Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:32

Изат Рашит кызынын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Мекенине кусалыгы арткан ар бир кыргыз катары мен да ар күн кабар окуу үчүн интернетке баш багам. Мени өкүндүргөнү - көңүлдү чөгөргөн кабарлардын көптүгү. Жыл жаныргандан бери эле канчалаган адамдардын өмүрүн соолуткан жол кырсыктарына интернет кабарларынан күбө болдук.

Бул маселе да кичине көрүнгөнү менен канчалаган кырчын өмүрлөр көксөгөн жерине жетпей, ара жолдо жандары көккө учуп жатат. Буга ким жооп берет? Качанкыга чейин кырсык деп кол куушуруп отура беребиз?! Сактансаң сактаармын дейт го. Бул маселе биздин аткаминерлерди, бийликти кызыктырабы? Жок! Кызыктырган болсо кандайдыр бир чара көрүлүп, реформалар жүргүзүлөт эле го!

Статистикага таянсак, 2017-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1169 жол кырсыгы катталган. Жыйынтыгында 148 адам каза болсо, 1686 адам оор жаракат алышкан. Ал эми 2016-жылы алгачкы үч айда 187 адам жол кырсыгынан көз жумган. Быйылкы жылдын көрсөткүчү азайганы менен 6 млн калкы бар Кыргызстан үчүн чоң көрсөткүч. Бекеринен дүйнөдөгү жол кырсыгы эң көп катталган 53 өлкөнүн катарына кирбесек керек. Баса белгилеп айта турчу нерсе бул жол кырсыктары аймактар аралык жүргүнчүлөрдү жеткирүү кызматтарында көп катталган.

Жол көзөмөлдөөнү колго алган Ички иштер министирлигинин патрулдук милиция башкы башкармалыгы жооп катары баары айдоочулардын жол эрежесин сактабай жаткандыгынын кесепети деп келет. Ал эми жол эрежесин бузган айдоочуларды инспекторлорубуз пара алып кое берип жибергенине күбө болуп келебиз.

10 миң сомго айдоочулук күбөлүктү сатып алып, жеке унаасы менен мамлекетке салык төлөбөстөн өз камынын айласына иштеп жүргөн ишкерлерди эмне үчүн көзөмөл кылышпайт? Ошону менен эле жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна, өмүрүнө кайдыгер карап жаткандарын билишеби?

Ойлонуп отурсаң бир нече суроолор жоопсуз кала берет?!

Бүгүнкү күндө Түркия мамлекетинде жүрүп көптөгөн жакшы саамалыктарга көзүм түштү. Кээде кыялдана бир күнү бизде да бул деңгээл келээр деп кала берем. Албетте окуп жатып Кыргызстан менен Түркияны салыштырган байкуш да дээрсиз. Бирок аракет кылган коңшубуз Казакстандан 15-20 жылга артта калганыбызды тана албайбыз.

Түркияда калктын муктаждыктарын жоюу, тейлөө, камсыз кылуу бир калыпка салынган жана да өз иштерин жоопкерчиликтүү аткарышат.

Бул жакта калкты аймактар аралык жеткирүү, ташуу бир нече багытта жүргүзүлөт:

1) Учак

2) Кеме

3) Метролук же темир жол

4) Автобус.

Биздикинен айырмаланып бул жакта автовокзалдан колуңдан баштыгыңды жулуп "мага түш, жеткирем" деген аймактар аралык таксисттерди көрбөйсүң.

КРда толук мүмкүн болгон автобустар аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу системасы жөнүндө сөз кылгым келип турат. Ооба, бизде жок эмес, бар. Түнкү автобустар, маршруттук таксисттер. Бирок алардын шарттары талапка жооп береби? Жок! Кыйчылдаган орундуктар, кой жыттанган салон, аралаш отурган жүргүнчүлөр (арасында ичкилик ичкендери да бар), орой айдоочулар.

Буларды көрөсүң да өмүрүңдү тобокелге салып, 50-100 сомго кымбат болсо да шуулдата айдаган кичи автоунаалык таксисттерге отуруп сапарга жөнөйсүң.

Түркиянын автобустук жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы мени кайдыгер калтырган жок. Эгер бул система бизде да ишке ашса, жол кырсыктары азайып, казынабызга да бир аз пайдасы түшүп, эң негизгиси болгон калкыбыздын жука капчыгына да тыгынчык болобу деген ой.

Бул жакта төмөндөгүдөй тартипте иштер жүргүзүлөт:

*Kamilkog, Ulusoy, Metro сыяктуу ири, мамлекеттин текшерүүсүнөн өтүп, кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алган фирмалар жүргүнчүлөрдү ташыйт

* Күндүн каалаган саатыңда багыт ала турган жерине автобуска отура аласын,

* Билетти интернеттен, фирма дүкөндөрүнөн, автовокзалдан алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Билетти 20-50 сомго кымбат сатмак жок. Фирмалар койгон тарифтик баада сатылат. Ошондой эле билет менен гана жолго чыга аласың.

*Билетиңизди алып автобуска келсеңиз таза тыкан кийинген салондун эки айдоочусу, бир кызмат көрсөтүүчү адам жылмайып тосуп алат, мамилелери сылык.

* Тек жана жуп орундуктар бар. Өз тандооңуз менен орундукту белгилейсиз. Ошондой эле аял-эркекти аралаштырып отургузуу деген жок. Эгер жолдошуң, тууганың же таанышың болгон учурда гана мүмкүн.

* Балалуу жүргүнчүлөргө унаанын артынан атайын орундуктар каралган.

* Ичкилик ичип алып жолго чыгууга тыюу салынган, себеби жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратышы толук мүмкүн.

*Колуңдагы жугунду багаж да алмашып кетет деп эч коркпойсуң, себеби орундугуңдун сандык белгиси жазылган белги жүгүңө байланып купону берилет.

* Белгиленген саатта ордунан жылат да сапар алган жерине убактысында жеткирет.

* Сапар башталганда кайсыл жерден калаарыңды белгилеп алышат, уктап калып өтүп кетүү коркунучу жок.

* Жолдун узак же жакындыгына карабастан үч саатта бир чай, кофе, суусундуктар, таттуулар берилет. Ошондой эле каалаган учурунда суу алып иче аласың.

* Сапар алган автобустарда бош эки орундук калтырылат, себеби жолдон түшчү жүргүнчүлөрдүн жанында билет алынбаган балдары да болушу толук мүмкүн.

* Автоунаалар жаңы болгондуктан орто жолдо бузулуп ыңгайсыздык жаратпайт.

Эгер бизде да жеке таксисттердин тейлөөсүнө чектөө коюлуп же жалпыга ыңгайлуу реформа жасалып, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, лицензиялашса, жол кырсыктары азайып, казынабыз өсүп, капчыгыбыз ордунда калар беле деп ойлойм.

Эң негизгиси шалаакылыктан кыйылып жаткан өмүрлөрдү сактап калалы, бактылуу жашоого жол ачалы. Ушул сыяктуу реформалар аркылуу казынанын өсүшүнө чара көрүлсө. Качанкыга чейин башка мамлекеттерден карыз сурап күн көрөбүз?

Изат Рашит кызы

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG