Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Кан жолдо он адамдын өмүрү кыйылды


Акыркы эки күндө Кыргызстан жол кырсыгында 15 жаранын жоготту. Он адамдын өмүрүн алган кырсык Ош-Бишкек жолунда катталса, башкалаадагы кырсыктан дагы беш киши өмүрү менен кош айтышты.

5-ноябрда таңга маал Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде ("Азия молл" соода борборуна жакын) үч автоунаа кагышкан кырсыктан беш киши каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кара түстөгү «Тойота Кэмри» алдында бараткан «Тойоту Витц» унаасын сүзүп, каршы тилкеге чыгып кеткен да алдыда келе жаткан башка бир «Тойота Кэмри» машинеси менен кагышкан. Сүзүшкөндөн кийин кара түстөгү «Тойота Кэмри» күйүп кеткен.

Ага удаа эле Бишкек-Ош жолунун Таш-Көмүр шаарына жакын жеринде Honda Stepwgn автоунаасы газ ташып бараткан «МАН» үлгүсүндөгү оор машине менен бетме-бет сүзүшүп, он адамдын өмүрү кыйылды.

Жолдо каза болгондордун алтоо Өзгөн шаарынын тургундары болуп чыкты. Өзгөн шаарынын мэри Рахманжан Атажанов алар Орусиянын Самара шаарына иштегени баратышканын билдирди.

- Куштарбек деген бала бензин ташыган машиненин айдоочусу окшойт. Калгандары Өзгөндүн тургундары болуп чыкты. Үчөө азыр такталып жатат. Бирок берки алтоо Өзгөндүн тургундары экени ырасталды. Баары үйлөнгөн-жайланган, бирден-экиден балдары бар экен. "Стептин" айдоочусу мурда автоунаа оңдоп, машина айдап жүргөн жигит экен. Эгер бүгүн үлгүрсөк сөөктү бүгүн эле жерге берели деп турабыз. Анткени дене бузулуп кетиптир. Азыр жайларын даярдатып жатам. Айдоочу менен анын шериги бир туугандардын балдары экен. Экөөнүн тең сөөгү бир үйдөн чыгат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Ош-Бишкек жолунда каза болгон он адамдын бирөө Аксы районунун, алтоо Өзгөн районунун, үчөө Ош облусунун тургундары болуп чыккан. Алардын ичинде алты айлык ымыркай да болгон. Калгандары 20-23 жаштарда болчу. Сегиз адам окуя болгон жерде жан берсе, дагы экөө ооруканада каза тапты.

Өзгөн шаарынын мэри Рахманжан Атажанов ушул кырсыктан улам шаарда атайын акция уюштуруп, каза болгондордун муктаждыгына жараша акча чогултуу, бийликтен айдоочулук күбөлүктү берүү шарттарын катаалдаштыруу, учак билеттеринин баасын арзандатуу өңдүү талаптар менен чыгарын да ойлонуп жатканын билдирди.

- Эртең алардын баары жерге берилгенден кийин ар биринин жашоо шартын изилдеп чыгабыз. Материалдык жардам көрсөтүш керек болсо муну жасайбыз. Акция уюштуруп, элдин көңүлүн маркумдардын артында калган жакындарына бурууга аракет кылабыз. Андан сырткары айдоочулук күбөлүк берүү шарттарын өзгөртүү, балким авиабилеттердин баасын арзандатуу сыяктуу пикирлерди акция аркылуу жеткирүү жолдорун да ойлонуп жатабыз.

Кыргызстандагы жол кырсыктарына бийлик оң рулдуу автоунаа менен адам ташыган айдоочуларды күнөөлөп келет. Бирок бийликтин бул жүйөсүнө кошулбагандар да аз эмес. Маселен Жалал-Абад облусунун тургуну Айдар Белеков оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары рулда телефон карап бараткан учурларын көп байкаганын айтат.

- МАИ кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын эч качан көпкө кармабайт. Айдоочу чуркап түшүп, мурдатан белгилүү болуп калган 50 сом акчаны МАИнын колуна кармата салып, жолун улайт. Ошол эле такси айдап жүргөн айдоочуну токтотуп, бир адам ашыкча салып алыпсың деп машинесин камап, айыппул салып калышат. Бирок оор жүк ташыган унаалардын айдоочулары жолдо рулда телефонду карап же сүйлөшүп баратканын, жолдун ортосуна чыгып алганын, алдында оор машине жай баратса арттагысы тар жолдо карама-каршы багытка озуп чыкканын көп көрөм. Такси айдоочулар гана эмес, оор машине айдагандар деле айдоочулук күбөлүктү сатып алып жатышканы белгилүү. Айып машинеде эмес, айдоочуларда болуп жатпайбы.

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

Журналист Азамат Абсаттаров Ош – Бишкек жолунда кырсыктан курман болгон окуялар тууралуу күн сайын маалымат жазууга туура келип жатканын билдирди. Анын пикиринде Ош-Бишкек жолундагы кырсыктардын көптүгүнө учактардын жол киреси жасалма кымбаттаганы себеп болуп жатат.

- Учактын жол киресинин кымбаттыгынан адамдар шарты катаал Ош-Бишкек жолуна таксиге чыкканга аргасыз болуп жатышат. Эртең мына кыш келет. Кышта кар көчкү, жол тайгак, тыгындар болот. Эл дагы кыйналат. Ошондой болсо дагы адамдар учак менен кете албай жатышпайбы. Учактардын жол киреси 4.5 миң сомго чейин жетет. Ошого адамдар жанын оозуна тиштеп, өмүрүн тобокелге салып жолго чыгышат. Ош-Бишкек жолуна чыккан адамдардын жүрөк үшү качып калган. Акчасы жок, айласы жок. Өлүм өтө көп. Ош-Бишкек жолунда мүрт кеткендердин каны ошол учактардын жол киресин жасалма кымбаттатып жаткан беш-алты аткаминердин мойнунда деп билем.

Адистердин айтымында, Ош-Бишкек, Ош-Эркештам каттамдары эң кооптуу, шарты катаал жолдор деп эсептелет. Бирок ал жолдордогу кыймылды көзөмөлдөөгө МАИ кызматкерлери аз санда коюлган деген ойлор да айтылып келет.

Бишкек-Ош автожолунун 457-чакырымында, Таш-Көмүр шаарынын тушунда болгон кырсыктан каза тапкандардын тизмеси такталды. Алардын аты-жөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялады:

1. Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну Камалдин Кадыржанов;

2. Ош облусунун Өзгөн районунун 29 жаштагы тургуну Фахриддин Каманинович Абдувалиев;

3. Ош облусунун Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Хусниддин Жамалинович Абдувалиев;

4. Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну Кадыржан Адылисанович Навижанов;

5. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аксы айылынын 40 жаштагы тургуну Куштарбек Өзбекович Шабданов;

6. Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну Барнохан Жатамжановна Аширова;

7. Ош облусунун Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Акмолжан Махмуджанович Разакулов;

8. 22 жаштагы Расулжан кызы Наврузхан, калган маалымат такталууда;

9. 23 жаштагы Кадыржан Абдыкалыкович Мамаджанов, калган маалымат такталууда;

10. Бир жарандын өздүгү такталууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG