Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Жол кырсыгы: унутта калган жоопкерчилик


Иллюстрация
Иллюстрация

Өткөн бир жума аралыгында эле Кыргызстанда жол кырсыгы отузга чукул адамдын өмүрүн алды.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча жыл башынан бери 4460 жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 600дөн ашкан. Өкмөттүн маалыматы боюнча бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 6,7 пайызга жогору.

Жогорку Кеңештин депутаттары жол кырсыктарындагы адам курмандыктарынын саны согуш алааматындагы кыргынга барабар болуп калганын эскертип, өкмөттү токтоосуз чара көрүүгө чакырышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы тиешелүү бийлик органдары менен биргеликте жол кырсыктарын алдын алуу чаралары иштелип жатканын билдирди.

Үрөй учурган сандар

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков соңку мезгилде катталган жол кырсыктарындагы адам курмандыктарынын саны үрөй учурган чекке жеткенин билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча Коопсуздук кеңешинин, өкмөттүн жана Ички иштер министрлигинин аракеттери ич жылытарлык эмес.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Депутат Рыскелди Момбеков көрсөткүчтөр коркунучтуу чекке жеткен жагдайда ички иштер министри Улан Исраилов менен анын орун басары Данияр Абдыкаров кантип генералдык чиндерди алып жатканына таң калды:

- Согуш жүрүп жаткан Сирияда деле бир күндө ушунча адам өлбөсө керек. Мына азыр согуштан келгендей маалыматтар чыгып жатпайбы. Ички иштер министрлигине ичим жылыбай койду. Реформадан такыр дайын жок. Булар болсо генералдык чиндерди алып жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев иш-мерчемдерин тактап, талап койгон. Премьер-министр Сапар Исаков биринчи эле жумушун жол кырсыктарын алдын алуу маселесин көтөрүүдөн баштаган. Бирок жыйынтык кана? Эки жыл мурда ИИМ жол кайгуул милициясын түзүп, "жол кырсыктары, кылмыштуулук азаят" деген эле. Тескерисинче, эки эсе көбөйүп жатпайбы. Реформа иштеген жок. Демек тескери кеткен. Бирок эч ким жоопкерчилик тарткан жок.

"Айдоочулардын өздөрү күнөөлүү"

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери төрт жарым миңге чукул жол кырсыгы катталып, жол апаатынан 695 адам кайтыш болду. Өкмөттүн маалыматы боюнча катталган жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга көбөйгөн. Өткөн он айдын жыйынтыгы боюнча жараат алгандардын саны 5,8 пайызга жогорулаган.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев жол кырсыктарынын негизги себеби айдоочулардын айыбынан болуп жатканын белгиледи:

- Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, катталган жол кырсыктарынын 87 пайызы айдоочулардын кайдыгер мамилесинен улам болгон. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча маселелер Сапар Жумакадыровичтин жеке көзөмөлүндө турат. Өкмөт бүгүнкү күндө тынымсыз иш алып барууда.

Ички иштер министрлиги жол кырсыктарынын негизги себептери катары жогору ылдамдыкты, спирт ичимдигин ичип алып автоунааны башкаруу жана айдоочулардын кесиптик даярдыгынын төмөндүгүн атаган.

Анткен менен Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков кырсыктардын алдын алып, жол кыймылын тартипке келтирүүдө өкмөттү жана тиешелүү бийлик органдарын жоопкерчиликтүү болууга чакырды:

- Ички иштер министрлиги, Транспорт министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы чогуу отуруп алып, кандайдыр бир сунуш киргизиши керек да. Алардын чечкиндүү кадамдарын качанга чейин күтөбүз? Эгерде союз учурунда мына ушундай жол кырсыктары болуп, андан үч-төрт адам жапа чексе, анда бул маселе бюродо каралып жооптуу кызматкерлерге чара көрүлчү. Бүгүнкү күндө адам өлүмү чымын өлгөндөй эле болуп жатат. Буга биз баарыбыз кайдыгер мамиле кылбай, мына ушул курч маселени колго алып, тезирээк иретке келтирүү керек.

Аш-тойдон ашпаган акча

Өкмөт мындан үч жыл мурда эле "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол кыймылын тартипке келтирүү аракетин көрөрүн жарыялаган. Анын негизинде жолдорго видеобайкагычтар коюлуп, коопсуздук чаралары күчөтүлмөк.

Бирок аталган долбоор белгисиз бир себептер менен ишке ашпай келет. Депутат Дастан Бекешев ал долбоорду каржылоо чыгымдары 2018-жылдын бюджетине да кирбей калганын билдирди.

Дастан Бекешев бюджеттеги башка чыгымдарга каралган акчаны токтоосуз түрдө жол коопсуздугун камсыздоого бөлүүнү сунуштады:

- 2018-жылдын бюджетинде "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видеобайкагычтарды сатып алып, орнотууга акча каралган эмес. Ошол эле кезде оюндарга (Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө) 150 миллион сом бериле турган болсо, 2 миллиард 900 миллион сом капиталдык курулушка каралган. Мына ошолорго кете турган чыгымдарды кыскартса, менимче жол коопсуздугун күчөтүүгө деле акча жетишет. Болгону биз мына ошого артыкчылык беришибиз зарыл. Урматтуу төрага, биз бюджет комитети менен укук тартиби комитетине тапшырма берсек. Бири каражатты тапса, экинчиси бул ишти көзөмөлдөп турушу керек.

Коопсуздук кеңеши быйыл жайында жол коопсуздугуна байланыштуу кырдаалды карап, кечиктирилгис чара көрүү чечимин кабыл алган. Анын негизинде өкмөт жол коопсуздугун жөнгө салуу чараларын ичине камтыган токтом кабыл алган. Анда жол коопсуздугуна байланыштуу жүздөн ашуун иш-чараларды иштеп чыгып, уюштуруу жагы каралган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев маселе каражатка барып такаларын айтты:

- Мына ошол токтомдун ичинде уюштурула турган иш-чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилген. Бул маселе биздин кароодо турат. Мына ошол жол коопсуздугун чыңдоо боюнча бекитилген иш-чаралардын планын карап көрсөңүздөр, кандай иш-аракеттер көрүлүп жатканын билесиздер. Анан эми бул каражат маселеси. Каражат маселесин өкмөт аркылуу чечпесек болбойт. Ал жактан сунуш кирмейинче, бюджетке өзгөртүүлөр кирбейт да.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жол коопсуздугу боюнча аткарган иш-чараларын талкуулап, анын ишине баа берүүнү сунуштап чыгышты. Ошондой эле депутат Дастан Бекешов жол кырсыгына жол берген жосундарга карата кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштыруу демилгесин көтөрдү.

КМШнын статистика комитетинин 2015-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирген.

"Азаттык" радиосунун сурамжылоосу, 9-ноябрь, 2017-жыл

Жол кырсыгын кантип жоебуз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG