Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:33

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Апта башында Жогорку Нарын каскадын жана андан башка он чакан ГЭСти курууну тендерден утуп алган чехиялык Liglass Trading CZ компаниясынын айланасында ызы-чуу чыкты.

14-июнда чехтердин aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялады. Анда Кыргызстанда ГЭСтерди курууга миллиондогон доллар каражат салууга бел байлаган кампаниянын "документтерин карап көрсөк, Liglass Trading CZ фирмасынын соода-сатык ишмердиги 2014-жылы 345 миң чех кронуна айланып (азыркы курс менен 15 миң АКШ долларындай акча), бир миллион крондой чыгаша тартыптыр. Калган жылдардын финансылык маалыматы жарыяланбаптыр” – деп айтылат.

Чех медиасынын кабары тарагандан кийин кыргыз бийликтерин 10-июлда кол коюлган келишимди дароо жокко чыгарууга чакырыктар да айтыла баштады.

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” берген комментарийинде ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте экенин билдирди. Өкмөт өкүлүнүн айтканынан караганда, Liglass trading мыйзам боюнча тендердин талаптарын толук аткарган. Эгер милдеттемелерин аткарбаса келишимди бар тараптуу токтотуп коюуга болот. "Бул 30 банктык күндүн ичинде 37 миллион доллар карызыбызды жабышы керек. Ошону биз биринчи көрөлү. Азырынча компания тууралуу бир нерсе айтуу эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер булар талапты аткарбаса анда 30 банктык күндүн ичинде бир тараптуу кылып эле келишимди жокко чыгарып коебуз" - деген Зилалиев чехиялык компания тендерге катышып жатканда бардык маалыматтар текшерилгенин да кошумчалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Liglass trading банкрот деп табылган күмөндүү ишкана жана аны менен "кызматташууну сунуштабайбыз" деп "Энергохолдинг" менен Экономика министрлигине март айында жазган каттын сүрөтү интернетте тарады. Мындай мазмундагы кат буга чейин эки жолу жазылганын Кыргызстандын Австрия жана Чехиядагы мурдагы элчиси Эрмек Ибраимов “Азаттыкка” ырастады. "​Бул компания бир-эки чакан ГЭСке аракет кылып атат го деп ойлогонбуз. Ал эми бүтүндөй каскаддар, эки жылдын ичинде жети электростанцияны, анан кийин кошумча үчтү курат деген оюбузга да келген эмес” - деген дипломат алар берген маалымат ушул тапта чех медиасында бышыкталып жатканын белгилейт.

Кыргызстанга аты тез арада таанылган Liglass trading компаниясынын ээси, Бишкекте келишимге кол койгон Михаел Смелик “Азаттыктын” Прагадагы студиясында курган маегинде ГЭСтерди салууга жумшалчу 500 млн долларды кайдан табарын чечмеледи.

"Менин чөнтөгүмдө даяр 500 миллион долларым бар деп айткан жокмун. Андай эч кимде болбойт. Ар дайым техникалык каражаттар, финансылоо жактан да бир нече фирма биргелешип иш алып барат. Коркууга негиз жок. Техникалык кепилдик бар, 30 банктык күндүн ичинде акчаны котором, орустардын карызын төлөйсүңөр, биргелешкен ишкананын 50 пайызын алабыз да, курулушту баштайбыз" - деген чех ишкер акчанын ири бөлүгү “10 жылда тапкан жеке каражаты” экенине токтолду. Ал Кыргызстанга салган инвестициясы 8-10 жылда өзүн актайт деп, КАСА-1000 долбооруна үмүт артып жатканын жашырбайт.

10-июлда Бишкекте кол коюлган инвестициялык келишимге ылайык, Liglass Trading CZ 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын, Ак-Булуң ГЭСин жана дагы он чакан ГЭС курат. Компания орусиялык “Русгидро” ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч курулушуна сарптаган 37 миллион долларды да төлөп берүүнү мойнуна алат.

2012-жылы Камбар-Ата - 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча Кыргызстан менен Орусия макулдашууга кол койгон.

«Русгидро» ишканасы Жогорку Нарын каскадынын курулушун баштап, бирок токтоп калган. Үстүбүздөгү жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш кыргыз-орус өкмөттөрү кол койгон макулдашууну денонсациялаган.

Орусия менен түзүлгөн долбоор 727 миллион долларга бааланган эле. Чехтердин компаниясынын эсебинде каскадды бүткөрүүгө 500 миллион доллар кетет.

Жапаровдун соту: судья ишти окуй баштады

Апта ичинде саясатчылар Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сот иштери уланды.

21-июлда Жапаровдун сот ишинде күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аяктады. Айыпталуучу тарап күбөлөр толук суралбай калганын айтып, сот өкүм чыгарууга шашып жатат деп нааразы. Ишти караган судья Эмил Кайыпов тараптарга жарыш сөзгө даярданууну эскертти.

Адвокат Шарабидин Токтосунов саясатчынын жазык иши беш том экенин белгилеп, ал томдогу темаларды окуп койбостон, ишти кенен изилдейли” деп сотко кайрылды.

Ишти териштирүү маалында күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эки башка чыккан. 2013-жылы Караколдогу митингге катышкандар Бакыт Куланбаев, Кайрат Качаганов, Жумабеков аттуу жарандар ал митингди каржылоого Садыр Жапаров акча берген деп көрсөтмө беришкен.

Ал эми Өмүрбек Бөлтүрүков, Наристе Калчаев, Каныбек Мадеминов Садыр Жапаровдун митингди уюштурууга эч кандай тиешеси жоктугун айтышкан.

Айыпталуучу тарап күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эки башка чыгып жаткандыктан ишти кайра тергөөгө жиберүүнү буга чейин эле көтөрүшкөн.

Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка тишеси бар деп күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.​

Текебаев-Чотонов соту: Убактылуу өкмөт мүчөлөрү суралды

20-июлда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда прокурордун өтүнүчү менен күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү токтотулду. Адвокаттар күбөлөрдүн жарымы гана суралганын айтышып, аларды угуудан жүйөсүз баш тартууда деп, Эрнист Айбек уулуна ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Соттук териштирүү башталгандан бери айыпталуучу тарап 11 жолу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Буга чейин судья адвокаттар сунуштаган 40тан ашык күбөнү суроого макул болгон.

Шаршемби күнкү процессте чыр чыгып, ишти кароо үзгүлтүккө учурады. Буга прокурордун өтүнүчү менен судьянын сот залынан адвокат Канатбек Азизди чыгарганы түрткү болду. ​Бир саамдан кийин ишти кароо башка залда улантылды. Ага айыпталуучулардын тарапкерлери, анын ичинде "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары дагы киргизилген жок.

Бул аптада Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Болот Шер, Кеңешбек Дүйшөбаев көрсөтмө берип, айыпталуучулардын "Мегаком" менен эч кандай байланышы болбогонун айтышты. 2010-жылдын 13-майында Текебаев менен Чотонов орусиялык ишкерлер менен жолугушууга колдору тийбегенин, ал кезде кырдаал курчуп турганын баса белгилешти.

Текебаев-Чотонов соту.
Текебаев-Чотонов соту.

Ошол маалда Улуттук коопсуздук комитетин жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаев атайын кызматта Текебаев менен Чотонов "Мегакомдун" ишине аралашып жатат деген ыкчам маалымат болбогонун айтты.

“Эгерде Текебаев, Чотонов жана башка адамдар "Альфателекомдун" ("Мегакомдун") ишине кандайдыр бир кызыкчылык менен кийлигишип, аралашып жаткан болсо, анда бизде сөзсүз оперативдүү ыкчам маалымат болмок. Андай маалымат бизге түшкөн эмес" - деген Дүйшөбаев Отунбаева дагы, Атамбаев дагы "Текебаевди текшергилечи деп бир дагы жолу айткан эмес” деди сотто туруп.

"Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн бийлигине каршы чыккан "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Керим Макеев дагы айыпталып жаткан эки саясатчыны колдоп көрсөтмө беришти.

Күбөлөрдүн бири Темир Эмилов Текебаев Леонид Маевский менен 2010-жылдын августунда жолугушканын айтып берди.

Адвокаттар эми Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен президент Алмазбек Атамбаевдин келүүсүн соттон өтүнүштү.

20-июнда Текебаев менен Чотоновдун сотундагы мамлекеттик айыптоочулардын бири, Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев кызматтан кеткени белгилүү болду. Баш калаанын прокуратурасын туура бир жыл жетектеген Бейшекеев пенсияга чыккандыгына байланыштуу иштен бошотулганын Башкы көзөмөл органы билдирди.

"Ата Журттун" талапкер чыгаруу тактикасы

18-июлда өткөн “Ата Журт” партиясынын курултайында Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун талапкерлиги президенттикке көрсөтүлдү. Партиянын лидерлери мындай чечимдин артында тактикалык жүрүш жатканын жашырышкан жок.

Партиянын тең төрагасы, парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков "Азаттыкка" курган маегинде шайлоого катышуунун "​ар кандай мыйзамдуу жолдору бардыгын" белгилеп, "соттолгон" деген сөздү алып салдыргандар буга чейин болгонун кыйыткан.

Июнь айындагы Жогорку Соттун билдирүүсүндө «Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Бул өкүмдү Жогорку Сот 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырган. Ал эми айыппул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү” – деп айтылып, саясатчынын соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылары такталган.

2013-жылы Акматбек Келдибеков салык кызматын, соцфондду жана парламентти жетектеп турган кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана коррупцияга аралашкан деген негизде кылмыш иш козгогон.

Үч жылга созулган териштирүүдөн соң Бишкек шаардык соту экс-спикерди жарым-жартылай күнөөлүү деп таап, 10 миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Партиянын экинчи талапкери, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев алар катуу күрөштө жүргөнүнө токтолуп, “эми жеңип чыга турган учур келди” – деп санаалаштарына кайрылды.

Бир партиядан эки лидердин шайлоого бирдей аттанып жатканы саясий тактикалык жүрүш экенин коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков чечмеледи.

"Буга чейин Жогорку сот Акматбек Келдибековдун соттуулугу алына элек деген билдирүү тараткандан кийин БШК анын талапкерлигин каттабай коюшу мүмкүн. Ошондо “Ата Журт” партиясы бир дагы талапкери жок болуп калышы толук мүмкүн" - деген Кабырбековдун пикиринде андай кырдаалда Камчыбек Ташиев жарышка түшөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Журт” партиясынын уставында “бир учурда эки талапкер көрсөтүүгө болот” деп жазылса гана Келдибеков менен Ташиевдин талапкерлиги каттала тургандыгын эскертти.

2016-жылдын ноябрында Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев биригип, үчилтиктен президенттикке бир талапкер чыгаарын жарыялашкан. 11-июнда Адахан Мадумаровдун талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы көрсөткөн.

Камчыбек Ташиев курултайдын соңунда ​"саясий тактикабызга жараша эми добуш бергенге чейин үчөөбүздүн арабыздан бир эле талапкер калат го" деп сырын ачты.

Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев 2011-жылы президенттик шайлоого катышкан. Анда Мадумаров 14,78%, Ташиев 14,32% добуш менен Атамбаевден (62,52%) кийинки экинчи жана үчүнчү орунду алышкан.

Украинанын чыгышында "Малороссияны" куруу дымагы

Өзүн «Донецк элдик республикасы» (ДНР) деп атаган жикчил аймактын башчысы Александр Захарченко Украинанын аймагында «Малороссия» (кыргызча "Кичи Орусия") аттуу жаңы мамлекет түзүлөрүн жарыялады.

Захарченконун картасында «Малороссия» Украинанын Крымдан башка 19 облусунан турат, ал эми Донецк шаары анын борбору болот.

Жикчилдердин лидери мындай демилгени «Украинанын мурдагы региондору» көтөргөнүн, бул кадам аймактагы жаңжалды токтотууга көмөктөшөт деп ишенет.

- Азыркы бийлик жарандык согушту токтото албайт. Биз мурдагы Украинанын региондорунун өкүлдөрү Украинанын ордуна «Малороссия» деген жаңы мамлекет түптөөнү сунуштайбыз.

2014-жылы Украинанын чыгышындагы жикчилдер Донецк менен Луганскта референдум өткөргөнүн жүйө келтирип, өз алдынча «элдик республикаларды» түзгөнүн жарыялашкан.

Бирок бул ирет «Луганск элдик республикасы» (ЛНР) деп атаган аймактын өкүлдөрү «Малороссияны» түзүү идеясын колдошкон эмес.

Украинанын президенти Петро Порошенко «Малороссия» демилгесин Орусиянын Украинаны бөлүп-жаруу аракетинин жаңы көрүнүшү катары мүнөздөдү. Ал орусиячыл жикчилдердин мурдагы «Новороссия» долбоору ойрон болгонун, Донбасс менен Крым дагы акыры украин өкмөтүнүн карамагына өтөт деп убада берди.

- Орусиянын "Новороссия" жөнүндөгү кыялдары ойрон болду. Захарченко баштаган адамдар саясий ишмерлер эместигин, алар кол бала экенин түшүнүү керек. Алар Орусиядан келген билдирүүлөрдү гана жеткирип турушат, - деди украин президенти Порошенко.

Украинадагы соңку жагдай боюнча расмий Москва атайын билдирүү жарыялай элек. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жикчилдердин лидери Александр Захарченконун билдирүүсү анын жеке демилгеси экенин айткан.

Украинадагы жикчилдердин «Малороссия» мамлекетин түзүү демилгеси эл аралык чөйрөнү да тынчсыздандырууда.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында башталган жаңжал 10 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Украин бийлиги өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди "Кремл каржылап жана аскердик жактан колдоп жатат" деп Орусиянын бийлигин айыптап келет. Орусия бул айыптоолорду четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG