Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Текебаев-Чотонов соту: Маевский көрсөтмө берди


"Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 29-июндагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу тараптын башкы күбөлөрүнүн бири Леонид Маевский көрсөтмө берди.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сот ишиндеги күбө, орусиялык ишкер Леонид Маевский 29-июнда соттон чыккандан кийин журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Анда ал Өмүрбек Текебаевге 1 млн доллар бергенин айтты. Муну ал “базарга кирүү үчүн” деп түшүндүрдү жана бул пара деп бааланышы ыктымал экенин түшүнүп турганын моюнуна алды. “Ошондуктан юристтерим менен кеңешип, бул пара болбошу үчүн өзүмдүн укуктук коопсуздугумду камсыз кылуу үчүн бардыгын жасадым”, - деди ал.

Маевский пара бергени үчүн деген негизде ал өзү жоопко тартылышы мүмкүн экенин четке какпасын айтып “Ыктымалдык дайыма бар. Менимче ал өтө эле аз жана мен өзүмдү коргой алам” деп пара берүү тууралуу иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп чыгарылганын кошумчалады.

Бул иште саясий буюртма болбогонун айткан Маевский “Нормалдуу бизнес мамилелери. Ал мени “алдады” – ал жооп бериши керек”, - деди. Маевскийдин айтымында, эгер акчаны өндүрүп алса, аны Кыргызстанда кайрымдуулукка жумшайт.

Текебаев: Акча сураган да, алган да эмеспиз

Леонид Маевскийдин айтымында, ал "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов менен Алексей Модин аркылуу таанышып, 2010-жылы Бишкекте жана Москвада бир канча жолу жолугушкан.

Леонид Маевский эки саясатчы “Мегаком” компаниясына кирүүгө көмөктөшүү үчүн бир миллион доллар сурашкан, аны экиге бөлүп, биринчисинде 300 миң доллар, андан кийин 700 миң доллар ортомчулар аркылуу бергем деп билдирди. Бирок алданып калганын, "Мегакомго" кире албай калгандан кийин акчаны кайтарып берүүнү талап кылганын, Текебаев болсо акчаны бербей коркутканын айтты:

- “Экинчи бул жакка келбе, мен бул өлкөнүн кожоюнумун, акчаны унут” деп коркутту. Эгер дагы бир жолу келсем, кайра кетпей каларымды айтты. Орусияга барганда чек арачылар жүгүңдөн маңзат табышат, Орусиянын мыйзамдарына ылайык соттолосуң деди.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Леонид Маевскийдин билдиришинче, Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүү алгач 2010-жылдын 13-майында Бишкекте анын иш бөлмөсүндө, андан кийин шаар четиндеги чыгыш ресторандардын биринде уланган. Бирок бул маалыматты Өмүрбек Текебаев четке кагып, ал күнү өлкөдө реванш алууну көздөгөн күчтөрдүн аракетинен улам абал курчуп тургандыктан, Маевский менен жолугушуу болушу мүмкүн эмес деп билдирди:

- 2010-жылы 13-майда Маевский менен жолуккан эмесмин. Ал күнү "Хаятта" тегерек стол болгон. Мен ага саат 1 жарымга чейин катышкам. Саат экиде Убактылуу өкмөттүн отурумуна, 5:30да "Ак-Кемеде" конституциялык кеңештин жыйынына катышкам. Маевскийдин айткандары жалган.

Текебаев Маевский менен августтагы кездешүү Бишкектеги "Супара" этно-комплексинде болгонун, бирок анда акча эмес, Орусияга сапар тууралуу кеп козголгонун кошумчалады:

- Шайлоо алдында Орусияга барууну кеңешчилерим сунуштаган. Менин Орусияга болгон сапарымды уюштуруп берем деп өзү (ред: Маевский) айтты. "Супарада" май айында эмес жайында, августта жолукканбыз. Модин же башка адам Маевскийдин атынан бизге 300 миң доллар берген эмес. Биз алган эмеспиз, себеби сураган эмеспиз, талап кылган да эмеспиз​. Убактылуу өкмөттүн учурунда "Мегакомду" менчиктештирүү маселеси турган эмес. Анткени бул маселени легитимдүү өкмөт карашы керек болчу.

Алексей Модин
Алексей Модин

Маевскийдин катышуусундагы сот үч саатка созулду. Көрсөтмө берүүдө ал күбө катары укугунан ашык пайдаланып, өктөм мамиле жасап жатат деп эсептеген адвокаттар сотко өтүнүч келтиришти. Кайым айтышуулар орун алды. Сот Маевскийге эскертүү берди.

Адвокаттар көп суроолор жоопсуз калды деп, Маевскийди 4-июлдагы отурумга келишин камсыздап берүүнү соттон сурашты. Башкы күбө келерки сот отурумуна келе албай турганын билдирди. Сот бүткөндөн кийин Маевский маалымат жыйынын уюштуруп, анда берген акчасын пара эмес, "акция сатып алууга мүмкүндүк" үчүн берилген деп чечмеледи. Юристтер болсо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эгер орусиялык ишкер пара бергени анык болсо, пара берүүчү катары ал дагы сот жообуна тартылышы шарт деген жүйөнү айтып келатышат.

28-июнда Текебаев жана Чотоновдун иши боюнча орусиялык ишкер Алексей Модин, “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков жана парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов күбө катары көрсөтмө беришкен.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу көзү тирүүсүндө 1 млн доллар берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атаса, Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин белгилеп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG