Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 02:51

Саясатчы Садыр Жапаровдун сотунда адвокаттар иш судья тарабынан өтө шашылыш каралып, күбөлөр толук суралбай калганына нааразы болушууда.

Муну Жапаровдун тарапташтары сотко бийликтин буйругу түшкөндүктөн өкүмдү эртелетип окуганга кызыкдар болуп жатканын айтышты.

21-июлдагы сот процессинде прокурор менен судья "Садыр Жапаровдун ишине тиешелүү жагдайды эле карайбыз", - деп шаштысы кетсе, Жапаровдун адвокаттары сот процессин созууга кызыкдар экенин жашырбай турушту.

Жыйынтыгында беш том менен камтылган ишти бир саатка жетпей сот изилдеп салгандан кийин Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов судьяга нааразылыгын билдирип чыкты.

- Урматтуу төрагалык кылуучу, сиз мага эскертүү берем деп коркута бербестен, мыйзамды да сактап коюңуз. Садыр Жапаров беш том менен соттолуп жатат. Ал томдогу темаларды окуп койбостон, ишти кенен изилдейли. Бизге темасын окуп, шашылганыңыз кереги жок.

Жумуш күнү бүтпөй уланган процесс

Андан соң жумуш саат аяктаганына карабай судья Эмил Кайыпов тараптар суранган күбөлөрдүн көрсөтмөсүн окуй баштады. Прокуратура үч күбөнүн көрсөтмөсүн окуп берүүнү өтүнсө, Садыр Жапаровдун адвокаттары соттон окуп коюуну суранган көрсөтмөлөр ого эле көп болду.

Жагдайга макул болбогон прокурор Бакыт Токтобеков адвокаттар ишке тиешеси жок адамдардын эле көрсөтмөлөрүн окуттуруп жатканын айтып чыкты.

- Ишке тиешеси бар адамардын берген көрсөтмөсүн окуткула да. Иштин бардыгы менен буга чейин эле тааныш болгонсуңар, ошондуктан, урматтуу сот, ишке түздөн түз тиешеси бар адамдардын көрсөтмөлөрүн гана окуйлу деген сунуш киргизем.

Өз кезегинде күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү да эки бөлөк чыкканын белгилей кетүү керек. Алсак 2013-жылы Караколдогу митингге катышкандар Бакыт Куланбаев, Кайрат Качаганов, Жумабеков аттуу жарандар ал митингди каржылоого Садыр Жапаров акча берген деп көрсөтмө беришкен.

Ал эми Өмүрбек Бөлтүрүков, Наристе Калчаев, Каныбек Мадеминов өңдүү адамдар, тескерисинче, митингге Садыр Жапаров эч кандай каражат бөлгөн да эмес, ал митингди уюштурган да эмес деген өңүттө тергөөдө көрсөтмө беришкен экен.

Мына ушундай күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эки ача чыгып жаткандыктан соттолуп жаткан саясатчы Садыр Жапаров сот ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүшү керек деп буга чейинки отурумдарында бир нече жолу айткан эле.

Өкүмгө чейинки эки кадам

Бирок буга чейин күбөлөрдөн көрсөтмө алууну токтоткон судья Эмил Кайыпов бул саам соттук териштирүү аяктаганын билдирип, мындан ары тараптарды жарыш сөзгө даярданууга үндөдү.

- Соттук териштирүү аяктады, жарыш сөздүн алдында тараптардын арыз, өтүнүчтөрү болсо кабыл алынат. Андан соң тараптар жарыш сөзгө даярданып келиңиздер.

Садыр Жапаровдун иши өтө тездик менен каралып жатканына нааразы болгон тарапташтары судьяга жогорку жактан буйрук болушу мүмкүн деп болжоп жатышат. Сотко катышкан тарапташы Ишенбек Курманакунов “Азаттыкка” билдиргендей, Жапаров президенттик шайлоого катышуу арызын бергенден кийин бийлик аны шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп, соттоп салууга шашкалактай баштады.

- Жапаровдун сотуна бийлик буйрук берип, эртерээк соттоо аракети жүрүп жатканы баарыбызга эле айдан ачык билинип калды. Судья ишти чойчу жерден чоюп, тездетчү жерден жумуш күнү бүткөнүнө карабай ишти карап жатпайбы. Иш өтө тездик менен жүрүп жатат. Ишти болсо көрүп жатпайсыңарбы, Жапаровдун күнөөсү бар деген жерде дагы анын тиешеси жок болуп чыга келүүдө.

Салянова: биздин сот деле шашып жатат

Жапаровдон тышкары 21-июлда Ленин райондук сотунда Аида Салянованын да иши каралмак. Бирок адвокат Чынара Жакупбекова эс-учун жоготуп ооруканага түшүп калды деген кабардан улам сот башка күнгө жылды. Өз кезегинде депутат Салянова “Азаттыкка” айтып бергенине караганда, анын сотунда деле судья өкүмдү чыгарууга шашып жатканы байкалууда.

- Прокуратура тергөө убагында 20дай күбөнү сураса, процесске болгону алтоону алып келди. Калгандарын алып келбейбиз деп коюшту. Экинчи жагдайды алсак ошол эле Елисеевдикиндей кырдаал менен Кыргызстанда жыйырмадай адвокат лицензиясын жандандырыптыр. Ошол адвокаттарды күбө катары чакыралы десек, аны дагы четке кагып койду. Андан тышкары биз тараптагы күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүн да тыйып салбадыбы. Эми ар кайсы амалдар менен сотту тезирээк өткөрүп, өзүнө керек чечимдерди чыгаруу максаты ачык байкалып жатат.

20-июлда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда да прокурорлор күбөлөрдөн көрсөтмө алууну токтотуу сунушун киргизип, соттон колдоо тапкан. Адвокаттар күбөлөрдүн жарымы гана суралды деп, соттун бул чечимин саясий буйрук катары кабыл алышкан эле.

Мындай жүйөгө макул болбогон прокурорлор келген күбөлөргө окшош суроолор берилип, алардын жооптору да алдын ала белгилүү болуп калганы менен негиз келтиришкен.

Буга чейин Боршайком соттошуп жаткан камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу арызын кабыл алынганын расмий билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG