Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Сот президент А.Атамбаевди сот жүрүмүнө чакыруу өтүнүчүн канааттандырбады


Оппозициядагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов.
Оппозициядагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов.

18-июлда Бишкекте Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин кароону улантты. Бул күнкү соттук жараянда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү күбө катары көрсөтмө беришти.

Сотто көрсөтмө берген мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, каржы жагына жооптуу болгон Темир Сариев 2010-жылы 13-майда өлкөдө кырдаал чыңалып турганын айтты. Ал Кыргызстандын түштүк аймактарында убактылуу өкмөттүн бийлиги күчсүз болуп, бул үчүн атайын чукул жыйын чакырылганын, Өмүрбек Текебаев жыйынга катышканын жана кырдаалды жөнгө салууга 2 млн доллар бөлүү боюнча талаш жаралганын белгиледи:

- Кырдаал ошондой болчу. Кээ бир маселелер боюнча түнү менен кетпей, кызыл чеке болуп талашып жүрүп, чечим кабыл алынчу. Бул күнү биз түштүктө Убактылуу өкмөттүн бийлигин күчтөндүрүү үчүн акча каражат бөлүү маселесин тартыштык. Сиз - сотсуз, өзүңүз суратып алсаңыз болот, бул акча кимге берилгенин, кайда, кантип жумшалганы тууралуу бардыгы документ болуп бекитилип сакталган.

Темир Сариевден кийин күбө катары мурдагы Убактылуу өкмөттүн дагы эки мүчөсү - Коопсуздук кызматын көзөмөлдөгөн Кеңешбек Дүйшөбаев жана социалдык тармакты тейлеген Элмира Ибраимова көрсөтмө берип, 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн жыйындары бир нече жолу болгонун, анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштан-аяк катышып отурганын айтышты.

Маалыматка мамиле

Убактылуу өкмөттүн тушунда Коопсуздук кызматын көзөмөлдөгөн Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдын 13-майындагы кырдаалды айта баштаганда, сот аны тыйып, ал убактагы кырдаал баарына белгилүү экенин, аны сүрөттөп отуруунун кажети жоктугун айтты:

- Ал убакта кырдаал кандай болгонун баарыбыз эле билебиз. Аны бул жакта айтып отуруунун кереги жок.

Соттун бул аракетин айыпталуучу Өмүрбек Текебаев сынга алды. Ал судья Эрнис Айбек уулун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө олуттуу мамиле жасоого чакырды:

- Ошол кездеги кырдаалды Кеңешбек Дүйшөбаев билгендей эч ким билген эмес. Анткени Улуттук коопсуздук кызматына эч кимге айтылбаган маалыматтар келип турган. Ал кырдаалды биринчи жолу айтып отурат, мына ушул сотто; буга чейин айтыла элек болчу. Билебиз дейсиз, сиздин билгениңизди биз ишке тиркей албайбыз. Сизден кийинки сот билбеши мүмкүн. Компетенттүү адамдардын айткандары документ болуп калат.

"Жыйынга Атамбаев катышкан эмес"

18-июлда көрсөтмө берген күбөлөр дээрлик бир ооздон мурунку соттук териштирүүдө Алексей Модин "Текебаев менен жолуккам" деген иш бөлмө Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүнө окшобой жатканын айтышты.

Ал эми Элмира Ибраимова айым 2010-жылы 13-майда өткөн жыйынга мурдагы Убактылуу өкмөт төрайымынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаев катышпаганын эстеди:

- Менин эсимде калганы боюнча, ал жыйынга убактылуу өкмөт төрайымынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаевден башка бардык мүчөлөрү катышкан. Мен муну эмнеге эстеп калдым? Анткени Атамбаев түштүктөгү кырдаал боюнча комиссияны жетектеп турган, ага тиешелүү маселе карап жаткан учурда жок экенине көңүл бурган болчумун.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Мына ушундай маалыматтардан соң “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары үчүнчү ирет Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыркы президент Алмазбек Атамбаевди сотко чакыруу өтүнүчүн келтиришти. Бирок сунушту сот четке какты.

18-июлдагы соттук териштирүүдө судья мурунку министр Дүйшөн Чотонов Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кантип жетектеп калганына да кызыкты. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Элмира Ибраимова Чотонов түздөн түз азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен министр болгонун айтып берди. Анын сөзүн Чотонов өзү да ырастады.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Бирок ал “Мегаком” акцияларына ээ болбой калып, берген акчасын кайтара албай Текебаевге алданып калганын айтып, быйыл февраль айында өлкөнүн күч органдарына арыз жазган.

Буга чейин Текебаев-Чотонов сотунда экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев баштаган бир катар саясатчылар күбө катары көрсөтмө берген.

Мурдагы президент Роза Отунбаева мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин сотуна катышты. 22.6.2017.
Мурдагы президент Роза Отунбаева мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин сотуна катышты. 22.6.2017.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту 19-июлда улантылат. Бул күнү Убактылуу өкмөттүн дагы башка мүчөлөрү көрсөтмө берээри күтүлүүдө.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат.

Бул кеңири белгилүү оппозициячыл саясатчылар болсо өздөрүнө карата козголгон кылмыш ишин "негизсиз саясий куугунтук" деп баалап, өздөрүнүн ак экенин баса айтып келишет.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG