Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Өкмөт "Мегакомго" жаңы кардар издейт


"Мегаком"
"Мегаком"

Мамлекеттик “Мегаком” компаниясын сатуу боюнча орусиялык ишкер менен сүйлөшүү сатык шарттары туура келбегендиктен токтотулду.

Мамлекеттик мүлк фонду "Альфа Телеком" ишканасын сатуу боюнча орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтотту. Тараптар алып-сатууда орток пикирге келишкен эмес. Башкача айтканда, кардар Елена Нагорная “Мегакомду” үч жылдык башкаруудан кийин гана сатып алууну сунуш кылган. ​

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Азыр сүйлөшүүлөр токтотулду. "Үч жыл башкарып, ошондон кийин гана сатып алам" деди. Биз бул мыйзамга туура келбей турганын айттык. Кызыккан, "изилдесек болобу" деген жаңы кардарлар кат жөнөттү. Сатуу боюнча жаңы шарттарга талдоо жүргүзүп, ошондон кийин өкмөткө сунуштайбыз.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телекомду" 2015-жылдан бери сата албай келатат.

Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыккан эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.

Быйыл “Мегаком” компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз бергени сентябрда маалым болгон.

Эгерде бул алды-сатты ийгиликтүү ишке ашса, ишкер айым мамлекетке кошумча комиссиялык төлөм катары жалпы сумманын жети пайызын же болбосо 950 миллион сом төлөмөк.

Бирок социалдык тармактарда Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенээри ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция салаарынан шек санаган, "байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер "Мегакомду" кантип иштете алат" деген түкшүмөл ойлор жаралган.

"Бийлик “Мегакомду” башка инвесторго сатууга кызыкчылыгы жок, андыктан жасалма жол менен шартты жеңилдетип, баасын түшүрүп, өз кишилерине сатууга жол ачууда" деп шек санаган пикирлер да жок эмес. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков “Мегаком” таза жол менен сатылаарына ишенбейт.

- Мен дагы бир жолу айтайын, муну башка бирөөгө сатышпайт, өздөрүнө өздөрү сатышат. Арзан баада сатышат да, ал жерден эбегейсиз чоң пайда көрөт. Себеби “Мегаком” - Кыргызстандагы эң ири компания. Бул схема баарыбызга белгилүү. Буга чейинки коттедждер боюнча ызы-чуу дагы эле бүтө элек. Мындан башка дагы бир топ кымбат баалуу объектилер бар.

Бирок экономист Искендер Шаршеев мындай пикирге кошулбайт. Болгону учурда Кыргызстанга чынында сырттан инвестор келгидей абал түзүлө элек деп эсептейт.

- "Мегакомду" сатып алчу компаниялар көп эле. Балким шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатышты. "Мегаком" сатылышы толук мүмкүн. Бирок биздин өлкөдө туруктуулукту далилдеш үчүн дагы 10 жыл керек. Азыр инвесторлор биздеги туруктуулукка толук ишенбейт.

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү мамлекеттин үлүшүндөгү "Альфа-Телеком" уюлдук компаниясын тендерсиз, тикелей сатууга негиз берчү өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" уюк байланыш компаниясы Кыргызстанда ири кирешелүү ишкана болуп саналат.

Расмий маалымат боюнча ишкананын таза кирешеси жылына 2 миллиард сомдун тегерегинде болот. Мына ушундай өкмөттүн казынасына киреше алып келип жактан “Мегакомду” сатууга каршы чыккан саясатчылар арбын. Бирок өкмөт “Мегакомдун” кирешеси жылдан-жылга азайып келатканын билдирген болчу.

Буга чейин экономика министринин орун басары Элдар Абакиров мамлекеттик ишкана менчик компаниялар менен атаандаштыкка туруштук бере албай турганын айткан эле:

- Чындыгында, мамлекеттик ишканаларды иштетүүдө мамлекет жакшы башкаруучу эмес. Ар бир мамлекеттик ишкана менен жеке компанияны салыштырганда мына ушундай жыйынтыкка келебиз. "Мегакомду" карасак дагы, соңку мезгилде кардарларынын саны азайды. Ошол эле кезде башка жеке менчик уюк компанияларынын кардарлары көбөйгөнүн байкоого болот. Эртең технологиялар өзгөрүп кетсе, биздин мамлекеттик компания жаңыланууга үлгүрбөй калса, анда башка жеке менчик компаниялар байланыш рыногун ээлеп калып, аны банкрот абалга жеткирип коюшу мүмкүн. Ошондуктан аны сатыкка чыгаруу боюнча өкмөттүн саясаты туура эле баратат.

Буга чейин "Penwell" аттуу мекеме "Мегаком" компаниясынын 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жарыялап, бул үчүн соттук териштирүүгө чейин бара турганы жөнүндө билдирүү тараткан.

Анда 2006-жылы негизделген бул компаниянын 51 пайыздык үлүшүн 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев рейдерлик жол менен тартып алып, анын активдеринин баарын "Альфа-Телеком" деген аталышта ачылган жаңы компаниянын карамагына которуп алганы жазылган. Анын менчик укугун калыбына келтирүү аракети 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин дагы ишке ашпай калганы белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG