Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Дагы бир компания "Мегакомго" көз кырын салды


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырганы жаткан "Huawei" компаниясынын Кыргызстандагы өнөктөшү "АКА минералз энд майнинг" компаниясы "Мегакомду" сатып алууга кызыгып жатат.

Мамлекеттик мүлк фонду бул компаниядан сунуш түшкөнүн, ал каралып жатканын ырастады. Буга чейин "Акылдуу шаар" долбооруна "тогуз миллион доллар салат" деген, ишмердиги тууралуу дээрлик маалымат жок "Ака минералз энд майнинг" компаниясынын өзү тууралуу бир катар күдүк ойлор айтылып жаткан болчу. Эми анын "Мегакомго" кызыгып жатканы талкууну ого бетер күчөттү.

Кыргыз өкмөтү "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясын бир канча жылдан бери сата албай келатат.

Социалдык тармактарда "Ака минералз энд майнинг" компаниясынын башкы директору Максат Курбановдун "Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Ренат Түлөбердиевдин атына жазган каты" деген документ тарады. Анда аталган жоопкерчилиги чектелген коом "AKA Group" деген инвестициялык компанияга кирери, тоо-кен өндүрүшү, логистика тармагы, муниципалдык жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү өңдүү экономиканын ар кандай тармагындагы инвестициялык долбоорлорго басым жасай турганы айтылган.

Ал "Мегакомдун" 100 пайыз акциясын сатып алып, андан ары өнүктүрүп, жаңылаганга кызыкчылыгы бар экени белгиленген. "Мегакомду" сатып алуунун шарттары тууралуу Ренат Түлөбердиев менен ага ыңгайлуу убакта сүйлөшүүгө даярдыгы да көрсөтүлгөн.

Ренат Түлөбердиевге жазылган кат.
Ренат Түлөбердиевге жазылган кат.

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев "Ака минералз энд майнинг" компаниясынан сунуш түшкөнүн, ал каралып жатканын "Азаттыкка" бышыктады:

- Кайрылуу келип түшкөн, азыр каралып жатат. Катты расмий түрдө "Мегаком" компаниясына жөнөтүп койгонбуз. Азыр ушул эле деңгээлде. Кайрылуу эле түштү. Шарттары тууралуу да сүйлөшүү боло элек. Алар таанышып жатышат.

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү мамлекеттин үлүшүндөгү "Альфа-Телеком" уюлдук компаниясын тендерсиз, тикелей сатууга негиз берчү өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

"АКА минералз энд майнинг" компаниясынын аты өткөн аптадан бери гана угула баштады. Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоору боюнча Кытайдын "Huawei Technologies" компаниясы менен инвестициялык келишим түзгөн жана бул компания долбоорду Кытайдын "Beijing China Veterans Lingxin Capital Management" жана Кыргызстандагы "АКА минералз энд майнинг" компаниясы менен чогуу ишке ашырарын маалымдаган.

"Акылдуу шаар" долбооруна аралашып, "Мегакомду" сатып алууга кызыгып жаткан "Ака минералз энд майнинг" компаниясы тууралуу дээрлик маалымат жок. Ал Юстиция министрлигинен 2014-жылы кайра каттоодон өткөнү, директору Максат Курбанов, негиздөөчүсү "АКА Петролеум" жоопкерчилиги чектелген коому экени, негизги ишмердиги "жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу" экени гана белгилүү.

"АКА Петролеум" жоопкерчилиги чектелген коому тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги учкай маалымат берген. Ага ылайык, бул компания 2014-жылы 14-апрелде Германияда түзүлгөн жана башкы директору Нурмамэт Кудрэт аттуу немис жарандыгын алган кытайлык уйгур улутундагы адам. Компания газ, мунай өндүрүү, пайдалуу кен казуу, долбоорлоо, даярдоо иштерин жүргүзүү, капиталдык салымдын бардык түрүн алуу, сактоо, бөлүштүрүү, пайдалануу менен алектенет. Бул компаниянын курамына Бириккен Араб Эмиратында, Германияда, Англияда, Кытайда жана Борбор Азияда кыймылсыз мүлк, мейманканалардын долбоорлору боюнча инвестиция менен иштеген "AKA International" аттуу да компания кирет.

"Мегаком" компаниясы тууралуу Жогорку Кеңеште 19-январда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын жыйынында да сөз болду. Фракция лидери Руслан Казакбаевдин пикиринде, өкмөт мындай иштерде мүмкүн болушунуча ачык-айкын болушу керек.

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Ушундай долбоорлорго, тендерлерге байланыштуу эмнеге коомчулукта бүдөмүк ой, талаш-тартыштар болот? Бул жерде эң негизгиси - ачыктык керек. Андай инвестициялык келишимге кол коюлгандан кийин ошонун баарын түшүндүрүп, суроолордун баарына жооп берсин. Ошондо гана иш болот. "Келишимге жашыруун кол коюлуп калды, мамлекеттик ишкана жашыруун сатылып кетти" деп жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандан кийин талаш-тартыш болуп жата берет. Анын аягы келип терс иш, терс көрүнүш менен бүтөт.

"Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев "Мегакомдун" түзүүчүлөрүнүн бири катары анын 51 пайыз үлүшүн алыш үчүн соттошуп жаткан "Penwell" компаниясына токтолду. "Penwell" былтыр жайында кыргыз өкмөтүнөн 200 миллион доллар өндүрүп алыш үчүн Стокгольмдогу арбитражга кайрылган эле. Рысалиев өкмөт "Мегакомду" сатууда ушундай жагдайларга көңүл бурбай жатканын белгиледи.

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

- Стокгольмдогу арбитраж "Мегаком" боюнча арызды кабыл алды. Демек соттошуу болушу мүмкүн. Анда сотко берген компания утуп алышы ыктымал. Бизди 210 миллион долларга өндүрүп алуу боюнча сотко берип жатат. Биз болсо "Мегакомду" 190 миллион долларга сатабыз деп жатабыз. Анда сиз айтып жаткан "Ака минералз энд майнинг" компаниясы "Мегакомду" ошол доо арызы менен кошо сатып алабы? Кыргыз өкмөтү бул соттошуу бүтмөйүнчө "Мегакомду" сата албайт болуш керек. Бул доо арыз эл аралык сотто каралып жаткандыктан "Мегакомдун" сатылып кетишинен күмөнүм бар.

Былтыр күзүндө "Мегакомдун" 100 пайыз акциясын сатып алыш үчүн Елена Нагорная аттуу орус жаранынан арыз түшкөнү маалым болгон. Ал Орусияда чай бизнеси менен алектенери аныкталгандан кийин коомчулукта анын ири инвестиция саларынан шек санаган түрдүү күдүк ойлор жаралган. Көп өтпөй "тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе алган жок" деген себеп менен кыргыз өкмөтү ал ишкер менен сүйлөшүүнү токтоткон.

Былтыр жыл этегинде премьер-министр Сапар Исаков "өкмөт "Мегаком" компаниясын сатыш үчүн чет өлкөлүк ортомчу компания жалдайт" деп билдирген. Ал компанияны баалап, баасын бычып сатып берүүгө эки компания кызыгып жатканын да айткан.

"Мегаком" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры былтыр компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган болчу.

"Мегаком" мындан эки жыл мурун "Белизгейт" деген ат менен тарыхта калган жаңжалга негиз болгон. Бул компанияга байланыштуу былтыр "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынган. Ага "2010-жылы "Мегакомду" сатып алууга кызыккан орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган" деген айып тагылып соттолгон. Текебаев өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG