Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:34

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге кол койду. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаар жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулат.

“Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кыргыз өкмөтү менен кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы 11-январда кол койду. Келишимге ылайык, кытайлык компания Бишкек менен Ош шаарына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жолдоруна жана "Манас" аэропортуна кетчү жолго көзөмөл камераларын орнотууга, аларды техникалык жактан тейлөөгө 60 миллион долларлык инвестиция жумшайт. Ал эми долбоорду ишке ашырууга Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы жооптуу болот.

Долбоор 1,5 жарым жылда ишке ашырылат. Жумшалган каражатты кыргыз өкмөтү беш жыл ичинде кайтарып бериши керек.

"Huawei Technologies" менен кыргыз өкмөтүнүн атынан келишимге кол койгон Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенкул Момункуловдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, долбоор эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыкты жана жакын арада анын алгачкы жыйынтыктары көрүнө баштайт.

Эсенкул Момункулов.
Эсенкул Момункулов.

- Чындыгында эл аралык эң жакшы тажрыйбаны алып туруп ушундай шарттарды алганга аракет кылдык. Мөөнөтү 1,5 жыл, бирок биз "бир жылда бүтүрүп бергиле" деп суранып жатабыз. Ошого да макул болуп жатышат. Бул кыргыз-кытай мамилесиндеги маанилүү долбоор. Ошондуктан Кытай мамлекети да бул долбоорду колдоп жатат. Бул боюнча өтө көп сүйлөшүү жүргүздүк. Анткени долбоор токтоп калбашы керек.

Момункулов долбоордун алкагында ушул айдын этегинде Ош жана Бишкек шаарында төрт кесилишке жабдуу орнотуларын кошумчалады.

Өкмөт өкүлдөрү бул долбоор жол кырсыктарын алдын алууга, коомдук тартипти сактоого жана терроризм менен күрөшүүгө өбөлгө болорун айтып, анын ийгиликтүү ишке ашарына үмүт артып турат.

"Акылдуу шаар" долбоорун Huawei компаниясы ишке ашырат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

Ишкек ашпай келген “Коопсуз шаар"

"Акылдуу шаар" алты жылдан бери ишке ашпай келген “Коопсуз шаар" долбоорунун ордуна сунуш кылынууда. Негизи кыргыз өкмөтү "Коопсуз шаар" долбоорун 2012-жылы ишке ашырууга белсенген. Анда алгач ирет тендер өтүп, кытайлык "Beijing Construction" аттуу компания утуп алган. Анда долбоор 4 миллиард 505 миллион сомго, башкача айтканда 85 млн долларга бааланган. Тендерди өткөрүүдөгү мыйзам бузуудан улам бул компания менен келишим жокко чыгарылган.

Экинчи тендерде кыргыз-орус "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү болуп аталган. Бул компания долбоорду 62 млн долларга бүткөрмөк. Ал кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев тендер одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн жүйө тутуп, келишимге кол койбой койгон.

Ошондон бери "Коопсуз шаардын" айланасында соттошуулар тыйылбай, долбоордун башы ачылбай келген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөдө жол кырсыктары күч алып, каза болгондордун көбөйгөнү бул маселе утур-утур көтөрүлүп келген эле. Азыркы премьер-министр Сапар Исаков өкмөткө келип жатканда долбоорду ишке ашырууга убада берген.

Эшикте калган экинчи компания

Эми кытайлык компания менен түз келишим түзүлгөнү жатат. Бирок "Huawei Technologies" компаниясы атайын сынактын эмес, түз келишимдин негизинде тандалганы суроо жаратууда.

Маселен, "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга дагы бир кытайлык "Шенжень Топформ" аттуу компания сунуш берген. Өкмөт бул компаниянын өкүлдөрүн ушул аптада Кыргызстанга келип, сүйлөшүү өткөрүүгө чакырганы да маалым болууда.

Аталган компания өз долбоору менен тааныштырууну 12-январга белгилеп, камылга көрүп жаткан. Бирок 11-январда шашылыш түрдө "Huawei Technologies" менен түз келишим түзүлгөнүнө түшүнбөй калышканын "Шенжень Топформдун" Кыргызстандагы башкы өкүлү Токтобүбү Уркалча "Азаттыкка" айтып берди:

Биздин өкүлдөр атайын даярданып, Бишкекке келген. Бирок биздин сунушубузду карабай туруп эле "Huavwei" менен 60 миллион долларга келишим түзүп коюптур.

- Бизди кыргыз өкмөтү "бет ачарыңарды өткөргүлө" деп чакырган. Биздин өкүлдөр атайын даярданып, Бишкекке келген. Бирок биздин сунушубузду карабай туруп эле "Huawei" менен 60 миллион долларга келишим түзүп коюптур. Биз 38-40 миллион доллардын тегерегиндеги долбоорду сунуш кылганбыз. Өкмөт кепилдик берсе өз каражатыбызга камераларды орнотууну пландап жатканбыз. Бирок шашылыш келишимдин түзүлүшүнө түшүнбөй калдык. Ачык-айкын тандалып, сунуштар каралса, жакшы болмок.

Ошол эле кезде келишимге кол коюлары менен социалдык тармактардын колдонуучулары Кыргызстанда "Huawei Technologies" компаниясына байланыштуу чырлуу окуяны эске салышты.

2015-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы бул компаниянын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кеңсесин тинтүүгө алган эле. Анда компания Ошко оптика-волокондук линияларды төшөөнүн баасын негизсиз түрдө кымбат көрсөткөнү айтылган болчу.

Бирок өкмөт сындарды четке кагып, келишим мыйзам чегинде бардык талаптарды аткаруу менен түзүлгөнүн билдирип жатат. Өкмөт өкүлдөрүнүн ишендиришинче, аталган компания мындай долбоорлорду буга чейин Дубайда, Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында да ишке ашырган.

Кандай болгон күндө да аталган долбоор боюнча келишимге кол коюлушу коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Буга чейин программаны талап кылып келген "Жол коопсуздугу" кыймылынын төрайымы Чынара Касмамбетова долбоорду ишке ашыруу маанилүү экенине токтолду:

Чынара Касмамбетова.
Чынара Касмамбетова.

- Бул ишти чоң жылыш катары баалап жатабыз. Анткени буга чейин тендер маселеси абдан создугуп, жыйынтыгы чыкпай келди. Эми болсо өкмөт жоопкерчиликти өзүнө алып жатат. Анын үстүнө долбоордун баасы мурдагылардан арзан экен. Эң негизгиси - долбоор ишке ашып, жол кырсыгын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталганы маанилүү.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган жана анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG