Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Жүз сунуш: Желим баштыктардан арылуу керек


Чүйдөгү талааларда жаткан желим идиштер.
Чүйдөгү талааларда жаткан желим идиштер.

АКШда жашаган Камит Савай "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына экология боюнча сунушун жазды.

Өткөндө Ысык-Көл тарапка баратып шаардан чыкканда эгин талааларды самсаалап аппак болуп желим (полиэтилен) баштыктар басып жатканын көрүп, капа болдум. Алардан бөлүнүп чыккан уу ошол эле топуракка сиңет, сууга кошулат. Анан өзүбүздүн эле ден соолугубуз жабыркайт.

Окумуштуулардын эсептөөсүндө, желим баштык менен бөтөлкөлөр төрт жүз жыл дегенде араң жоголот экен.

Желим көйгөйү бизде эле бар десем жаңылыштык болор. Бир жылда дүйнөдө миллиондон ашык жаныбар желим баштыктарды жеп алып өлөт экен.

Желимден жасалган буюмдар дүйнөдөгү таштандылардын 40% ашыгын ээлейт.

Дүйнөдө 40тан ашык өлкөдө желим баштыктарды колдонууга чектөөлөр киргизилген. Мисалы, Руандада 2008-жылы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган. Азыр Руанда Африкада эле эмес, дүйнөдөгү эң таза өлкөлөрдүн бири.

АКШда, биз жашаган шаарда магазиндерде көбүнчө кагаз баштыктарды колдонулат. Эми биологиялык заттарга бөлүнүп, жок боло турган экологиялык баштыктар да колдонула баштады.

дүкөндөгү кагаз баштыктар
дүкөндөгү кагаз баштыктар

Анан желим баштыктарды көчө, талааларга эч качан таштабайт.

Кыргызстанда кайда барбайлы пластик пакеттерди колдонобуз. Магазин, базарларда, бүт эле нерселерди ошону менен ташыйбыз. Тойлордо да толгон пакет, жаратылышка чыксак деле пакеттер.

Кыргызстанда биз канча жерлерибизди, сууларыбызды уулантып желим баштыктарды таштап жатабыз. Биздин балдарыбызга керемет жаратылышыбызды, талааларыбызды таза калтырып кетпейлиби?

Мектеп, окуу жайларда, телевидение, интернет аркылуу да желим баштыктардын зыяны, аларды көрүнгөн жерге таштабоого үгүттөө иштерин жүргүзүшүбүз абзел.

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө тез арада киргизүү зарыл. Анан желим баштыктарды таштанды кылып көрүнгөн жерге таштагандарга катуу чаралар көрүлүп, жоопкерчиликке тартуу да керек.

Пластик ордуна кагаз же башка экологиялык баштыктарды колдонууну тез арада жайылтуу зарыл. Бул эми өтө кымбат болбосо керек. Бирок элдин, жердин саламаттыгы үчүн эбегейсиз пайда болуп атпайбы.

Эгерде биз ушул маселеге азыр көңүл бурбасак кийин кеч болуп калат.

Камит Савай, АКШ

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG