Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Жөнөкөй жана сабырдуу бололучу


Раиса Ахмедова.
Раиса Ахмедова.

Раиса Ахмедованын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Ассалому алейкум! Мен Түркияда Газиантеп шаарында укук таануу (юридика) багытында 2-курста окуйм. Азыр Малайзиянын Кедах провинциясында эки айлык TALC 2017 (Turgev and Albukhary Intenational University, Language and Culture camp) программасы менен жүрөм.

Сиздер жарыялаган конкурс жөнүндө кеч угуп калдым. Бирок ичимде чын дилимден кыргыз элиме жеткирейин деген нерселерим көп. Малайзияга келип, бул жактагы элдин жөнөкөйлүгүн жана сабырдуулугун көрүп аябай таң калдым. Кээде жинденип, кээде суктанып жаттым.

Малайзиялыктар менен.
Малайзиялыктар менен.

Малайзия биздин өлкөдөн өнүгүү багытында алдыда. Бирок бир малай жараны менен кыргыз жаранын салыштырганда малай жараны кыйла жөнөкөй. Сабырдуулугунан кеп салсам, өз башымдан өткөн окуяны айтып берейин...

Бир күнү досумдун ден соолугу жакшы болбой, ооруканага барууга мажбур болдук. Абалы аябай эле оор болчу, бирок ооруканада күтүп турган адамдар көп эле. Биз келгенде тогуз адамдан кийин киресиңер дешти. Ар бир бейтап 30-35 мүнөт көрүнүп чыгып жаткан. Бирок биз бейтаптардан сурандык, абалы оор болгонун, дарыгерге муктаж экенин айттык. "Биз да көптөн бери күтүп турабыз" деген сөздү угам го деп ойлонуп турганда тогуз адамдын баары макул болду.

Оорукана тыптынч. Баары өз нугунда. Мен сенден мурда, сен менден кийин деген нерсе жок.

Таң калдым, өлкөнүн башкаруу системасы, укугу (юридика) аябай аралаш. Федерация, султандык... Светтик жана ислам... Чиркөөнү да, мечитти да, табынчу жерлерди да көрөсүң.

Малай бар, кытай бар, индус бар. Бирок негедир баары тынчтыкта, сый-урмат менен жашашат! Жакшы жамандын баары адамдын пейилинен деп ойлогон адам катары жөнөкөйлүк, сабырдуулук жана эң негизгиси адамгерчилик сапаттарын аябай баалайм. Алакандай болгон алтын элимди ушуга чакырам.

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG