Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

100 СУНУШ: Окурмандар үчүн "Журтташтардан жүз сунуш" сынагы


“Азаттык” үналгысы чет жактарда жашаган журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт!

Урматтуу окурман жана көрөрман!

Сиз өзүңүз жашаган өлкөдөн Кыргызстанга өрнөк, сабак болчу кандайдыр бир көрүнүштү, кызыктуу мисалды же саамалыкты көрсөңүз, анда аны баяндап, бизге сүрөт, видео же текст түрүндө жөнөтсөңүз болот.

“Азаттык” бала-бакча, мектеп, транспорт, калкты тейлөө, бизнес, деги эле элдин жашоо-турмушуна оң таасир этчү бардык сунуштарды күтөт.

Мыкты материалдар биздин радио, телеберүүлөр аркылуу калың журтка жайылтылат.

Сынакка материалдар 10-майдан 31-августка чейин кабыл алынат.

Материалдарды кыргыз жана орус тилдеринде жиберсе болот.

Жеңүүчүлөр “Азаттык” үналгысынын баалуу белектери менен сыйланат.

Мыкты авторлор менен туруктуу кызматташуу жагы каралат.

Эскертүү: видеолор H264-MP4 720 P форматында кабыл алынат.

Сынакка материалдарды webeditor@rferl.org электрондук дарегине жибериңиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG