Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Маданияттуулук - улуттун жүзү


Китеп окуган адам. Санкт-Петербург (Дастан Уметтегин тарткан сүрөт)
Китеп окуган адам. Санкт-Петербург (Дастан Уметтегин тарткан сүрөт)

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендешибиз Асел Молдоболотованын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жиберген блогу.

Үй-бүлөбүз менен Санкт-Петербург шаарына келгенибизге быйыл тогуз жылдын жүзү болду. Алгач көнө албай жүрдүк. Азыр Кыргызстанга барганда туугандар менен көрүшүп, сагыныч таркагандан кийин эле Питерге батыраак кетсек экен деп калдык.

Орусиядагы маданияттын очогу болгон Санкт-Петербург шаарынан Кыргызстанга сабак болчу, өрнөк болчу нерселер өтө эле көп десем жаңылышпайм.

Мисалы, Кыргызстанга барганда мен коомдук транспортто отургандар арасынан колуна китеп кармаган, китеп окуган бир дагы адамды көргөн жокмун.

Ал эми Питерде метролордо болсун, троллейбус, автобустарда болсун китеп окуп отурган жүргүнчүнү көп кезиктиресиң. Окуп көнгөн улуу муундагы адамдар гана эмес, жаш кыз-жигиттерден өйдө китепке үңүлөт.

Метродо китеп окуп бараткан бала.
Метродо китеп окуп бараткан бала.

Алардан үлгү алып, акыркы мезгилдерде биз дагы (жолдошум экөөбүз) колубузга китеп алып окуп калчу болдук. Жакында эле бир аксакал менен жанаша отуруп калдым. Колумда Исай Калашниковдун кыргыз тилинде чыккан «Каар заман» романы бар эле. Аксакал ал китептин аталышына кызыгып, орусча кантип которуларын сурады.

"Жестокий век" дедим. - Мен окуган чыгарма турбайбы, - деп улутумду, каяктан келгенимди, ким болуп иштеримди, адистигимди айтор бардыгын зерикпей сурап алды. Анан "Сендей болуп китеп окуган мигрантты биринчи жолу жолуктуруп жатам" деп мага ийгилик каалап, өз аялдамасына жеткенде түшүп кетти.

Метродо китепке үңүлгөн адамдар.
Метродо китепке үңүлгөн адамдар.

Питерде биз үчүн таңкалычтуу, ошол эле маалда үлгү болчу дагы бир көрүнүш бар.

Шаар тургундары маршрутка же автобуска түшүү үчүн кезекке турат. Кыргызстандагыдай болуп жөөлөшүп, түртүшмөй деген жок. Кезекке дагы "Ким акыркы?" деп сурагандан кийин гана турушат. Анан дагы Питерден «Будьте добры, будьте любезны» деген сөздөрдү көп угасың. Мындай сылык кайрылуу албетте жүрөктү кубантат жана Санкт-Петербург шаарындагы жашоочулардын маданияттуу экенин айгинелеп турат.

Маршруттук таксиге түшүү үчүн кезек күткөн адамдар.
Маршруттук таксиге түшүү үчүн кезек күткөн адамдар.

Буларды көргөндө биздин мигранттар оор жумушта иштеп, тапкан айлыгын үйүнө жөнөтүү менен, күнүмдүк жашоону өткөрүү менен гана чектелбей, интелигенттүү элдин мыкты сапаттарын, маданиятын, окумалдыгын кошо сиңирип, сүйүктүү Мекенибизге ала кетсе деп ойлойсуң.

(Макаланын ичиндеги сүрөттөр автордуку)

Асел Молдоболотова, Санкт-Петербург

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG