Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Айдоочу кыздын айынан беш өмүр кыйылды


Архив
Архив

Чолпон-Ата - Каракол жолунда Тез жардам автоунаасы кырсыкка кабылып, беш киши каза тапты. Тез жардамды сүзгөн машиненин айдоочусу окуя болгон жерден качып кетип, көп өтпөй кармалды.

1-октябрга караган түнү Чолпон-Ата шаардык тез жардам кызматына “Чайка” эс алуу зонасында келиндин толгоосу бышып калганы, ага медициналык жардам керектиги тууралуу коңгуроо түшөт. Жерине барган дарыгерлер толгоо тарткан келинди жана анын бөлөсүн коштоочу кылып салып, Чолпон-Атадагы ооруканага бет алган.

Шаардын кире беришинде Тез жардам автоунаасын катуу ылдамдыкта келаткан "Мерседес-Бенц Е420" үлгүсүндөгү автоунаа капталдан сүзүп, кагылышууда төрт адам жеринде каза тапкан. Алардын экөө Тез жардам кызматынын дарыгерлери болчу.

Ысык-Көл районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Бүбүайым Жээнбаева “Азаттыкка” буларды айтты:

- Каза болгон 59 жаштагы Кожокмат Адыракаев өмүр бою Тез жардам кызматында иштеп келди. 2-октябрда анын сөөгү Бактуу-Долоноту айылында жерге берилди. Ал эми 56 жаштагы фельдшер Марипа Садыбакованын сөөгү 3-октябрда Бостериде жерге берилет. Ал дагы өмүрүн Тез жардам кызматына арнады.

Чолпон-Атадагы кырсыкка кабылган тез жардам унаасы
Чолпон-Атадагы кырсыкка кабылган тез жардам унаасы

Тез жардам автоунаасындагы дагы эки маркумдун сөөгү Түптүн Ак-Булуң айылында жерге берилет. Кайтыш болгон келиндин курсагындагы ымыркай да жарык дүйнөгө келбей кете берди. Ошону менен жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды.

Жибек жигити менен дүкөнгө бараткан...

Жол кырсыгына күнөөлүү деп шектелген айдоочу Жибек аттуу кызды милиция 48 саатка камакка алды. Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдиргендей, 23 жаштагы айдоочу мас абалында болгон.

- Жол кырсыгы болгондо эле Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын 23 жаштагы тургуну кармалган. Алгачкы медициналык экспертиза айдоочу кыз спирт ичимдигин ичип алганын тастыктады. Ал эки суткага убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугун сактабагандык, жол эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Облустук милиция маалымдагандай, "Мерседестин" айдоочусу Жибек ал түнү Чолпон-Атадагы дүкөнгө жигити менен бараткан. Ал "Тез жардам" машинесин ашып өтүүгө аракет кылып, алдынан башка машине келатканын көрүп, чочуп кетип оңго тартып, Тез жардамды жолдон сүрүп чыгарганын милицияга айтып берди. Айдоочу кыздын баш коргоо чарасы 3-октябрда райондук сотто каралат.

Кандуу тилкедеги кырсык

Ысык-Көл районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Бүбүайым Жээнбаеванын айтымында, кырсыктын себептерин иликтөө иштери башталды:

- Бул жер негизи эле кандуу тилке болчу. Себеби ал жак тике дөң болгондуктан алдыда келаткан машине көрүнбөйт. Анын үстүнө азыр Балыкчы-Корумду жолу салынып жаткандыктан жолго шагыл түшүрүлүп, жолдун капталы адыр болуп калды. Учурда биз жол кырсыгын иликтөө боюнча ички буйрукту чыгардык. Ага кошумча тийиштүү орган, министрликтерге кат жөнөтүп жатабыз.

Тез жардам машинеси кырсыкка кабылган учур буга чейин Бишкекте да катталган. 20-сентябрда Арча-Бешиктен келаткан Тез жардамдын алдынан жолбун ит чыгып, айдоочу башкарууну колдон чыгарып, унаа жол четиндеги арыкка ооп кеткен.

Тез жардам унаасы
Тез жардам унаасы

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын Доктурбек аттуу айдоочусу “Азаттыкка” маалымдагандай, өлкөдө айдоочулар жол бошотпогону аз келгенсип, Тез жардамдын айдоочуларынын укуктары да чектелген.

- Бизге сиренаны күйгүзгөнгө тыюу салынган. Эгер сиренабыз иштеп турса да айдоочулар жол бергенге ыңгайлуу болмок. Экинчиден, бизди чакырган жерге ылдам жетиш үчүн кээде жол эрежесин бузууга туура келет. Бирок эгер Тез жардам кызылдан өтүп, кырсыкка учурап калсак, бардык чыгымды айдоочу өзү көтөрөт. Мамлекет эч кандай жардам бербейт. Ошондуктан арабызда машинени сүзүп алып, айлыгынан азыркыга чейин төлөп жаткандар бар.

2017-жылдын үч айында Кыргызстанда 1 169 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 148 адам каза болуп, 1 886 киши жаракат алышкан. Тартип сакчылар кырсыктардын көбүнө айдоочулардын жогорку ылдамдыкта жүргөнү жана жолдун каршы жагына чыгуусу себеп болорун айтышууда.​

Кечиккен тез жардам...
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:52 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG