Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Өкмөт "Акылдуу шаар" келишимин үздү


Бишкек
Бишкек

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоору боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимден чыкты. Муну өкмөт "айрым милдеттенмелерди кытайлык компания аткарган жок" деп негиздеди жана долбоорду өкмөт өзү ишке ашырарын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы "келишимде жазылган мөөнөт сакталбаганы үчүн башкача айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин даярдалышына байланыштуу кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” инвестициялык долбоору боюнча келишимден чыгууну чечти" деп билдирди.

Бирок “Акылдуу шаар” долбоорун өкмөт өзү ишке ашырары айтылганы менен ал жөнүндө азырынча кенен маалымат бериле элек. Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов бул тууралуу мындай маалымат берди:

Чыңгыз Эсенгулов
Чыңгыз Эсенгулов

​- Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүшүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Азыркы тапта долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти.

Өкмөт "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге 11-январда кол койгон. Анда жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулары кабарланган болчу.

Бирок келишим туурасында коомчулукта ар кандай доомат, сындар айтылып, Кыргызстанда "Huawei Technologies" компаниясына байланыштуу чырлуу окуяны эске салышкан. Тактап айтканда, 2015-жылы бул компания Ошко оптика-була линияларын төшөөнүн баасын негизсиз түрдө кымбат көрсөткөн деп айтылып жүрөт.

Өкмөт айтылган сынды четке кагып, "компания мындай долбоорлорду буга чейин Дубайда, Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында да ишке ашырган" деп ишендирген болчу. Ошондой эле премьер-министр Сапар Исаков өкмөткө келип жатканда "бул долбоорду тез арада ишке ашырам" деп убада берген эле.

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбайдын баамында, өлкөдөгү ири долбоорлор кандайдыр шектүү компаниялардын айынан ишке ашпай калып жатканы өкмөттүн аброюна көлөкө түшүрөт. "Мамлекет эл аралык ишкана менен биргелешкен долбоорлорунда шашылыш чечим чыгарбашы керек", - деди Сейтек Качкынбай.

​- Биз "мындай кылып коюптур" деп кытайлык компанияны күнөөлөп жатабыз. Бирок бул табигый нерсе - ар бир ишкана, өлкө өз кызыкчылыгын жогору коет. Бирок ошол эки тарап тең пайда тапкыдай келишимге жетиши керек болчу. Алдын ала эле “булар алдамчы, ал эми буларга ишенсе болот” деп текшерүү керек да. Келишим түзөрдө ал компанияны миң ирет текшерип, изилдеп, анан кол коюлса болмок.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов келишимди сындап чыккандардын бири. Анын пикиринде, Сапар Исаков баштаган өкмөт ири долбоорлорду ишке ашыра албай жатат. Байсалов өкмөт ишенимден кетти деп эсептейт.

Өкмөт буга чейин "Таза коом" улуттук программасын жарыялап, анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыраарын жарыялаган.
Өкмөт буга чейин "Таза коом" улуттук программасын жарыялап, анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыраарын жарыялаган.

Анткен менен "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Азиз Солтобаев кыргыз өкмөтүнүн "Акылдуу шаар" долбоорун кандай гана учур болбосун ишке ашырарына ишенип турат. Солтобаев өкмөттүн "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагындагы айрым иштерине токтолду.

- "Келишимден чыкты" дегени - "долбоор токтойт" деген сөз эмес. ЖМКдан уккан кабарларга карасак, өкмөт бир катар иштерди жасап жатат. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн укуктук актыларды өзгөртүүдө. Алардын акыркысы деп автоунааларды кайра каттоону арзандатып жатканын айтсак болот.

"Акылдуу шаар" алты жылдан бери ишке ашпай келген “Коопсуз шаар" долбоорунун ордуна сунуш кылынган. Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун 2012-жылы ишке ашырууга белсенген. Андан бери "Коопсуз шаардын" айланасында тендерге байланышкан соттошуу тыйылбай, долбоордун багы ачылбай келген.

2017-жылы апрель айында кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын жарыялап, анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыраарын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG