыз соода палатасын каттаткан адамдардын бири. Бирок бул деле күмөндүү уюм. Леона Бенешова чех-кыргыз соода палатасын Войтеховски, Смелик менен чогуу негиздеген.

Чех ишкерлеринин кыргызстандык сүрөөнчүлөрү

Кыргыз өкмөтүндө иштеп кеткен ишенимдүү булактар былтыр DC-Master Management жана GEEN компанияларын мурунку депутат Кубанычбек Тумановдон сырткары азыр парламентте "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров менен Отун энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев колдоп-коргоп жүргөнүн айтып беришти.

Биз Акылбек Жапаров менен байланыша алган жокпуз.

Кожобек Рыспаев чех компаниясынын кызыкчылыгын коргогон деген сөздү четке какты. Бирок азыр Liglass Trading CZ компаниясынын атынан келип жаткандар былтыртан бери аракет кылып жүрүшкөнүн ырастады. Президенттик аппараттын азыркы жетекчиси Сапар Исаков менен бир канча жолу жолугушканын айтып берди:

- Чехиялык компаниялар мурунтан келишкен. Ар бир депутат инвестор алып келсе - бул лобби деген сөзгө кошулбайм. Себеби депутаттар болобу, өкмөт болобу, эгер алар Кыргызстанга инвестиция алып келсе аны жаман көрбөш керек. Ошо аларды Кубанычбек Туманов алып келгенин, жакшы компания деп айтып жүргөнүн мен билем. Бул жерде эмне коркунучтуу коррупциялык элемент көрүнүп жатабы? Андай жок да. Аларга тоскоолдук деле болгон эмес. Буларды текшерүү учурунда GEEN General Energy ишенимсиз компания деп чыгып калган. Бирок менин маалыматым боюнча, дагы текшерип келгенде ишенимсиз деген ал эмес, башка компания болуп чыккан. Адашып калышкан деп айтылган. Мен муну өздөрүнөн сурагам. Аттары окшош фирма экен, ошону менен адаштырып жатышат деп айтышкан. Ал компания биздики эмес деген. Булар ГЭС куруудан баш тарткан эмес. Иштеп эле келе жатышкан. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Буларды текшерип жатышкан. Буларды президенттин администрация башчысы Сапар Исаков көп жолу кабыл алган. Текшерип отуруп булар тендерге катышып утуп алышты.

Президенттик администрация башчысы Сапар Исаков ГЭС тууралуу аты аталганы боюнча комментарий бере элек.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов ГЭС курганы жаткан чехиялык компаниянын артында экс-депутат Кубанычбек Тумановдон башка алда канча таасирлүү адамдар турат деп эсептейт.

- Тумановдордун тиешеси бардыгы ачык эле маалымат. Мисалы Liglass Trading CZ компаниясынын азыркы веб сайтына кирсеңиздер, ал жерде 17-18-июль күндөрү Нарынды кыдырып жүргөндөгү видеолорду коюшкан. Ошол жерде Войтеховскиди коштоп так ошол мурунку депутат Туманов жанында басып жүргөн. Бирок мен Тумановдордун тиешесин, катышын өтө эле чоң сенсация же жаңжал кылбайт элем. Анткени Тумановдорду өтө маанилүү же өтө таасирлүү адамдар деп айтуу кыйын. Себеби Тышкы иштер министрлигинин өтө кесе жазылган сөздөрүн жокко чыгаруу албетте Тумановдордун колунан келбейт. Менин оюмча президентке жакын Кыргызстанда бир-эки гана киши бар. ТИМдин позициясын жокко чыгаруу, көңүлгө албай коюу Тумановдордун колунан келбейт. Тумановдун артында турган алардан алда канча таасирлүү адамдар бар. Ошондуктан бул жерде Тумановдордун катышуусу бар, бирок менин түшүнүгүмдө Тумановдор Йиржи Войтеховскинин кандайдыр бир өнөктөшү болгон. Войтеховски көп жылдан бери Кыргызстанда иштеп, ар кандай ишканаларды ачып, арак-шарапты Чехиядан алып келип, биздин арактарды Европага сатам деп бир канча ирет аракет кылган. Анан кандайдыр бир жолдор менен Туманов менен таанышып калса керек. Былтыр ошол Войтеховски Liglass Trading CZ компаниясы эмес, башка "ГЕЕН" деген чех компаниянын филиалын түзгөн жана анын директору кылып мурдагы депутат Кубанычбек Тумановду дайындаган. Жакында эле Liglass Trading CZ жаңы келишимге ээ болгондо гана Войтеховски "ГЕЕНден" чыгып, "ГЕЕН КГ" деген ишкана кайра каттоодон өтүп жатат.

Ошентип, чехиялык журналисттер иликтөөгө алып изилдеп жаткан Liglass Trading CZ компаниясына аралашкан кыргызстандык саясатчы, ишкерлердин ысымдары чыга баштады. Прагалык кабарчылар аларды да казып иликтеп жатышканын билдиришти.

Биз байланышкан экс-депутат Кубанычбек Туманов, азыркы депутаттар Акылбек Жапаров, Кожобек Рыспаев бизге маалым болгондой, былтыр кыргыз ГЭСтерин куруу долбоорунан куржалак калган чехиялык ишкерлердин кайра кантип 2-жолку аракети ийгиликтүү ишке ашканынын сырларын азырынча ачыкка чыгарыша элек.

Буга чейин Liglass Trading CZ компаниясынын жетекчилери 26-июлда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп ГЭС курууга байланыштуу суроолордун баарына жооп беришерин убада кылышкан болчу. Бирок бул маалымат жыйын белгисиз себептер менен болбой калганы маалым болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG