Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Зилалиев менен Калиевди кызматтан алуу талабы коюлду


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандагы он чакан жана Жогорку Нарын ГЭСин курат делген Liglass Trading CZ компаниясына байланыштуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоду. Анда келишимди жокко чыгаруу, аталган ишкана менен келишим түзгөн жетекчилердин жоопкерчилигин карап, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиевди кызматтан алууну сунуштаган.

Сооронбай Жээнбеков мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын колдонуу менен жаралган кырдаалда чечкиндүү кадамга барышы керек дейт коомдук ишмер.

“Сиз эч токтоосуз Дүйшөнбек Зилалиевди Өнөр жай жана энергетика мамлекеттик комитеттин жетекчилигинен, А. Калиевди Энергохолдинг директорлугунан алып, тийиштүү органдарга мамлекеттин баркын түшүргөн чечим кабыл алгандардын, ошондой эле жемкорлукка жол берчү, кызмат абалынан кыянатттык менен пайдалангандардын жоопкерчилигин кароону тапшырышыңыз керек”, - деп жазылган ачык катта.

Кыргыз өкмөтү Liglass Trading CZ менен ГЭСтерди куруу тууралуу макулдашууларга өткөн аптада, 10-июлда кол койгон. Кол коюу жөрөлгөсүнө президент Алмазбек Атамбаев дагы катышкан.

Ал тапта Кыргызстанда ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясы менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген катты кыргызстандык "24.kg" маалымат агенттиги жарыялады. 17-июлда чыккан үч беттик кат Кыргызстандын Австрия менен Чехиядагы элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин чехиялык Liglass Trading CZ компаниясын изилдегенден кийин Экономика министрлигине жана Улуттук энергохолдингге жиберген жообу болгон. 2017-жылдын 10-мартында жазылган ал катка ТИМдин ошол кездеги орун басары Азамат Үсөнов кол коюп, "Өтө маанилүү!" деп белгиленген.

Чех компаниясына байланыштуу талаштуу жагдайга Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев комментарий берип, тынчсызданууга негиз жоктугун, макулдашуу түзүлөөрдө алар 1 миллион 200 миң доллар кепилдик акы төлөшкөнүн “Азаттыкка” билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG