Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:18

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда башталды.

Бүгүн "Ата Мекендин" лидерлеринин алгачкы сот отуруму болду.

Кийинки сот 8-июнда уланат. Мындай чечимди бүгүн ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек кабыл алды. Ошондой эле судья кийинки сот отурумунда видеого тартууга уруксат берилбесин айтты.

Бүгүнкү алгачкы отурум ачык өттү. Сот залындагылар жараянды интернеттеги жеке баракчалары аркылуу түз көрсөтүп жатышты.

Адвокаттар иш менен таанышканга толук мүмкүнчүлүк берилбегенин жүйө келтирип, кошумча убакыт берүүнү соттон өтүнүштү.

Текебаев да президент Алмазбек Атамбаев "иш май айында сотко өтөт" деп айткан сөзү менен тергөөгө көрсөтмө берген деген пикирин айтты жана тергөө ишти сотко өткөрүүгө шашканын белгиледи.

Бирок мамлекеттик айыптоо иш сотко мыйзамда каралган мөөнөттө өткөрүлүп берилгенин, айыпталуучуларда материалдар менен таанышууга жетиштүү убакыт болгонун айтты.

Натыйжада сот иш менен таанышууга дагы үч күн убакыт берүүнү чечти.

Текебаевдин коомдук жактоочусу Искен Афиджанов Фейсбук аркылуу сот залынан түз маалымат берди. Анын "Абалыңыз кандай?" деген суроосуна Текебаев "Күрөшкө даяр, чечкиндүү, келишкис, моралдык жактан актык, артыкчылык сезимде" экенин айтып жооп берди жана эгер соттон утулуп кала турган болсо да "тарыхый күрөштү утканын" белгиледи.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов соттун ачык жана кыргыз тилинде өтүүсүн да талап кылып, судья аны канааттандырды. Алар Биринчи Май райондук сотунда башталган отурумда алар каршы көрсөтмө берген күбөлөрдү сотко сөзсүз катыштырууну да суранышты.

- Үч ай ичинде бизди коррупционер деп айтып келаткандар ошол сөзүн ушул жерге келип элдин алдында ачык айтсын, - деди Чотонов.

Текебаевдин сотуна Атамбаевди чакыртуу өтүнүчү келтирилди

Өмүрбек Текебаевдин сотуна президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары чакыртуу маселеси азырынча ачык бойдон калууда.

Бүгүн соттук отурумда Текебаев өзү жана анын адвокаттары 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөсү катары Атамбаев да өз көрсөтмөсүн бериши керек деген маселени көтөрүштү.

Ал эми айыптоочу тарап бул өтүнүчкө каршы чыгып "ал кишинин эч кандай тиешеси жок, ал көрсөтмө бере албайт" деген жүйөсүн келтирди.

Натыйжада судья Айбек Эрнис уулу адвокаттардын өтүнүчүн азырынча канааттандыруудан баш тартып, аны кийин карап чыгарын белгиледи.

Текебаев "Мегаком" компаниясы боюнча орус жараны Леонид Маевскийден пара алган деп шектелип, быйыл 26-февралда кармалган. Анын ишине байланышы бар деген айып менен Дүйшөн Чотонов да камакка алынган.

Эки саясатчы тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат.

“Ата Мекен” партиясы алардын айыбы жок экенин билдирип, кылмыш ишин саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG